БАЛА БАКЧА КУРУУГА ЖАНА ОҢДООГО ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАР

  • 29.05.2024
  • 0

Мамлекет бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыяларды берет. КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы буга тиешелүү КР Министрлер Кабинетинин Токтому чыккандыгын билдирди.

БАЛА БАКЧА КУРУУГА ЖАНА ОҢДООГО ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАР

Ал Токтомго ылайык долбоордун жаңы редакциясы бекитилди. Эми долбоорду каржылоо булагы катары Кыргыз Республикасынын 2024-2025 жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджети, “РСК Банк”, “Айыл Банк”, “Керемет Банк” ачык акционердик коомдорунун каражаттары көрсөтүлгөн.

Долбоорд 2024-жылдын январынан тартып 60 айдын ичинде ишке ашырылат.

Ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга берилүүчү насыялардын суммасы жана мөөнөтү төмөндөгүдөй:

1) 60 айлык мөөнөткө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн сомго чейинки суммада;

2) 60 айлык мөөнөткө капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн сомго чейинки суммада;

3) 36 айлык мөөнөткө негизги каражаттарын сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн сомго чейинки суммада болот.

Белгиленген пайыздык ставкасы 10% түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймактарында мектепке чейинки билим берүү уюмдары курула турган жер тилкелер тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №415 токтому менен бекитилген.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер