МАЙЛУУ-СУУДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ: ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУП ЖАТАТ

  • 17.01.2023
  • 0

Майлуу-Суу шаарында суу тоңуп, жылытуу системасы бузулганына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жети мектеп онлайн форматына өткөрүлүп, жети бала бакча убактылуу ишин токтотту.  

МАЙЛУУ-СУУДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ: ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУП ЖАТАТ

Шаардагы №3 мектептин директору Ажимбетова Багдаттын айтымына караганда, окуучулар менен мугалимдер үчүн онлайн форматта билим алуу чоң кыйынчылыкты жаратпайт:

«Баарыбызга белгилүү болгондой, таажы илдети жайылган мезгилде билим берүү жаатында онлайн окутуу болгон. Ошондон кийин окуучулар да, ата-энелер да онлайн окутууга көнүп калышкан экен. Азыркы мезгилдеги кырдаалга байланыштуу онлайн окутуу кыйынчылык деле жараткан жок.  Албетте, салттуу окууга эмне жетсин!? Мугалимдер кадимкидей мектепке келип онлайн сабак өтүп жатышат. Себеби бардык иш-кагаздары, көрсөтмө куралдары мектепте жайгашкандыктан, мугалимдер үчүн ыңгайлуу.  Муглаимдер үчүн атайын үч-төрт кабинетти электр жылыткычтары менен жылытып бердик.  Биздин мектепте даярдоо класстарын кошкондо жалпы 390 окуучу билим алат. Окуучулар тапшырмаларды үйлөрүнөн аткарып, уюлдук телефон аркылуу мугалимдерге жөнөтүп жатышат. Алардын сабакка катышуусу жакшы деп баса белгилеп айта алам»,-деди директор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда №1 отказан иштей баштаганын, 600 абонентке жылуулук берилгендигин жана  жергиликтүү элге суу ташып жеткирилип жатканын билдирүүдө.

Ошондой эле арык казылып, Майлуу-Суу дарыясынан “Майлуу-Суу” лампа заводунун көлмөсүнө суу келип, көлөмү көбөйдү.

Соңку күндөрдөгү катуу сууктан Майлуу-Суу шаарына сайдан келген суу тоңуп, жергиликтүү элде суу көйгөйү жаралган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, шаарды жылуулук менен камсыздаган отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. 2023-жылдын 13-январында мэр шаар аймагына “Өзгөчө кырдаал” режимин жарыялаган.

МАЙЛУУ-СУУДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ: ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУП ЖАТАТ

Нурсейит Медетбек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер