ЭЛ МУГАЛИМИНЕН ЭЛ ӨКҮЛҮНӨ СЫЙЛЫК

  • 25.05.2024
  • 0

ЭЛ МУГАЛИМИНЕН ЭЛ ӨКҮЛҮНӨ СЫЙЛЫКАдам баласынын өмүрү ак бата менен коштолгондуктан, элибиз “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” дегендей,  Талас облусунун эл мугалими Бектур Исаков  эл өкүлү Марат Мураталиевге билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, батасын берип, өзүнүн автордук китептерин тапшырып, медалын такты.

— Эл мугалими Бектур Исаков «Мугалим — мөмөлүү дарак» дегендей, окуучуларга билим берүүдө усулдук методикасы, өз жолу бар эл агартуучунун билим берүүгө кошкон салымы зор. Ал талыкпаган эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Өлкөбүздө көөдөнү билимге суусаган жаштар көп болсун! – дейт Талас облустук усулдук борборунун директору С.Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер