ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН ДА ҮЧ БЕТТЕШҮҮ БОЛОТ

  • 17.06.2024
  • 0

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН ДА ҮЧ БЕТТЕШҮҮ БОЛОТҮч күндөн бери футбол боюнча Европа чемпионатынын беттешүүлөрүн телеберүүлөр аркылуу көрүп, күн өткөн сайын, атаандаштык күч алып, кызыктуу оюндарга күбө болуп жатабыз.  Бүгүн, 17-июнда жана 18-июнга карган түнү турнирдин алкагында кезектеги 3 беттешүү болмокчу.

Бүгүнкү күндүн беттешүүлөрү Allianz Arena стадионунда Румыния менен Украина курма командаларынын ортосундагы оюн менен ачылат.

17-июнга оюндардын жадыбалы жана бишкек убактысы боюнча ирети төмөнкүдөй:

19:00 Румыния — Украина

22:00 Бельгия — Словакия

17-июнда жана 18-июнга карган түнкү саат 01:00 Австрия – Франция беттешет.

Ал эми 16-июнда Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында үч беттеш өттү. “D” жана “С” тайпаларынын командалары мөрөй талашты.

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН ДА ҮЧ БЕТТЕШҮҮ БОЛОТЛевандовскисиз Польша Голландияга утулду

Гамбургдагы оюн күнүнүн биринчи беттешинде “D” тайпасындагы Польша жана Голландия командалары күч сынашты. Беттеш 2:1 эсебинде Голландиянын жеңиши менен аяктады. Голландиялык футболчулардан чеберчилиги менен айрырмаланган Коди Гакпо менен Вут Вегорст гол киргизди. Поляктар үчүн жалгыз голдун автору Адам Букса болду.

ЕВРОнун алдындагы жолдоштук оюнда жаракат алган лидер Роберт Левандоски поляктар арасындагы беттешке катышпай калганы команданын беттешүүсүндө айкын сезилип, анын жоктугу байкалды.

Бул тайпадагы дагы бир оюнда 17-июндан 18-июнга караган түнү Франция менен Австриянын курама командалары беттешет.

Тайпалык баскычтын 2-турунда 21-июнда Голландия Франция менен беттешсе, Польша Австрия менен күч сынашмакчы.

“D” тобу,1-тур, Польша — Голландия — 1:2 (1:1)

Гол киргизгендер: Адам Букса, 16 мин.  (1:0), Коди Гакпо, 29 мин. (1:1), Воут Вегорст, 83 мин. (1:2).

Дания менен Словения тең чыкты

«С» тайпасындагы экинчи беттешүүдө Дания менен Словениянын курама командалары 1:1 эсебинде тең чыкты. Даниялыктардын голун жарым коргоочу Кристиан Эриксен киргизди. Словениялык коргоочу Эрик Янжа голу менен жооп кайтарып, эсепти теңдеди.

“С” тобу,1-тур, Словения — Дания — 1:1

Гол киргизгендер: Кристиан Эриксен, 17 мин. (0:1), Эрик Янза, 77мин (1:1)

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН ДА ҮЧ БЕТТЕШҮҮ БОЛОТБеллингэмдин жардамы менен Англия Сербияны жеңди

16-июндан 17-июнга караган түнкү  Гельзенкирхен шаарындагы Сербия — Англия беттешинд англиялыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жалгыз голду Джуд Беллингем киргизди.

Эми кийинки оюнда Словения курама командасы Сербия менен, Дания  курама командасы Англия менен беттешет. Эки беттеш тең ​​20-июнда өтөт.

Ошентип футбол адистери мактаган Англия курамасы укмуштай керемет оюн көрсөтө албаса дагы 3 упайга ээ болуп, “С” тайпасында биринчиликти ээледи. Ал эми Дания менен Словения командалары 1ден упайга ээ болсо, Сербия азырынча жайдак турат.

Футбол ЕВРО 2024 Германиянын 10 шаарында 14-июнда башталып,  14-июлга чейин өтөт.

 “С” тобу,1-тур, Сербия — Англия — 0:1

Гол; Жуд Беллингем 13 мин.  (0:1)

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер