«Даңк» медалынын ээси Бүкөн СУЛТАНБЕКОВА: “МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ПАДЫШАСЫ”

  • 01.02.2024
  • 0

"Даңк" медалынын ээси Бүкөн СУЛТАНБЕКОВА:  “МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ПАДЫШАСЫ”

Узап кеткен жылдын акыркы күндөрү менин каарманым үчүн өмүрүндөгү эң кубанычтуу күндөр болду десем жаңылышпайм. Анткени Бүкөн Султанбекова 2023-жылдын 28-декабрында Президентибиз Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алып,  Даңк медалын сыймыктануу менен төшүнө тагынды. 90 жаштагы  Бүкөн апа ошол күндөгү сыйлык алгандардын эң улуусу болду. 40 жылдан ашуун өмүрүн  агартуу тармагына арнаган апанын кубанычы азыркыга чейин таркай элек. Апанын көптөн күткөн сыйлыкты алышы менен биз да куттуктап, маектештик.

Бүкөн апа, сыйлык кут болсун! 90 жашта сыйлык алган кандай болот экен?

— Чоң рахмат, айланайын. Силерге да меникиндей кубанычтуу күндөрдүн көп болушун каалайм. Эми өмүр жашым 90го келип калса дагы эмгегимди баалаганына сүйүндүм. Чыңгыз Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы Анарбек Токтогожоев атындагы орто мектепте физик-математик мугалими жана директордун окуу-тарбия боюнча орун басары болуп көп жыл иштедим. Жүздөгөн балдарга билим бердим.  Ал кезде наам жөнүндө ойлочу да эмеспиз. Бир гана ишибизди сүйүп, жумушка башыбызды сайып коюп иштечүбүз. Бир кездеги менин окуучуларым азыр өлкөбүзгө белгилүү инсандар болушту. Элге кызмат кылып жатат. Мен ошол окуучуларым менен сыймыктанам. Мугалим- эң ардактуу кесип. Кесиптердин падышасы деп билем. Космонавтты да, президентти да, жазуучуну да, министрди, депутатты да мугалим окутат. Мугалимдик кесипти тандаганым өмүрүмдөгү бирден-бир жетишкендигим деп эсептейм.

Апа, сиздин мезгилдеги мугалимдер башкача болчу да. Азыркы мугалимдер менен айырмасы эмнеде?

— Оо, биздин мезгил Советтер Союзунун дүңгүрөп турган учуруна туш келди. Ал кезде саясий система башка болчу. Мугалимдерге болгон мамиле да өзгөчө болгон. Ата-энелер балдарын мектепке бергенде “баламдын сөөгү меники, эти сиздики”деп баласын толук бойдон мектепке тапшырчу да. Анан калса мугалимдин алдынан жолун кесип өтүшчү эмес. Мугалим  өзүнчө бир ыйык жандай эле да. Ошол эле учурда мугалимдер бала окутуп, тарбиялоого болгон күч-кубатын  жумшачу, билимдин сапатына басым жасалчу. Мугалимдердин мойнуна билим берүүгө кошо балдарды эмгекке тарбиялоо, коомдук иштерге тартуу деген дагы милдеттер жүктөлгөн да. Ошондуктан мугалимдер мектепке отубуз менен кирип, күлүбүз менен чыкчубуз.

Анан үйдөгү аялдык, энелик түйшүк да бар эле… Түнкүсүн план жазмай, дептер текшермей, усулдук-көргөзмө жасамай, деги койчу, түмөн түйшүктүү учурлар артта калды. Азыркы мугалимдерге билимин өркүндөтүүгө, билимдин сапатын жогорулатууга толук шарттар бар болгону менен мага мугалимдердин статусу биздин мезгилдегидей бийик болбогондой сезилет. Демократиянын шарданы менен коомчулукта мугалимдерге болгон көз караш, урмат-сый түп-тамыры менен өзгөрдү. Учурда окуучунун укугу биринчи кезекте корголот. Ал эми айрым учурда мугалимдин эмгеги көшөгөнүн аркасында калып калат да,  кээде күнөөлүү болуп чыга келет. Мугалимди жазалаптыр, мугалимди жумуштан кетириптир дегенди угуп, кейип калам. Президентибизге рахмат, мугалимдердин маянасын көтөрүп берип, колунан келишинче колдоп жатат. Түшүнгөн жанга агартуучулар –коомдогу эң чоң күч. Коомду алдыга сүйрөгөн мотор, локомотив сыяктуу. Андыктан өкмөттүн мугалимдерге болгон камкордугу мындан да күчтүү болуш керек.

"Даңк" медалынын ээси Бүкөн СУЛТАНБЕКОВА:  “МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ПАДЫШАСЫ”

— Маектин башында айтып кеттиңиз го, менин окуучуларым элге кызмат кылып жатышат деп. Кимдер экенин атай кетсеңиз?

— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-министр, учурдагы Түркиядагы Элчи Руслан Казакбаев, тарых илимдеринин доктору Жыргал Момбекова, атактуу Бауманды кызыл диплом менен бүтүргөн Архимед Токтогожоев, Архимеддин иниси Медакадемияны кызыл диплом менен аяктаган  Нурахмет Токтогожоев. Бул окуучум Түркиядан стажировкадан өтүп келген, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эркебай Боромбаев,  Санай берсем тизме көбөйөт. Окуучуларым аман болуп, элге ак кызматын кыла беришсин.

— Сиз ааламга атагы тараган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жакын тууганы да болот экенсиз го?

— Ооба, Чыңгыз акем болот. Менин атам менен Чыңгыздын атасы Төрөкул жакын тууган болушат. Менин атам Султанбек Моңолбаев өз мезгилинде орус-тузем мектебинде окуган, сабаттуу болуптур. Төрөкулдан 11 жаш улуу болот.  Анан Төрөкул Айтматов Ташкентке окууга барайын десе, акчасы жок кыйналып калат. Атам “менин жолумду жолдой турган, менин сөзүмдү колдой турган пикирлештер керек» деген ниетте Төрөкулду окууга жөнөтөт. Кантип дебейсиңерби? Апам Актотунун себине келген  Германиянын “Зингер” маркасындагы  тигүүчү кол машинаны күрөөгө коюп буудай алып, аны сатып, ошол акчаны Төрөкулга берип, окууга жөнөткөн экен. Төрөкул анан Ташкенттен мыкты окуп, Москвага тандалып кетип атпайбы. Кийин 1937-жылы Сталиндик  репрессиянын курмандыгы болуп камалганда, атам дагы кошо камалат. Мен ошондо болгону эки жашта элем. Апам Актоту жетимдери менен калып, аябай кыйналыптыр. Улуу Ата Мекендик согушта жанагы тигүүчү кол машина менен фронтко солдаттардын кийимин, формасын тигип иштеген экен. Ошол машинаны мен былтыр 2023-жылы 28-августта “Ата-Бейит” улуттук-тарыхый   мемориалдык комплексине өткөрүп,  эстелик белек кылып бердим. Раматылык атамдын да өмүр баяны “Ата-Бейиттеги тактага жазылып, Султанбек Моңолбаев тарыхый баасын алды. Ушул окуядан кийин менин кадимкидей санаам тына түштү. Болбосо канчалаган жылдар атамдын дарегин издедим. Кабарын иликтедим. Акыры атама тарыхый баа берилгенде тимеле мойнумдан тоодой жүктү алгандай болдум. Эми “Акыретке барсам, атамдын алдында жүзүм жарык болот”- деп ыйладым. Президент  сыйлык тапшыруу аземинде мени ардагер агартуучу атап, өз сөзүндө атам тууралуу эскерип өткөндө ичимден сыймыктанып олтурдум.

— Эми кепти Чыңгыз Айтматовго бурсак, сиз агайга жаш кезинде кыздардан кат ташып берчү деген маалыматты да угуп калдым эле. Ал окуя кандай болду эле?

— Ал бир унутулгус керемет күндөр. Экөөбүз бир тууган ага-карындаштай элек. Чыңгыз агабыз шаарда окуп жүрүп, айылга чарбага практикага келгенде биздикинде жашады. Аябай ынак элек. Анын байпактарын, кийимдерин жууп, үтүктөп чемоданына салып коёт элем. Бир күнү кийимдерин салып атып, үч бурчтук бүктөлгөн кагазга көзүм түштү. Кызыктым да, акырын ачып окудум. Болочок жеңебиз Керээздин каты экен. Катка аяр сезимдерин жазып, анан аягына “Чыңгыздын жарымы Керээз” деп жазып кол коюптур… Баягы “Эрте келген турналар” чыгармасындагы Мырзагүл менен Султанмураттын  окуясы Чыңгыз акемдин өзүнүн жаштык кезин эске салат. Ал кезде каттар ошондой үч бурчтук болуп бүктөлүп келчү. Чыңгыз акеме канчалаган кыздар кат жазышты… Ал өзү да канчалаган жигиттердин ашыктык каттарын жазып берди.  Акем абдан сулуу, жылдыздуу, кичипейил, адамгерчиликтүү болгон. Элден жардамын аячу эмес. Бирок  мен  кийин андан бир пендечилик жардам сурабадым. Андай пендечилик маселелер менен убактысын алчу эмеспиз. Мен шаарга окууга келгенде аныкына барып турат элем. Нагима апам ар дайым беш бармак бышырып, мейман кылчу. Керемет инсандар эле… Азыркыга чейин аларды эскерүүдөн чарчабайм.

"Даңк" медалынын ээси Бүкөн СУЛТАНБЕКОВА:  “МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ПАДЫШАСЫ”

— Апа, агаңыздын жазуучулук талантынан сизге да жуккандыр. Сизди да ыр жазат деп угуп жүрөм.

— Каяктан? Чыңгыз Айтматов кыргыздын багына бир жаралган инсан. Андай жазуучу бир кылымда бир төрөлөт деп айтышат.Мына анын мектеп, билим берүү темасына арналган “Биринчи мугалим” чыгармасы эмне деген керемет чыгарма. Дүйшөн агай баштаган билимдин, агартуунун жолу бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат. Бирок ошо Дүйшөндөй болуп, өмүрүн агартууга арнагандар саналуу гана экени өкүндүрөт … Өткөндө мага бир ыр саптары келди, таң калдым. Ошону жазып кой.

“Карылыгым кадам шилтеп, жол тартат,

Аппак бетти бырыш басып баратат.

Карылыгым, шаштырбачы коё тур,

Жерим — кымбат, жерим асыл — рахат.

Күндөр өтүп, жылдар өтүп арадан,

Кара чачым буурул тартып баратат.

Жаратканым, жаштыгымды кайтарчы,

Эл-жер үчүн иштейинчи кайрадан,

Деген ойлор менен азыр таң атат”.

Азыр билим берүү тармагында иштегенге кандай сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин мезгилде ушундай мүмкүнчүлүктөр бар болгондо, мен мындан дагы мыкты мугалим болмокмун… Азыр да мектептеги мугалимдерге кеп-кеңешимди айтып турам. Мектепти сагынам…

— Бүкөн апа, кызыктуу маек бергениңизге чоң рахмат.

— Силерге да чоң рахмат. ”Кут Билим” гезитине ийгилик каалайм. Гезитиңерди окуп турам.  Биздей агартуучуларды даңктай бергиле.

Кабыл Макешов,                                         

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер