ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫ – СПОРТТУК ЖЕҢИШТЕРДИН БАШАТЫ

  • 16.02.2024
  • 0

ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫ – СПОРТТУК ЖЕҢИШТЕРДИН БАШАТЫ

Президентибиз Садыр Жапаров элди сергек жашоого үндөп, өзү да футбол ойноп, мелдештерге катышып, лыжа тээп, спорт тармагын өнүктүрүүгө демилгечи болуп, жаштарга өрнөк бергени мектептердеги дене тарбия сабагына өзгөчө көңүл бурула баштады. Ошондуктан мектеп программасынын, стандартынын алкагында окуучулардын мекенчилдик сезимин ойготуп, эрктүү, күчтүү, чымыр болуп, Ата Мекенди коргоого даяр болушуна дене тарбия сабагынын мааниси зор. Ушундан улам биз дене тарбия сабагынын мааниси жана максаты тууралуу айрым спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө, адистерге кайрылып, ой-пикирлерин, сунуштарын уктук.

Каныбек Осмоналиев,
Дүйнөлүк олимпиаданын төрт жолку чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу:

– Биринчи кезекте улутубуздун, өлкөбүздүн келечегин, ден соолугун ойлосок, бала бакчадан баштап, бардык мектептерде дене тарбия сабагына чоң маани беришибиз керек. Учурда мектептерде дене тарбия сабагы жумасына эки жолу өтүлөт. Бул өсүп келаткан жаш муун, өспүрүмдөр үчүн аздык кылат. Жок дегенде жумасына үч жолу өтсө максатка ылайыктуу болмок. Анан дагы дене тарбия сабагын биринчи сабак катары өткөрүүнү сунуштайт элем. Себеби балдардын дене бою жазылып, калган сабактарды өздөштүрүүгө маанай ачылып, билимди кабыл алуусуна ыңгайлуу болмок. Чынында эле чоң спортко жол ачкан, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан спортчулардын чыгышына себепкер болгон мектептеги дене тарбия сабагы. Бирок көпчүлүк учурда бул сабакка анча маани бербей, ар кандай шылтоо менен же оорулуу дешип балдарын дене тарбия сабагынан бошотуп алган ата-энелер да бар. Ошондуктан жоокердик милдетин аткарууга барган балдардын ден соолугу да начар болуп жатпайбы. Дене тарбия сабагында балдарга топ тептирип коюп, убакыт коротуп, айлык алып жүргөн мугалимдер дагы жок эмес. Билинбеген менен бул сабактын мааниси терең. Менин дагы спорттук, олимпиадалык бийиктиктерди багындыруумдун башатында дене тарбия сабагы өзөк болуп турган.

Нурбек Изабеков,
Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу:

– Бул сабак окуучуларды туруктуулукка, эмгекчилдикке, кыйынчылыктарды жеңүүгө, эрктүү, чечкиндүү болууга үйрөтөт. Мурда мектепте дене тарбия сабагынан айырмаланган, спортко шыктуу балдарга жогорку окуу жайларга тапшырууда артыкчылык берилчү. Ушундай жеңилдик менен кабыл алуу болсо мектептерде дене тарбия сабагына, спорттук ийримдерге катышууга кызыккан жаштар арбын болмок. Айрыкча кыздардын дене тарбия сабагына кызыгуусун ойготуу зарыл. Себеби болочокто эне боло турган асылзат кыздарыбыздын ден соолугунун башаты, булагы дене тарбия сабагы деп эсептейм.

Канат Бегалиев,
Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси

– Дене тарбия сабагынан Куштарбек агай берчү. Дене тарбия сабагында жеңил атлетиканын айрым элементтерин жакшы аткарып, кыска аралыктарга жарышта марага биринчи келсем, Куштарбек агай: -Канат сенден келечекте чемпион чыгат, агаларыңдай болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытасың. Күрөш менен машыгууну сунуштайм, сенин шыгың, жөндөмүң бар,- деп айтып, багыт берген эле. Мен үчүн чоң дайранын башаты болгон булактай чоң спорттун эшигин ачкан дене тарбия сабагы деп билем.

Төлөнбай Абдыкалыков,
Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын ден е тарбия мугалими, билим берүүнүн мыктысы:

– Дене тарбия мугалими болуп иштеп жатканыма 31 жылдын жүзү болду. Биз ар бир сабакты төрт чейрекке бөлүп алганбыз. Биринчи чейректе жеңил атлетика менен машыгып, сыртта чуркайбыз, кышында волейбол жана баскетбол оюндарын программага киргизгенбиз, апрель менен май айларында сыртка чыгып, жеңил атлетика, кросс, футболго басым жасайбыз. Андан сырткары, мектепте спорттук ийримдер бар. Мен волейбол боюнча кыздар жана балдарды биринчиликтерге даярдайм. Жумасына үч күн кыздар, үч күн балдар даярдык көрүшөт. Волейбол боюнча жетишкен балдар жана кыздарды Кыргызстандын жаш өспүрүмдөр командасына бизден алып кетишет. Биздин мектептин дагы бир артыкчылыгы – бассейнибиз бар. Учурда капиталдык деңгээлде оңдоо иштери бүтүп жатат. Жакында мектеп программасына сууда сүзүү спортун да киргизсек деп жатабыз.

Шарапат Губайдуллина,
Бишкек шаарындагы №67мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими:

– Бул мектепте 25 жылдан бери иштейм. Жалпы эмгек стажым 45 жыл. Беш-алты саат балдар кыймылдабай сабакта отуруп, чарчап-чаалыгып калышат. Ошондуктан ортодо дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап турса дейм. Азыр балдардын көпчүлүгүнүн омурткалары кыйшайып же аллергия менен ооруп жатат. Себеби кыймыл-аракет аз.

Фаризат Солтогулова,
КР Билим жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси:

– 2023-2024-окуу жылынан тартып дене тарбия сабагынын мазмуну баштапкы, негизги жана жогорку мектеп билиминин баскычтары үчүн иштелип чыккан жаңы предметтик стандарттардын негизинде ишке ашырылып жатат. 1-класстан 11-класска чейин жумасына эки сааттан 22 саат берилет. Совет доорунан бери дене тарбия сабагына маани берилип, билим берүү академиясы сунуштаган жоболордун негиздери аткарылып келе жатат.

Дене тарбия мугалимдери окуучуну ар тараптуу жана гармониялуу өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо, тийиштүү билимдерге, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ кылуу максатын жана милдеттерин көздөп, таалим-тарбия берүүдө. Билим берүүнүн жаңы муундагы ченемдик-укуктук актылары мектеп билиминин жана аны менен бирге дене тарбия процессинин мазмунун жана методикасын өзгөрткөн жаңы идеяларга негизделип жатканын, ага байланыштуу дене тарбия мугалиминен тийиштүү жоопкерчиликти жана чыгармачыл ишмердүүлүктү талап кылаарын белгилеп кетким келет.

Кылым Сыдыкназарова, КР Билим жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

– Мугалимдин көңүлү дене тарбия жана спорттук иш-чаралардын класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы формаларына бурулуп, тийиштүү машыгууларды уюштурууну демилге кылышы керек. Дене тарбия мугалими деп айтылганы менен бул чыгармачылык жана изденүү менен эмгектенүүчү түйшүктүү кесип. Ошондуктан өлкө аймагында дене тарбия мугалимдери жетишпеген учурлар да кездешет. Мисалы: Чүй облусунда 9, Бишкек шаарында 17, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1 мугалим жетишпейт. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл мамлекеттик университеттери, Оштогу Кыргыз-Өзбек университети, Нарын, Каракол педагогикалык колледждери дене тарбия мугалимдерин даярдайт. Тилекке каршы, айрым окуу жайларда бюджеттен каржыланып бүткөн айрым бүтүрүүчүлөр окууга кеткен чыгымдарын төлөп беришип, эркин дипломго ээ болушуп, башка тармактарда иштеп кеткендиктен ушундай кадр таңсыктык жагдайлары болууда.

Өнүккөн өлкөлөрдө дене тарбия сабагына кандай көңүл бурулат?

Бул макаланы даярдап жатып, дене тарбия сабагы башка өлкөлөрдө кандай өтөөрүн иликтеп, айрым кызыктуу фактыларды мисал кылууну туура көрдүм. Маселен, АКШда дене тарбия сабагы күнүмдүк сабакка киргизилип, жети мүнөттүк дене жазуу көнүгүүлөрүнөн башталат. Америкалык окуучулар күн сайын бир миль (1,6 км) кросс чуркашат.

Улуу Британияда биздей эле жумасына эки жолу дене тарбия сабагы өткөрүлөт. Сабактарда баскетбол, волейбол, бадминтон, гимнастика, бий түрүнө басым жасалып, жамааттык оюндарга көбүрөөк көңүл бурулганы менен окуучулар өз каалоолоруна жараша спорттун бир нече түрлөрүн тандай алышат. Баарынан кызыгы, дене тарбия сабагында балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө машыгат.

Ал эми Кытайда дене тарбия сабагына өзгөчө маани берилет. Спортко шыгы бар балдарды адистештирилген спорт мектептерине тандап алышат. Дене тарбия мугалими абдан барктуу кесип катары бааланат.

Ал эми Жапонияда болсо, дене тарбия сабагына ар жумасында үч сааттан жогору убакыт бөлүнөт. Окуучуларга жалпы дене тарбия көнүгүүлөрүнөн тышкары, сууда сүзүү жана ошондой эле сергек жашоо ыңгайына ылайыкташкан сабактарынын негиздерин окутушат. Андан тышкары, ар кандай кошумча программалардын алкагында балдар жумасына үчтөн кем эмес спорт ийримдерине катышып, аларда спорттун каалаган түрү менен машыгууга шарт түзүлгөн.

Улуу Британияда, Германияда жана Италияда бир жумалык дене тарбия сабагы төрт саатка чейин жетээри белгилүү. Японияда негизги басым окуучунун ден соолугуна жана анын инсандык өнүгүүсүнө жасалып, дене тарбия мугалими окуучунун ден соолугун, дене-бой өнүгүшүн жана физикалык даярдыгын тыкыр көзөмөлгө алат.

Кыргызстанда дагы дене тарбия сабагын үч саатка көбөйтүү сунуштары айтылып келет. Балким, келечекте ишке ашып калышы ыктымал. Дене тарбия мугалиминин негизги милдети – окуучунун дене түзүлүшүнүн мыктылыгын, моралдык тазалыгын, руханий байлыгын, ошондой эле эмгекке жана Мекенди коргоого даярдыгын анын инсандык гармониялуу өнүгүүсүнө негиздеп камсыз кылуу болуп саналат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер