КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМДИН ТААСИРДҮҮ КЛАССЫ

  • 28.04.2023
  • 0

КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМДИН ТААСИРДҮҮ КЛАССЫ

Ишине чоң жоопкерчилик, сүйүү менен мамиле кылган изденгич, креативдүү жаш мугалим Бегимжан Осмонованын мугалимдик кесипти аркалаганына төрт гана жыл болду. Бул аралыкта ал окуучуларынын жүрөгүнөн орун таап, алардын сүйүктүү мугалимине, мектептин креативдүү адисине айлана алды. Азыр ал жасалгалаган тарых кабинети мектептин эң алдыңкы заманбап классы катары кызмат кылууда.

Бегимжан Осмонова 26 жашта. Бишкектеги №86 орто мектепте иштейт. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 2019-жылы кызыл диплом менен аяктаган. Учурда жети, тогуз жана 11-класстарга сабак өтөт. “Жаш келсе ишке” демекчи, ал убактысынын баарын, энергиясын сүйүктүү кесибине, аны өркүндөтүүгө арнайт. Башкалардан өзгөчөлөнүп турууну жактырган жаш адис дайыма креативдүү идеяларды издейт. Өзү сабак берген тарых кабинетин кыргыз эли басып өткөн тарых барактарын чагылдырып, өзгөчө жасалгалап алган.

-Өзүм улуттук колоритке жакынмын. Дипломдук ишимди да улуттук оюндар темасында жазгам. Кабинетке стенд уюштурууну ойлонуп жүргөм, кийин дубалга сүрөт тартуу идеясы келди. Бул туурасында мектептеги тарыхчылар болуп кеңештик да, кыргыздын калыптанышынан тартып, Улуу Жибек жолу, Барсбек каган, Улуу кыргыз дөөлөтү, санжыралар, 9-кылымдагы архитектуралык эстеликтер, улуттук оюндар, Үркүн деп келип, доска турчу тарапка жайлоону, үстүнө Герб менен Желек аркылуу эгемендүүлүктү чагылдырдык, — дейт Бегимжан.

Кабинеттин мындай өзгөчө жасалгасына көп деле каражат кеткен жок. Болжолу менен 35 миң сомго жетпеген акча жумшалды. Жаш адистин мындай идеясын ишке ашырышына жамааты, үй-бүлөсү да жардам берди. Ата-энелердин арасынан да демөөрчүлөр чыкты.  Дубалга сүрөт тартууну кесиптеши, сүрөтчү Нурмухаммед Атабеков колго алып, бир айдын аралыгында күнү-түнү мектепте жүрүп бүтүрдү. Кабинетти толук кандуу кыргыз стилинде гана жасабай, ичиндеги колдонмо материалдарды да кыргызча кылганга аракеттенген. Алсак, окуучуну баалоо үчүн түрдүү түскө боёлгон чүкөлөрдү, боз үйдүн түзүлүшүндөй жасалган шкатулкаларды колдонот. Кабинеттин өзгөчө жасалгасына окуучулар да өз салымын кошуп, архитектуралык эстеликтерди көргөзмө курал катары өздөрү колго жасашты. Азыр бул класс окуучулардын сүйүктүү эс алуучу жайына айланган.

КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМДИН ТААСИРДҮҮ КЛАССЫ

-Жаңы класс биздин мектеп үчүн чоң жаңылык болду. Окуучулар сүрөткө түшүп, мугалимдер ачык сабактарын ошол жактан өтүп алайын деп сурашат. Мугалим кандай болсо, окуучу ага окшош болот экен. Өзүмдүн классым да чыгармачылыкка, этно стилге жакын. Жада калса дубалды булгап албайлык деп коруп, бапестеп турушат. Окуучулар Барсбек Каганды сабактан кийин эле унутуп калышы мүмкүн эле. Азыр болсо аны күн сайын көргөнгө улам жаңы маалыматтар менен таанышып, кенен изилдеп жатышат. Айрым окуучулар санжыраны карап, уруусун сурап, ата-теги тууралуу кабардар болууда, — дейт жаш мугалим.

Азыр №86 мектептин жамааты ар бир класска өзгөчөлүктөрдү киргизүүгө аракет кылышууда.  Себеби класстын ачылуу аземинде биология предметинин мугалимдерине эстафета узатылган. Учурда алар болочоктогу өзгөчө класстын эскизин түзүп жаткан кези. Ал эми тарых кабинетин болсо күзүндө мектептер арасында өтө турган сынакка катыштырышат.

Мектеп, окуучулар үчүн жаңылык киргизип турууну жактырган Бегимжан окуучуларына улуттук колориттеги  форма кийгизүүнү демилгелеп чыккан. Азыр анын балдары башына ак калпак, жакасына кыргыз оюусу түшүрүлгөн ак көйнөк кийип, галстук тагынса, кыздар үчүн атайын бантик тиктирген.

Бегимжан башында юрист болгусу келгени менен азыр өзүнүн жашоосун мектепсиз элестете албайт.  Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырып жатканда ЖРТдан тарыхтан жогору балл алгандыктан тарых факультетине бюджетке тапшырып, өтүп кеткен. Алгач анчейин көңүлдөнбөй, бирок практикага барып, балдар менен иштешип баштагандан кийин мугалимдикке болгон сүйүүсү ойгонуп, өзү кантип кирип кеткенин билбей калган.

— Мектепте жалаң бешке окуп, математикадан олимпиадаларга барып жүрүп, жогорку окуу жайда контракттык негизде окугандан намыстанып, өткөн окуу жайда калып калган элем.  Ошол себептен бир жыл бою башка багытты тандоону ойлонуп жүрдүм.  Кийин №84 мектепке практикага барганда кесибимди туура тандаганымды билдим. Окуучуларга теманы түшүндүрүп бергенимди угуп, кайра алардын айтып бергенин уккандан, жандуу сабактан энергия аларымды түшүндүм. Азыр дем алыш күндөрү да үйдө отургум келбейт, мектепте эле жүрө берүүнү каалайм.  Негизи мугалимдик чеберчилигим мектепте эле байкалчу экен. Себеби класском болгондуктан, класс жетекчи ооруп же башка мугалимдер жок кезде классташтарымды көзөмөлдөп турчумун, сабак өтчүмүн, — дейт Бегимжан.

КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМДИН ТААСИРДҮҮ КЛАССЫ

Бүгүнкү күнү Бегимжан окуучуларынын сүйүктүү мугалими, сырдашы. Балдарынын эжейине жакын болгону ата-энелерине да жагат. Анын классында окуган балдар өткөөл куракка туш келгендиктен, оболу алардын тилин табууга аракеттенет. Көп сырдашат. Окуучулук курак балдардын оюнга тойбой турган мезгили деп билгендиктен, сабакта интерактивдүү ыкмаларга басым жасайт. Балага мээрим төгүү, жөн гана чачынан сылап коюу көп ийгиликтерге жол ачат деп эсептейт.

— Балдарга сабак учурунда өзүмдүн башымдан өткөн окуяларды, мугалимдерим, классташтарым туурасында көп айтып, мисал келтирем. Балага бул башкача таасир калтырат. Өзүмдүн кемчиликтеримди да айтам. Баланы урушпайм. Себеби аларга катуу сүйлөбөй эле акырын айтса түшүнөт, урушпашыбыз керек — дейт.

Жаш адис окуучулары менен көп убакыт бирге болууну каалайт. Сабактан тышкары да музей, Бурана, Ата-Бейит сыяктуу тарыхый жерлерге экскурсияга байма-бай чыгарып турат. Мындай экскурсия балдардын предметине болгон кызыгуусун гана арттырбастан, кыргыз элинин тарыхын таанып-билүүгө шарт түзүп, инсан катары калыптанышын арттырат.

 Айгерим Токтобаева,      «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер