ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ ТОКТОБҮБҮ АЛЫМБЕКОВА: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БАСЫМ ЖАСАЛЫШЫ КЕРЕК

  • 26.02.2024
  • 0

 

ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ ТОКТОБҮБҮ АЛЫМБЕКОВА: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БАСЫМ ЖАСАЛЫШЫ КЕРЕК

Аламүдүн районундагы Пригородное мектебин мугалими Токтобүбү Алымбекова жарым кылымдык өмүрүн агартуу тармагыңа арнап, канчалаган  муундарга билим берип, ошол нары түйшүктүү, нары сыймыктуу эмгегинин акыбети кайтып,  жаңы жыл алдында Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин колунан “Кыргыз Респуликасына эмгек сиңирген мугалим” деген ардак наам алды. Токтобүбү эжейдин андагы кубанычында чек жок. Биз дагы анын кубанычын тең бөлүштүк.

  • Арыбаңыз? Сыйлыгыңыз кут болсун!
  • Чоң рахмат. Мына быйыл менин мектептеги эмгек жолумду баштаганыма 49 жыл болду. 1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетине тапшырып, 1975-жылы ийгиликтүү аяктап, жолдошум экөөбүз ал кездеги саясатка ылайык бөлүштүрүү жолу менен Тогуз-Торо районундагы Ленин орто мектебине барып, 5 жыл иштедик. Анан жолдошумдун туулган жерине кеттик. Токтогулдагы Даңканай атындагы орто мектебинде окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштедим. Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесине карата айыл өкмөттөрдүн арасында өткөн кароо-сынактан биринчиликти алып, райондун Мактоо баракчасы менен сыйлангам. Мен мектепте өз сабагымды өтүп коюп эле кетип калбастан,чыгармачылыкты айкалаштырып,аябай изденчүмүн. Сабакты абдан кызыктуу өткөнгө азыр да аракет кылам. Анткени менин көкүрөгүмө тынчтык бербеген бир толкундоолор, бир сезимдер бар эле. Бала күнүмдөн ыр жазчумун. Ушул нерсе мени ар дайым изденүүгө түрттү окшойт. 1994-жылы турмуш шартыбызга байланыштуу борбор калаага көчүп келдик. Анткени 7 баламдын атасы болгон, жолдошум Алпамыш Абдраимовдон айрылып калдым. Ал бейиши болгур өмүрдөн эрте кетти… Ошондо эки тизгин бир чылбырды колго алдым. Балдарым жаш, биз ишенген  күчтүү аталган держава союз ураган,эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары аябай оор мезгил эле. Балдарым атасыз калды, ушуларды билимдүү кылышым керек деген максатта борборду көздөй бет алдым… Кайсы бирин айтайын? Далай кыйынчылык баштан өттү… Эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял болдум. Канча кыйналсам да мектепти таштаган жокмун. Тырмалаңдап жүрүп,эки бөлмөлүү жер там сатып алдым. Анан баягы тамга улап үй салмак болдум. Аябай намыскөй элем. Үй салдырганга акчам жок, мугалимдин айлыгы аз болчу да. Балдарым жаш. Ошондуктан уста жалдабай эле, өзүм үй салганга кириштим. Эртең менен эрте туруп, ылай чылап кетем, мектептен келип, үй салам. Мурда же үй салып көрбөсөм, дубалдарды бири-бирине байланыштырбай эле үй салып койгон экенмин. Бир күнү үйүмдүн бир ыптасы кулап калды… Олтуруп алып ыйладым. Анан кайрадан күчтөнүп, кулап калган үйүмдү кайра салдым…Турмуш өзү мени курчутту, кайратымды кайрады. Ушундай шартта жашап жүрүп деле мугалимдик ишимди уланта бердим, сабактарымды мыкты өткөнгө аракет кылдым.  Мына эми акыры көшөргөн эмгегимдин акыбети кайтып олтурат.
  • Ааламга белгилүү залкар жазуучубуз менен жолукканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
  • 1994-жылы конкурстан өтүп кетип, Кыргыз- Түрк балдар лицейинде иштеп калдым. Ал жакта 10 жылдай эмгектендим. Эсимде,1999-жылдын күз айы болчу. Мектепти мүдүрү: “мектепке залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов келет экен, аны тосуп алууга окуучуларды даярдаңыз”- деди. Мен сүйүнүп кеттим. Алп жазуучунун ар бирин чыгармасын кубалап окуган, анын күйөрманы элем да, бир көрүүгө куштар болчумун.  Дароо даярданып баштадык. Белгиленген убакта мектептин дарбазасына чейин кызыл килем төшөлүп, агайды тосуп алдык. Анын кыргызды дүйнөгө таанытканы үчүн бут алдына алтындан килем төшөсөк да аздык кылар эле… Чыңгыз  Айтматов ушунчалык жөнөкөй, ойчул, анын тунук көздөрүнөн бир эле карап туруп, адамдын ички дүйнөсүн окуй билгендигин байкадым. Жолугушуу абдан кызыктуу өтүп жатты. Ал кыргыз-түрк элдеринин ортосундагы достукту, тарыхый-маданий байланышты кенен айтып берди. Окуучулардын концерттик программасынан кийин ага арнап жазган ырымды окуп бердим.

“Чыңгыз аба,

Чыгармаңыз аркылуу дүйнө таанып,

Кыргыз эл бактылуу.

Кыян суудай ташкындаган талантың,

Тарай берсин чыгармаңыз аркылуу.

Чыңгыз аба, Чынар болуп чырпыгың,

Бактыбызга узак жашап бир кылым,

Эки ийнине элдин жүгүн көтөрүп,

Эл иши үчүн тикеңизден тик туруп.

Чыңгыз аба, Мааракеңиз кут болсун!

Чыгармаң менен сыйлыгың,

Бир-бирине жуп болсун!

Кылымдар кетпес башыңдан,

Көктөгү жылдыз кут консун!

Чыңгыз аба, Элдин күчүн карууңузга жыйыңыз,

Арта берсин кылымдарга сыймыгың.

Элибиздин жүрөгүндө калгыдай,

Алса дейбиз Сизди Нобель сыйлыгын!”.

Ырды окуп бүткөндө дүркүрөгөн кол чабуулар болду. Көргөн көзүмө, болгон окуяга эмдигиче ишенбей кетем. Аудиторияда олтурган Чыңгыз агай кыт куйгандай салмак менен басып келип, колумдан өөп, ыраазычылыгын айтты. Ошол жолугушуудан кийин Себат билим берүү мекемеси кышында Брюсселде элчилик кызматын өтөп жаткан жазуучуга кат жолдошуп, ысмын балдар лицейине берүү уруксаатын сурашкан. 2000-жылы балдар лицейине алп жазуучунун ысмы ыйгарылды.  А мен болсо чыгармачылыкка катуу киришүү чечимин кабыл алдым. Натыйжада  “Жашоо сүртүмдөрү” жана “Дил кайрыктары”аттуу эки  ыр жыйнагым чыкты. Учурда үчүнчү ыр жыйнагымды басмага даярдап жатам.

  • Агартуу тармагында чечилбей жаткан кандай көйгөйлөр бар?
  • 2004-жылдан тартып Аламүдүн районундагы Пригородное мектебинде иштейм. Үзүрлүү эмгегимдин жыйынтыгын көрүп, көптөгөн сыйлыктарды алдым. Мектептин эмгек жамааты сыйлап турушат. Окуучуларымды өз балдарымдай сагынып турам. Ооба, агартуу тармагында чечилбей келе жаткан көйгөйлөр көп. Бирок, мугалим деген жаратман болуш керек. Жоктон барды жаратуу зарыл. Агартуучу деген сөздүн өзүнүн мааниси алалычы, бардык нерсени агартыш керек. Агартуу –билим берүү деген түшүнүк. Бекеринен Жусуп Баласагын: “Билимдүүгө дүйнө-жарык”- деп айткан эмес. Билимсиздик-караңгылык.Ошондуктан, заманбап билим алгыла, жашооңорду жарык кылгыла деп чакырык жасап атамын.
  • Сиз кыргыз тил жана кыргыз адабият сабагын бересиз. Тилчи катары айтыңызчы, эне тилге болгон мамиле кандай болууда?
  • Эне тилибиз мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 34 жыл болсо дагы талаптагыдай өнүгүп кеталбай жатканы өкүндүрөт. Бул бүтүндөй элди түйшөлтсө керек. Көчөдөгү жарнамалардын башка тилде жазылышы билинбегени менен чоң көйгөй. Өлкөбүздө мамлекеттик тилге басым жасалышы керек. Мектептерде чет тилдер үчүн атайын лингафондук кабинеттер уюшулган. А эмне үчүн эне тилге ошондой кам көрүлбөйт деп ойлоно берем. Азыр иш кагаздарынын кыргызчаланышы кубандырат. Биздин мектеп кыргыз-орус мектеби болгондуктан окуучулардын эне тилге болгон  кызыгуусу ортодон жогору. Биринчиден, кыргызча окуу китептеринин жетишсиздиги болсо, экинчиден, балдар үчүн тартылган кыргызча жомок, мультфильмдердин жоктугу, үчүнчүдөн, ата-энелердин көпчүлүгү азыр балдары менен орусча сүйлөшөт. Китепканаларда кыргызча китептер да жокко эсе. Бул жаатында айта берсе, арман көп. Учурда техниканын өнүккөн мезгилинде санариптик билим берүүнүн сапаттуу болушунун негизинде мамлекеттик тилге болгон мамиле жогорку баскычка көтөрүлөт деп ишенем. Буга мамлекеттин күчтүү саясаты керек.
  • Өзүңүз “Баатыр Эне” орденинин ээси экенсиз. Балдарды да тарбиялап, мектепте да ийгилик жаратып, мунун баарына кантип жетишесиз?
  • Адамдын каалоосу болсо,бардык нерсеге жетишсе болот. Болгону каалоо күчтүү болушу шарт. Бир кезде эңсегендей балдарым билимдүү болушту, небере-чөбөрө күттүм. Таенем раматылык балдардын санын айтчу эмес. Кыскасы көп балалуу энемин жана көп окуучуларды тарбиялаган мөмөлүү даракмын.

Кабыл Макешов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер