КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ БЕКЕМДЕЛЕТ

  • 02.04.2024
  • 0

Россиянын Пятигорск шаарында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов башталгыч, орто кесиптик билим берүү жана окутуу системасын өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол койду. Бул документ “ПРОдиалог” семинарынын алкагында ишке ашты. Семинарга Кыргызстандан министр жетектеген делегация, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Мамлекеттик Думанын агартуу комитетинин төрагасы Ольга Казакова катышты.

Анда Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн трансформациялоо программасы жөнүндө баяндама жасап, программа билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганын, анын ичинде 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү дүйнөнүн 150 өлкөсүнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ачарын белгиледи.

Министр ошондой эле “Сколково” инновациялык борбору жана “Сбербанк” билим берүү программалары сыяктуу алдыңкы долбоорлорду Кыргызстанда адаптациялоо тууралуу кызыкдар экенин билдирди.

Үч күнгө созулган семинардын жүрүшүндө Пятигорск шаарындагы орто мектептерде, бала бакчаларда, орто кесиптик окуу жайларда болуп, эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол карта түзүлдү.

Делегациянын мүчөсү Алмазбек Токтомаметовдун айтымында, Жол карта Кыргызстанда россиялык билим берүү уюмдарынын филиалдарын ачуу, Россияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын россиялык иш берүүчүлөрдүн квалификациялык талаптарына ылайык окууга жиберүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы сыяктуу иш-чараларды камтыйт.

“Россия Федерациясынын билим берүү жаатындагы саясаты, педагогдор үчүн бардык класстар, бардык предметтер боюнча базалык санариптик платформа түзүү тажрыйбасы, тарбия жаатындагы аракеттери кызыгууну жаратты. Семинарда кызыктуу баяндамаларды уктук, Россия тарап билим берүү жаатындагы саясатка, идеологияга, тарых, тарбия маселелерине олуттуу көңүл бурган болсо, Кыргызстан тарап билим берүү системасын, анын мазмунун өзгөртүү, педагогдордун дараметин арттыруу, кошумча билим берүү маселелерине басым жасады”, – деп билдирди А. Токтомаметов.

Жолугушуунун алкагында кызматташуу боюнча алдыдагы пландар, жол картанын негизги багыттары талкууланды.

Эльвира Какиева 

Бөлүшүү

Комментарийлер