КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ

  • 20.03.2024
  • 0

КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ21-мартта  Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер менен катар эле Кыргызстанда да Нооруз майрамы  ар жыл сайын белгиленип келатат.

 «Нооруз» — байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Ал эски жыл эсеби боюнча 21-мартта белгиленет. Мүчөл эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алгандан кийин  гана кеңири майрамдоого жетишкен.

Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган. Кыргызстандыктар Ноорузду 33 жылдан бери салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келатат.

Кыргыз элинде эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат:

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты Теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп үйдү, там-ташты, мал-жанды аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ата-бабабыз эзелтен жаратылыш кубулуштарына, анын мезгилдерине абдан көңүл бөлүп келген. Ошонун бири 21- мартта күн менен түн теңелип , күн узара баштаган учурду так аныкташкан. Аны менен бирге жердин бети жылып, дыйкандар үрөн таштай турган учур келген. Муну менен “ өлбөгөн кулга жаз келди”- дегендей, жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыгып, кыштын оор күндөрү артта калып, жаратылышта жашоо ыргактары жаңы башталып, жаныбарлар чээнден чыгып, бак-дарак бүчүр байлап, жашоого болгон үмүт жанданып, күндөн күнгө кубат алып турган мезгил.КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ

Нооруз — жаратылыш майрамы! Адамдардын үмүтү жанып, жан-жаныбарлар жанданып турган чак.  Нооруз майрамы жанданып келе жаткан жаратылыш менен эмгекчил дыйкандын ажырагыс биримдиги.

Жаз майрамынын лирикасын образдуу туюнткан «Жер-Эненин тоң көөдөнү жибип, эмчеги ийиген күн», «Көк-кут көзүн ачкан күн», «Жер бетин жакшылык уялаган күн» сыяктуу  учкул сөздөр кыргыз элинин эсинде дагы эле элестүү сакталып келе жатат.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилип, ырымдап үрөн себишчү. Айдоого бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ айыл аксакалдары, кадырман апалар этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чачып сээп, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Ошондуктан Нооруз — токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

2009-жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫАдегенде Нооруз жазгы күн менен түн теңелүүчү күндү ыйык деп эсептеген отко сыйнган зороастрлердин бутпарастык майрамы болгон. Азыр Азербайжан, Албания, Афганистан, Босния жана Герцеговина, Грузия, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай (ШУАР жана башка аймактар), Монголия, Пакистан, Россия Федерациясы (Башкортостан, Дагестан, Татарстан жана башка өлкөлөрдө) белгиленип келет. Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан жана башка аймактарда Нооруз майрамы үйлөмө аспаптын, узун сурнайдын үндөрү менен башталат.

КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫНоорузда адатта сүмөлөк жасалат. Дасторкон жайылат. Жакындарга, туугандарга каттап, ал-жай сурашып, каалоо айтуу салты калыптанып келе жатат. Улуттук тамактар ​​жарашыктуу ак дасторкон жабылган дасторкондо берилет, ал эми сүмөлөк салтанаттуу аштын милдеттүү атрибуту болуп саналат. Сүмөлөк буудайдын өнүп чыккан данынан жасалып, аны майдалап, казанга унду (кээде жок) кошуп майга салып, 20-24 саат кайнатышат. Ал жерге казанга майда таштар да  салып жатканда тилектер айтылып, бул жөрөлгө сүмөлөк күйбөш үчүн жасалат. Сүмөлөк чөйчөгүңүздөн ушундай таштардын бирин тапсаңыз, тилек тилеп, ал сөзсүз орундалат деген ишеним да бар. Сүмөлөк бышыруу көп убакытты талап кылат, ошондуктан кыз-келиндер, айымдар убакытты өткөрүү жана тамак жасоонун атмосферасын позитивдүү энергияга толтуруу үчүн ыр, бий жана оюн-шоок, шаңдуу ырлар менен коштоп турушкан.

КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ21-мартта төрөлгөн балдарды көбүнчө Ноорузбек же Ноорузбай, кыздарды Ноорузгүл деп ырымдап ат коюшат. Нооруз күнү кар жааса жакшылык болот деп эсептешкен. Нооруздун алдындагы түнү келерки жылы жамгыр көп болуп, түшүм мол болсун деп ар кандай идиштерге булак суусу, сүт, эгин куюлат. Ошондой эле үйлөрдү иретке келтирип, алыш-бериш карызды тактап, бир жолу таарынткан адамдардан кечирим суроо салтка айланган. Ноорузда майрамдык маанай менен улуттук оюндар жана бийлер менен коштолуп келатат.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда Ноорузда адатта улуттук оюндар, мелдештер  болуп, анын ичинде «Эрендердин эр оюну» аталган көк бөрү кызуу өтүп келатат.

Быйыл да улуттук  оюндар, көк-бөрү мелдештери  Бишкек шаарындагы “Ак кула” ат майданында жана бардык облус аймактарында болууда.

Кыргызстандын баардык жарандарын жана чет өлкөлөрдөн келген меймандарды “Кут Билим” медиа борбору Нооруз майрамы менен куттуктайт!

Кабыл Макешов, “Кут Билим”КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер