Эдил Байсалов бала бакчаларда мамлекеттик тилде окутууну талап кылды

  • 11.04.2024
  • 0

Бала бакчаларда негизги тил мамлекеттик тил болушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрликте өткөн жыйында билдирди.

Бүгүн министр Д. Кендирбаева Өкмөткө мектепке чейинки билим берүү тармагы боюнча маалымат берди.

“Мындан эки жарым жыл мурун бала бакчаларда негизги тил мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек деп сүйлөшкөнбүз. Биз, ата-энелер, балдарды кыргызча тарбиялап, тилин кыргызча чыгарып бакчага жөнөтсөк, ал жактан бир жумадан кийин эле орусча сүйлөп калып жатышат. Эмнеге Кыргызстанда кыргыз тили бир жумада бир жолу гана сабак катары өтүлүп, бардык ыр-бийлери, оюн-зооктору орусча болушу керек?..  Мурункудай орустар көп болсо бир жөн, кыргыз балдарга кыргыз мугалимдер орусча үйрөтүп жатканы мен үчүн түшүнүксүз”, – деди  Э. Байсалов.

Ал бала бакчаларда мамлекеттик тилде окутууга басым жасоону талап кылды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү тапшырмасы коюлган.

Кыргызстанда бакчага барган балдардын санын көбөйтүү көрсөткүчүн үстүбүздөгү жылы 40 пайызга, эки жылда 50 пайызга жеткирүү милдети турат.

Эльвира Какиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер