КЫРГЫЗДЫН ЖАН-ДҮЙНӨСҮ

  • 26.12.2017
  • 0

Сабыр Иптаров

КЫРГЫЗДЫН ЖАН-ДҮЙНӨСҮ

Кыргыздын булагы – Билим, чырагы – Илим

 

Илим-билим – таанып-билүүнүн тамырлаш эки салаасы. Бири жаңы маалыматты жаратуу ыкмасын билдирсе, экинчиси ошол маалыматтын натыйжасын туюнтат.

Адатта бул түшүнүктөрдү араб тилинен кирген сөздөр катары кабылдап келебиз. Акыйкатта алар эне тилибиздеги «бил», «ил» деген этиш сөздөрдөн -ым мүчөсү аркылуу жасалган эле зат атооч сөздөр: ал+ым, сал+ым ж. б. сыяктуу. Кыргыз тили улама (агглютинативдүү) тил катары уңгуга мүчө уланып, жаңы сөздөр жасалуучу касиетке ээ. Мисалы, «бил» деген уңгу сөздөн жасалган түшүнүктөрдүн баарына аң (акыл) күчү (когнитивдүүлүк), ал эми «ил» деген сөздөн жасалгандардын баарына сезим күчү (креативдүүлүк) мүнөздүү. Булардын биримдигинен адамдын жаңы сапаты – аң-сезим жаралат.

Таанып-билүү табиятынын мындай ачакей амалын элибиз эзелтен эле баамдап билген. «Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат», «Акыл – тозбогон тон, билим – түгөнбөгөн кен», «Илим – ийне менен кудук казгандай», «Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой баптанба» деп алардын ар биринин табиятын таасын аныктаган. Бул «Манастагы» Алмамбеттин образында айкын ачылган. Ал – илимдүү инсан. Ажыдаардан билим алабыз деп окууга кирген токсон баланын тогузу эле араң бүтүп чыгат. Алар табияттын тилин билип чыгышат.

Асыресе, азыр деле илим-билимдин баркы басаңдап кеткен жок. Анын пайдубалын түптөгөн мектепте көбүнчө билим эле берилип, илимдин алдыңкы кыйырынан балдарыбыз алыс калып жаткандыгы өкүнүчтүү. Алардын колунда билимин аныктаган кагазы болгон менен ал анчалык чындыкка шайкеш келбейт. Көбү чала сабат деңгээлинде эле калып жатат. Чынында адам көп эле нерсени билет, бирок билгенинин ичинен анын төркүнүн, бөтөнчөлүгүн, ички байланыштарын илип алганы чанда. Көбү «эмне үчүн» деген суроого жооп издебейт. Азыр адамзат чогулткан акыл байлыгы менен алеки саатта эле таанышса болот. Бирок чыныгы билим билгенинин ичинен түшүнгөнүнүн деңгээли менен ченелиш керек. Китеби көп өлкө билимдүү, кандидиты көп өлкө илимдүү деп эсептеген учурлар да болгон. Анын залдары азыр деле кете элек. Мектептин санын арбыттык, мынча китеп чыгардык, компьютердин санын көбөйттүк деп көбүртүп отчет бергендер азыр да толтура. Ошондойлордун айынан балдарыбыздын билим жана түшүнүк деңгээлинин ортосунда асман-жердей айрыма бар экендигин жакында жарыя болгон ПИЗА сынагынын натыйжалары айкындады.

Бүгүн мектепке билим эле эмес, илим да керек болуп турат. Себеби, билим эмгекти, илим өнөрдү талап кылат. Алган билимди колдоно билүү, анын сырларын ача билүү өтө маанилүү. Баланы бир нерсени билип алууга эмес, илип алууга үйрөтүү керек. Эгер бала илип алса кызыгат, кызыкса түшүнөт, түшүнсө унутпайт, колдонот. Ал эми жөн гана билип алса – унутат. Демек, чыныгы билим баары унутулгандан кийин да эсте калган билим. Жөн гана «билем, билем» дей берген адамдар тамсилдерде да мыскылданат. Кеп билүүдө эмес, түшүнүүдө. Түшүнүү маалыматтын акыл-эске түшүп, конуп калышын билдирет. Адатта, илип алгандар жаратуучулар, билип алгандар жайылтуучулар болушат. Демек, бүгүн улуттук билим берүү тармагынын алдында турган эң маанилүү проблема – окутуунун эне тилинин табиятына, бөтөнчөлүнө негизденген, билип алууга эмес, илип алууга багытталган уңгулуу, угуттуу усулун таап, иштеп чыгып, аны колдонууга киргизүүдө турат. Мында этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият таануу илимдеринин табылгаларын өрүштүү пайдалануу зарыл.

Илим жөнүнө келсек, аны ойлоонун, коомдун жана жаратылыштын жапан (объективдүү) мыйзамдарын ачып, аларды амалга киргизүүнү максат кылган ишмердик чөйрөсү деп билсек болот. Адатта, аны өзөк (фундаменталдык) жана жандооч (прикладдык) илимдер деп бөлүштүрүшөт. Тилекке каршы, бүгүн бизде анын анысы да, мунусу да анча өрүш ала албай жатат. Анын жүйөлүү себептери да бар. Бирок, жогорудагыдай илим-билимдин кадырын билген элдин кулундары аны кол жоолукка айландырып, бир китеп жазбай кандидат, бир шакирт даярдабай доктор, бир ачылыш жасабай академик болгондор канча.

Баарыдан да, илимди улуттук (академия), тармактык (министрлик) деп бөлүп таштаганыбыз аз келгенсип, ага кетип жаткан чыгымдардын кайтарымын, илимий изилдөөлөрдүн майнабын, жаңылыгын, тематикасын, проблематикасын, динамикасын, бир сөз менен айтканда, арымы менен алкагын тескеп, координациялап, илим адамдарына шарт түзүп, илимдин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын салмактап турган бирдиктүү Илим-билим концепциясынын түзүлбөй келе жатканы өкүнүчтүү.

Мисалы, адамды ар тараптан өнүктүрүүнүн амалын иликтеген педагогика илими бүгүн «улуттук» илимдердин курамына кирбейт. УИАда иштегендерге «улуттук» болгону үчүн айлыгына 50% кошумча төлөнөт. Ал эми педагог-илимпоздорубуз болсо жаңы муундун (баланын) табиятын изилдебей туруп эле жаңы муундагы окуу китептерин түзүүгө маш. Мектепке кирердин алдында медико-психологиялык кызмат аркылуу адегенде баланын байманасын, бөтөнчө касиетин айкындоо керек. Андан соң ошол касиетти өркүндөтүп өстүрүүчү керектүү, ылайыктуу маалыматты берүү зарыл. Маселе балага кандайдыр бир кызыктуу маалыматты берүүдө эмес, анын кандайдыр бир кызыктуу касиетин ачууда турат.

Адамдын билгенинен билелеги көп. Ошону түшүнгөндөр чанда гана. Сократ айткан экен: «Мен өтө аз билгенимди түшүнгөндүгүм үчүн, башкалардан эстүүмүн». Билим – мухит, илим анын мүрөгү. Адам дайыма ага чаңкайт. Андыктан, андан кана жутууга умтулуу керек. Илим-билим адам бар жерде гана асылдыкка ээ. Ага болгон элдин, мамлекеттин маанайы илимпоздорго, болгондо да анын бийик сересине көтөрүлгөн Илим Дыйкандарына болгон мамиле менен өлчөнөт. Кыргызстан керемет жердин гана эмес, даанышман адамдардын да мекени. Биз дүйнөнү таанып-билүү менен эле чектелбестен, өзүбүздү да дүйнөгө таанытышыбыз керек. Айталы, фармацевт Алтымышевге, микрохирург Миррахимовго, офтальмолог Исманкуловго, нарколог Назаралиевге, философ Салиевге, агроном Акималиевге… ойдогудай шарт түзүп берсек, алардан акыл, билим алып, өнөр үйрөнөм деп келгендер эле казынабызды кабелтең толтуруп коймок. Адамдар Ала-Тоого чыгып, Ысык-Көлгө түшүү үчүн гана келбестен, Кыргыз дүйнөсүн билүү, анын сырларын илүү үчүн да келиши керек…

 

Кыргыздын медери – Бала

 

«Балалуу үй – падышалуу үй». Бул макал элибиздин бала жана анын коомдогу орду тууралуу кеменгер ой тыянагы десек болот. Биз анын кызматчысыбыз. «Вазир жакшы – хан жакшы» деген нусканын төркүнү ошол жакта. Демек, падыша жакшы болуш үчүн, биз жакшы болушубуз керек. Бирок бүгүн коом да, бала да, ага кызмат көрсөткөн тармак да оору. «Биринчи байлык – ден соолук» деген менен, дал ошол билим берүү тармагы баланын ден соолугун да, жан соолугун да көп жагынан өксүтүп жатканын тана албаспыз. Демек, аны дарылаш керек. Бул үчүн адегенде анын ичтейин изилдеп, эртеңкисин эске алып, туура диагноз коюу зарыл. Бул максатта ар түрдүү деңгээлде, ар кандай курамда, ар түрдүү темада көптөгөн жыйындар өтүп келет. Бирок негедир аларга бала чакырылбайт. Өз оюн айтууга ага шарт түзүлбөйт. Балким, маселе дал ушул жерде – бала дүйнөсү менен чоңдордун, биздин мүдөөлөрүбүздүн ортосундагы ажырымда болуп жүрбөсүн? Адатта, консилиумда: Оорулуу өзү эмне дейт экен, биздин чечимибизге карата анын ою кандай экен» деген да суроо коюлат. Атүгүл анын ою чечүүчү өңүттө эске алынат. Эгер баланы бүгүн билим берүү системасынын көйгөйүн талкуулаган кайсы бир жыйынга чакырсак, анда ал, балким, муну айтмак:

«Урматтуу эже-агайлар. Сиздер көбүнесе мен жөнүндө эмес, мени курчаган чөйрө тууралуу сөз кылып жатасыздар. Мектепти оңдош, китепти жакшыртыш керек, компьютер бериш керек… дедиңиздер. Ырас, булар керек. Бирок алардын баары – менден тышкары турган нерселер. Мага баарынан кымбат нерсе – менин ден соолугум. Бирок, тилекке каршы, мен курсактан эле оорулуу болуп төрөлдүм. Төрөлгөндөн кийин дагы төрт ооруга кабылдым.

Адегенде үй-бүлөмдүн абалын айтайын. Ата-энемдин бири – врач, бири – мугалим. Экөө тең – мамлекеттин көзүн карагандар. Айлыкты көбөйтсө, жакшы иштейбиз дешет. Билбейм. Бирок айлык менен кошо билим, боорукерлик, мээрмандык… кошо берилеби? Менимче, бүгүн аларга жашоонун маңызы жана максаты жагынан билимин, түшүнүгүн кеңейтүүлөрү керек сыяктанат. Дүйнөлүк деңгээлде ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдар «Чоңдорду окутуу» маселесин көтөрүп жатышы бекер эместей.

Экинчиси – бакчадагы тарбиям. Ал жерде жылуу, курсак ток. Бирок, бир аз барганым менен бат эле кайра чыгарып алышты. Тарбиячың жакшы карабайт экен дешти. Мен сыяктуу балдардын көбүнө ал жерге барууга мүмкүн болбоду. Аттиң, алар да барганда мен досторумду тапмакмын. Оюнчук, китеп, компьютер ошол жерге керек болчу. Ата-энемди, үйүмдү сагынуу бакчадан башталмак. Бирок эртең менен таттуу уйкумдан ойготуп, жетелеп келип, таштап кетишкени жакчу эмес.

Үчүнчүсү – мектеп. Ал өтө чоң. Баарыбыз топурап, «коюу чаңдын ичинде» сүрмөтоп болуп, анонимдүү жашайбыз. 35-40 бала бир класста отуруп, бири-бирибиздин жүзүбүздү эмес, желкебизди карап отуруп, 11 жыл билим алдык. Химиядан күкүрттүн реакциясын көзүм менен көрбөй, көмүр кычкыл газын мурдум менен жыттабай, обон-күүлөрдү кулагым менен укпай эле окууну «төрт», «бешке» бүтүрдүм.

5-класстан зээндүү экенсиң деп борборго топтоп, интернатка жайгаштырышты. Шарт жакшы эле болду. Бирок теңтуштарым, ата-энем, айылым, кулунум, күчүгүм – бүт айылда калды. Сагынычым күчөп, атайын начар окуй баштадым. «Жаңылыптырбыз» деп, 7-класстан кайра чыгарып жиберишти. Мектептеги агай-эжелеримдин менин сабагымды жакшы окугула дегендери эмес, адам болгула дегендери эсте калды.

Анан жогорку окуу жайга өттүм. Ал жерде толук эркиндик экен. Эч ким менден эч нерсени талап кылган жок. Старостам гана сессияда зачет-экзаменге мынча сом алып келесиң деп талап кылчу. Мени ошол гана окутту. Бир күнү «бүттүң» деп диплом карматышты. Азыр чын эле ишим бүткөнүн сезип, ара жолдо турам. Жөн эле иштегенге көңүлүм жок, адистигим боюнча иштегенге билимим жок. Эң башкысы – мектепке мугалим болуп барбайм. Өзүмдөй балдарды көбөйткүм келбейт.

Үйлөнүп, балалуу болсом дейм. Баламды сүйүп, башкача тарбиялагым келет. Башкача ата, башкача эне болгум келет. Бакча, мектеп, окуу жайы, коомчулук – баары үй-бүлөгө, ата-энеге жардамчы гана экендигине көзүм жетти».

Бала мына ушуну, дагы башка көп нерселерди айтмак. Демек, коомдун бүгүнкү оңолуусу балдардын эмес, чоңдордун оңолуусуна, алардын көрсөткөн өрнөгүнө, алардын бала деп толгонуусуна, баланын кадыры, ден соолугу, көңүлү, жан дүйнөсү, бир сөз менен айтканда, баланын адамдык парасаты кандайча эске алынгандыгына байланыштуу болуп турат. Чыныгы кубанычты өзүңө өзүң эмес, өзгөлөргө жасаган ишиңден аласың. Кыргызстанда эң башкы дөөлөт, эң башкы мүдөө, эң башкы асылдык, эң башкы медер – бала, «Кыргызстан – балдардын өлкөсү» деген ураан болсо, бүт дүйнө бизди танданып карамак. Ошондо, «Бала – падыша» деген макалдын төркүнүн түшүнүп, «Бул эл ошондуктан падышачылык түзбөй, бирок, эл болуп, журт болуп, нарк сактап, маданият жаратып, маңыздуу жашап келген тура, капырай!» – деп суктанып да, тамшанып да, урматтап да карашмак. Жерибиз менен дүйнөгө таанылалы деп максат коюу – жетишсиздик кылат. Жерге болгон мамиле менен таанылуу – татыктуу иш. Өзүн күнгө тоскон жаркырабайт. Алтын ачык жатпайт. Ал тереңде, жаратылыштын койнунда жатат. Кеп алтынды күрөп, казып алууда эмес, кеп андан бриллиант иштеп чыгарууда. Дал мына ушуну жасай турган биринчи дабагер – ата-эне, үй-бүлө, алардын жаңыча түшүнүгү, аларга жардам берүүчүлөр – бакча, мектеп, тарбиячы, мугалим, насаатчы ж. б. Кеп балага кооз буюм сатып берүүдө эмес, кеп бала жөнүндөгү ар бирибиздин көз карашыбыздын «кооз болушунда». Адегенде чоңдор, өзүбүз окуйлу. Баланы сүйүп калган кишиге китептин анча кереги жок. Себеби, анда китептегиден миң эсе кымбат, баалуу нерсе – адамдык мамиле бар, адамдык сезим бар, мээрим бар. Бала, баарынан мурда, мектептин эмес, өзүн сүйүп турган адамдын жылуулугун сезсин. Эң башкысы – биз, чоңдор, баланын табиятын түшүнөлү. Колубузда табият тартуулаган табышмактуу белегибиз, калтырар изибиз, унутулсак издээрибиз, кайгырсак кубантарыбыз, тажасак эрмегибиз, ар убак таянар медерибиз бар.

Аларды сүйөлү, алтын бербейли, адеп берели, акча бербейли, максат берели, ишеним берели, дем берели, кайрат берели. Алар жалгыз эмес экендигин сездирели, тууган-туушканы, ага-эжеси, эли-жери, салт-наркы, тили, маданияты бар элдин урпагы экенин сездирели, улуу аталарынын, энелеринин өрнөктүү өмүрүн жомоктоп айтып, бийикке талпынталы. Буга бюджеттик акчанын кереги жок. Мына ушундай реформаны – чоңдордун, ата-энелердин аң-сезимин өзгөртүүчү, таалим-тарбиялык билимин жогорулатуучу, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүчү системалык реформаны ишке ашыруу зарыл. Бизге азыр балага билим берүүчү реформадан да, чоңдордун, мамлекеттин, ата-энелердин балага болгон мамилесин өзгөртүүчү реформа керек болуп турат…

 

Бөлүшүү

Комментарийлер