ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН МЕНТОРЛОР ДАЯРДАЛУУДА

  • 17.05.2024
  • 0

ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН МЕНТОРЛОР ДАЯРДАЛУУДА

16-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Таласта менторлорду даярдоо боюнча тренигдин ачылышына катышты.

Тренингде менторлор окуучуларга санариптик көндүмдөрдү натыйжалуу окутуу үчүн информатика мугалимдерин колдоого үйрөнүшөт.

Муратбек Касымалиев тренингдин катышуучуларына санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүүсүндө информатика мугалимдеринин милдеттерин, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү, окуу китептерин даярдоодогу талаптар жөнүндө айтты.

Тренинг Дүйнөлүк банктын “Информатика мугалимдерине насаатчылык жана квалификация жогорулатуу программасы” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер