Мамлекеттик тил: талап жана көзөмөл

  • 22.02.2024
  • 0

Учур маселеси

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайына тапшыра турган бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик тилден милдеттүү тест сынагын киргизди. Ошондой эле жаңы окуу жылында мектептерде кыргыз тилдүү класстарды көбөйтүп, жеке менчик мектептердеги мамлекеттик тилдин окутулушун көзөмөлгө алат.

Мамлекеттик тил: талап жана көзөмөлБул багытта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңеште баяндама жасап, быйыл кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин киргизилген себебин бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо максаты экенин түшүндүрдү.

Министрдин айтымында, быйылкы сынактын жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт.

«Мындан чочулоонун кереги жок. Билим берүү жана илим министрлигинин кабыл алынган буйругунда бардык көчүрүү жана кабыл алуу экзамендери милдеттүү түрдө кыргыз тилинде өтсүн деп айтылган, бирок быйыл биз аны сынак иретинде өткөрөбүз. Мында быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алдык. Эгер милдеттүү түрдө тапшырасыңар деген талапты койсок, миңдеген абитуриент  окууга тапшыруу укугунан ажырап калмак. Биз быйыл тест аркылуу жалпы анализ жүргүзүп, ошол эле учурда келерки жылкы бүтүрүүчүлөргө маалымдап, кулак-кагыш кылып жатабыз. Биринчи этап менен абитуриенттерди бир нукка салып алсак, экинчи этап менен ар бир мектепте 50-60 пайыз параллель кыргыз класстарын ачууну максат койдук. Ошондой эле бала бакча дагы кыргыз тилине өтөт. Үчүнчү буйругубуз учурда даярдалып жатат, анда жеке менчик жана тармактык билим берүү мекемелеринин бардыгында, менчик түрүнө карабай, кыргыз тили боюнча базистик окуу пландын, стандарттын аткарылышы көзөмөлдөнүп, мониторинг жасалат. Быйыл биз мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Ал эми келерки жылдан тарта бүтүрүү, кабыл алуу, көчүрүү экзамендери милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлөт», – деди ал.

Министрлик талапты гана койбостон, жаңы багыттагы окуу китептерин чыгарып, базистик окуу планын кайра даярдап, айрым мектептерде чет тилдерде окутууну кыскартып, окууну кыргыз тилинде жүргүзүүнү күчөтөт.

Мындан сырткары, борбор калаада орус тилдүү мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстардын саны жылдан-жылга көбөйтүлөт.

Мамлекеттик тил: талап жана көзөмөлБул иш канчалык деңгээлде аткарылып жатканын билүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине кайрылганыбызда, мекеменин директору Рахат Мусаева маселе акырындык менен чечилип жатканын, 2024-2025-жаңы окуу жылында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде жана бала бакчаларда кыргыз класстарынын санын көбөйтүү шарты коюлуп, ал ишке ашырылганын айтты.

– Биздин карамагыбызда 103 мектеп бар, анын 13ү  окутууну орус тилинде жүргүзөт, 14 мектеп – кыргыз тилинде, 76 мектеп эки тилде аралаш иш алып барат. Бул 13 мектепте бир дагы кыргыз классы жок болчу. Директорлор менен жыйналыш өткөрүп, протоколдук тапшырма берип, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып быйылкы окуу жылында үч мектепте кыргыз классын ачканга жетиштик. Келерки окуу жылына дагы тапшырмаларды дайындап, мугалим же китеп жок деген шылтоону укпайлы, азыртан даярдангыла деп убакыт бердик. Буюрса, 2024-2025-окуу жылында кыргыз класстарынын санын 50 пайызга жеткирели деген планыбыз бар, – деди жетекчи.

Орус тилдүү мектептерде кыргыз класстарын ачуу демилгесин ата-энелер да колдоп жатышат. Бирок баары ойлоп жүргөндөй окутуу орус тилинде жүрүп келген 2-11-класстардын окуучуларын мажбурлап кыргыз класска отургуза албайбыз, бул, биринчиден, балага гана кыйын болот.

– Мисалы, быйыл биринчи класстан баштасак, эмдиги жылы бул класс экинчи класс болуп калат, ошентип отуруп акырындан көбөйө берет. Быйыл 50 пайыздык чен койсок, эмдиги жылы, балким, 60-70 пайызга чыгарабыз. Дароо эле окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин жарымын кыргыз класс кылып ачып салабыз деп айта албайм. Себеби окуучулар буга чейин орус  класста билим алып, аң-сезими, ойлоосу, кабыл алуусу, тили орусча калыптанып калган балдарды орто жолдон мажбурлап кыргыз класска которуу туура эмес болуп калат, – деди Рахат Ишенбековна.

Директор эне тилге болгон мамиле бала бакчадан башталарын, алар көп тилдүү билим берүү программасы менен иш алып барганына карабастан, бала бакчаларга наристе тайпасына балдарды кабыл алууда  жарымы кыргыз тилде болушу керек деген талап койгонун билдирди. Учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте орус класстарда сабак берген мугалимдерди жана тарбиячыларды кесибин жогорулаткан 48 сааттык окуудан өткөрүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

И.В. Гёте атындагы №23 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Аэлита Жолчиева 2023-2024-окуу жылында жалпысынан төрт класс-комплект ачылып, бир класс кыргыз тилинде, үч класс орус тилинде окутулат деп билдирди.

–  Биздин мектепте буга чейинки кыргыз классын ачуу аракеттери иш жүзүнө ашпай келген. Себеби кыргыз тилинде окуткусу келген ата-энелер аз болуп, класс-комплект толбой калчу. Быйыл андай учур катталган жок. Тескерисинче, “кыргыз класс бар экенин билбей калдык, билсек силерге келмекпиз” деген башка жакын жайгашкан мектептердин ата-энелери кездешип, өкүнүп калганын байкадык. Квота боюнча берилген 30 орун толду. Окуткан мугалимибиз тажрыйбалуу, өз ишин мыкты өздөштүргөн адис. Класс ар кандай иш-чараларга катышып, балдар кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Келерки окуу жылында да көбөйтүү планыбызда бар. Себеби талап ата-энелер тарабынан да, министрликтен да бар. Жалпысынан төрт класс комплект ачылат, ошонун эки классын кыргыз тилинде окутабыз, – деди Аэлита Алибековна.

Директор бул мектепте буга чейин кыргыз классы жок болгондугуна байланыштуу окуу китептери бир аз көйгөй жаратканын кошумчалады.

Төмөндө кыргыз тилдүү класстардын санын көбөйтүү тапшырмасы канчалык деңгээлде ишке ашканын инфографика аркылуу бергенге аракет кылдык. Инфографикага 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки маалыматтар камтылды. Анда мектепте жана бала бакчадагы кыргыз класстарын жана тайпаларын ачууда өсүш бар экенин байкоого болот. Мамлекеттик тил: талап жана көзөмөл

Учурда Бишкек шаарын жана Чүй облусун бириктиргенде кыргыз тилинде окуткан 43 мектеп, 4811 класс-комплект бар. Ошондой эле 35 бала бакча, 354 кыргыз тилдүү тайпа бар.

Мамлекеттик тил: талап жана көзөмөл

 

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер