ЭМНЕ ҮЧҮН ОКУУЧУЛАР МЕКТЕПТЕН АНГЛИСЧЕ СҮЙЛӨП ЧЫКПАЙТ

  • 17.02.2023
  • 0

ЭМНЕ ҮЧҮН ОКУУЧУЛАР МЕКТЕПТЕН АНГЛИСЧЕ СҮЙЛӨП ЧЫКПАЙТ

Мектептеги англис тили сабагынын деңгээли бүгүнкү күндөгү актуалдуу  темалардын бири болууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Төрага Нурланбек Шакиев мектептерде англис тилин 7-8 жыл бою окутканыбыз менен окуучулардын 90 пайызы талаптагыдай сүйлөй албай жатканын айтып, көп жыл бою бул тилди өздөштүрүп келген окуучуга караганда үч айлык курска барып, англис тилинде шар сүйлөп, алты айда түш жоруп кетүүдө деп Билим берүү жана илим министрлигине доо койгон.

ЭМНЕ СЕБЕП?

Чындыгында, айрым мектепти аяктаган окуучулардын арасында англис тилинде эркин сүйлөмөк турсун, өзү тууралуу эки ооз сөз айта албагандар бар. Кээ бир бүтүрүүчүлөрдүн айтуусуна караганда, сабактын өтүү методикасы окуучуну кызыктыра албайт. Мисалы, мындан он жыл мурда шаардык мектепти аяктаган Айпери англис тилин туура окуу эрежесин жогорку окуу жайга барганда өздөштүргөнүн айтат. Себеби мектепте окуп жүргөндө тамгалардын так, туура айтылуу эрежесин, үндүү менен үнсүз кошулганда кандай тыбышты берерин үйрөнө алган эмес.

Ушул сыяктуу нааразычылыгын билдирген шаардагы беделдүү мектептин окуучусу Адилеттин айтуусунда англис тили мугалими окуучуну тил үйрөнүүгө кызыктырып, багыт көрсөтпөйт. Мугалими көбүнчө сабак учурунда эшикке чыгып кетип, аяктар алдында киргенди адат кылып алган.  Окуучулар тил үйрөнүүгө кызыгып сабак тууралуу сураса да жооп бере албайт. Мугалимдин мындай жоопкерчиликсиз мамилеси, билим сапатынын төмөндүгү анын тил үйрөнүүсүнө жолтоо болот.

МҮМҮКҮНЧҮЛҮКТөРДҮ ТУУРА ПАЙДАЛАНАЛЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, англис тили мектептерде 3-11-класска чейин окутулат. Себеби 1-2-класстын окуучулары жазганды, окуганды өздөштүрүүсү керек. Ошону туура өздөштүрүп алгандан кийин англис тили кошулат. Сабак 3-4-класста эки, 5-класста төрт, 6-7-класста үч, 8-11-класстарда эки сааттан окутулат. Албетте, англис тилин үйрөнүүгө мектептеги сааттар жетишсиз. Эгерде бул тилди тереңирээк өздөштүрүүнү кааласа бала өзү кошумча билим алууга тийиш.

Бүгүнкү күнү англис тилин үйрөнүүгө көп мүмкүнчүлүктүр бар. Бир гана окуучунун шыгы, каалоосу талап кылынат.  Айыл жергесинде англис тили курсуна барууга мүмкүнчүлүктөр жок болгондуктан, шаарга салыштырмалуу элеттеги окуучулар бул предметтен кыйналышат. Ар бир мугалим окуучуну мектеп базасында англис тилинде окута билүүгө тийиш. 2018-жылга чейинки окуу китептеринде грамматикага басым жасалып калган. Жаңы окуу китеби үч окуу-методикалык комплекстен турат, анда мугалимдин өзүнчө китеби, окуучунун окуу куралы менен жумушчу дептери камтылган. Азыркы стандарт боюнча коммуникативдик ыкмага көп көңүл бурулууда.  Анда күнүмдүк жашоодо колдонулуучу сөздөрдү үйрөнөт. Мисалы, коомдук транспортто же тамактануучу жайларда оюн жеткире сүйлөй билүү жөндөмдүүлүгүн ачууга багыт коюлат, — дейт Кылым Сыдыкназарова.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көп иштер аткарылууда. Бүгүнкү күнү республикада 7010 англис тилчи мугалим иштейт. Талас облусунда алты, Бишкек шаарында он, Ош облусунда жети, Нарын облусунда бир, Баткен облусунда жети, Жалал-Абадда сегиз, Чүйдө 28, жалпы 67 мугалим жетишпейт.

Жыл сайын февраль айында мектептерде англис тили жумалыгы өткөрүлүп келет. Бул жылы да 7-февралынан 7-мартына чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тилинин бир айлыгы” жарыяланды. Андан сырткары, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана Лингва  инновациялык билим берүү коомдук фонду менен биргеликте  STEAM программасы боюнча сегиз айлык окутуу долбоорун уюштурду. Үч жылдан бери англис тили мугалимдеринин арасында олимпиада да өткөрүлүп келет.

Бизде бир көйгөй бар. Англис тилин жогорку деңгээлде билип калган мугалимдер  жеке менчик мектептерге, компанияларга, эл аралык уюмдарга  кетип калган учурлап көп болуп жатат, —  дейт Кылым Сыдыкназарова.

СААТ ЖЕТИШСИЗ

А. Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими Айчүрөк Айтбаеванын айтымында, бул мектеп гимназия статусун алып жүргөндө англис тил класстары да бар болгондуктан, беш сааттан окутулчу. Азыр эки эле саат. Эки саатта балдарга англис тилин окутуу кыйын. Окуучулардын арасында англис тилине кызыккандар абдан көп. Көпчүлүгү билимин тереңдетүү үчүн курска барышат. Арасында онлайн курстарга барып деле ийгилик жараткандар да бар.

12 жылдан бери Оксфорддун китептери менен иштейбиз. Анын электрондук китеби, иш дептери бар, окуучулардын төрт көндүмүн өнүктүрүүнү камтыйт. Бардык кабинеттерибиз компьютер, экран, проекторлор менен жабдылган. Үзгүлтүксүз интернетке кошулганбыз. Компьютерден эле китептин сайтына кирип, даяр электрондук китеп менен сабак өтө беребиз. Ага кошумча өзүбүз видео-презентацияларды жасап, атайын программанын жардамында тесттерди түзүп, окуучуларды тест менен да иштетебиз. Мындан сырткары, мектеп мугалимдери да электрондук китеп жазып жатабыз. Албетте, жакшы да, жаман да окуган балдар бар. Тил үйрөнүүгө кызыкпаган окуучуларга “тил билсеңер дүйнөгө ачылат” деп айтып шыктандырабыз. Өзүнчө тапшырмаларды түзөбүз. Мисалы, бир теманын эле жеңил, оор формасын түзөбүз. Чейрек учурунда да үч вариантта тест жазып, канча пайыз туура болсо кандай баа аларынан бери көрсөтөм. Балдардын өз оюн эркин айтуусуна басым жасайм. Тасмаларды көрсөтөм, — дейт Айчүрөк эжей.

ВОЛОНТЕРЛОР КөП КЕЛИШИ КЕРЕК

Англис тилчи мугалимдер мектепте волонтёрлордун болгону эффективдүү жыйынтык берет дешет. Окуучулар үчүн тилди алып  жүрүүчүлөр менен баарлашуу кызыктуу.

2016-жылы биздин мектепке волонтёр келип, жемиштүү иш алып барганбыз. Окуучуларды эки командага бөлүп, бирибиз грамматиканы үйрөтсөк, экинчибиз сүйлөшүп кызыктуу сабак өткөнбүз. Эки жыл биргеликте иштешип, көп конкурстарга катыштык. Балдар да активдүү болуп, жакшы көрсөткүчтөргө жеттик. Тилекке каршы, волонтёрлор айыл жергесине эле берилет экен. Былтыр олимпиада уюштуруп, сүйлөшүү этабына келгенде Германиядан келген таанышымды чакырып келип, “speaking» бөлүгүн алган. Окуучулар эркин ойлорун айтып беришкен, — дейт Айчүрөк эжей.

СҮЙЛӨШҮҮ ЫКМАСЫ ЖАКШЫ НАТЫЙЖА БЕРЕТ

Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы А. Осмоналиев атындагы орто  мектебинде отуз жети жылдан бери англис тили сабагын өтүп келе жаткан Байкова Осийпанын ою боюнча, окуучунун жоопкерчилиги, кабыл алуу сапаты жакшы болсо эле кызыгып кетет. Окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун калыптандыруу үчүн көбүрөөк сүйлөө керек деп эсептейт. Ошондуктан сабагында балдардын сүйлөө речине басым жасап,  катачылык кетирсе деле сүйлөй берүүсүн айтат. Атайын кыска тексттерди берет. Өз алдынча текст жазып, аны презентация жасоого үйрөтөт.

Мугалим катары окуучуларымдын сабакка кызыгып, окуп, тилди өздөштүрүп алып кетсе экен деп аракет кылам. Эгерде мен мугалим катары балдарга жеткире албасам, ал менин деңгээлим. Эгерде окуучуга алфавитти жаттап келүү тапшырмасы берилип, бирок аны төрт гана окуучу аткарып келсе —  бул окуучунун катасы. Бул жерде кеп кызыгууда эмес, окуучу тараптан жоопкерчилик, аткаруучулук сапаттын төмөндүгүндө. Албетте, мен жөн эле алып кирип, бир тамганы көрсөтүп койсом жыйынтык албайм.  Баланы шыктандырышым керек. Сабакты кызыктуу оюн форматында өтүү зарыл. Болбосо жакшы жыйынтык чыгара албайсың. Чындыгында, программанын талаптарындай деңгээлге чыга албай жатабыз. Мисалы, окуучуга беш сөз жаттоо тапшырмасы берилип, ал аткарып келсе, сүйлөп кетүүсү жеңил болот да. Сөз жаттабаса бала эч качан англисче сүйлөй албайт. Азыр башталгыч класстарга сабак берем. 3-класстын окуучуларына он сөз жаттап келгиле десем баарын жаттап келет. Класстын жетимиш пайызы эмне айтып жатканымды түшүнүп, жооп берип калды. Өз алдынча отуруп алып, Билим берүү жана илим министрлигинин “Айбилим” порталына кирип, англис тилин үйрөнүшөт. Негизи тилди үйрөтүүдө волонтерлор болсо жакшы натыйжа бермек. Тилекке каршы, биз канча жылдан бери волонтёр сурап эле келе жатабыз. Биздин аймактын климаты алардын шартына туура келбейби же окуучунун саны аз дешеби, айтор, өтүнүчүбүз жыл сайын жоопсуз калууда, — дейт Осийпа Байкова.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер