ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН МЕДАКАДЕМИЯ

  • 04.04.2024
  • 0

Пакинстандан келген 22 жаштагы Абдуллах Шадаб кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын дарылоо иши факультетинин 4-курсунун студенти.  

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН МЕДАКАДЕМИЯ

Пакистандын калкынын саны 200 миллиондон ашуун адамды түзөт. Бир провинцияда 20дан ашык мамлекеттик окуу жайы бар. Ар бир университет жылына жүздөн студентти гана кабыл алат. Ошондуктан пакистандык бүтүрүүчүлөр Кыргызстандан башка Кытай, Германия, Австралияга чейин барып окушат. Алардын бири — Абдуллах Шадаб. 2019-жылы окууга тапшыруу максатында Кыргызстанга келген.

Шадабдын айтымында, мектеп курагынан бери медицина кызматкери болууну каалап жүрүп, алгач Бишкектеги жеке менчик университетке окууга тапшырган. Бирок бир тайпада 25тен ашык студент билим алгандыктан, түшүнбөгөн темаларды сурап, окутуучу менен баарлашууга кенен мүмкүнчүлүк болбогондон улам ал окуу жайдан чыгып, Медакадемияга тапшырган. Себеби бул окуу жайда бир тайпада 11 гана студент билим алып, окутуучу менен кенен баарлаша алат.

Абдуллах Шадаб Кыргызстанга келерде расмий тилди билиш керек деген башкалардын сунушу менен орус тили курсуна эки ай барып, орус тилдүү адамдар менен практика кылып жүрүп, үйрөнгөн.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН МЕДАКАДЕМИЯ

Медициналык академиядагы кыргыз тили мугалими сабакты кызыктуу өткөндүгү үчүн бул тилди да үйрөнө баштаган. Студенттин кыргыз тилине болгон кызыгуусун мугалимдин сулуулугу ачкан десек болот. Себеби жаш жигит сабакка чырайлуу эжейин көрүү үчүн гана барып жүрүп үйрөнгөн.

  • Бишкекке келгенде эл аралык компанияда менеджер болуп иштеген бир кыз менен таанышып, бир жыл бою күн алыс жолугуп, баарлашып жүрүп, ал кызга мен англис тилин, ал мага кыргыз тилин үйрөткөн. Кыргыз тили сабагын Эльмира Кыдырмаевна өтчү. Эжей мага кыргыз тилин үйрөттү. Ал абдан жакшы мугалим, анан да сулуу, дайыма күлүп турат. Англис тилин да билгендиктен түшүнбөгөн нерселерди англисче айтып берчү. Туура эмес сүйлөп алсак, жардам берүүгө дайым даяр эле. Даталуу күндөрү кыргызча ырларды жаттап, ырдаганыбыз да бул тилди өздөштүрүүбүзгө жардамын тийгизди. Кыргыз тилин эки жыл окудук. Урду тили менен кыргыз тили окшош деп ойлогондуктан, аны үйрөнүү оңойдой сезилген. Бирок окшош эмес экен. Бизде “т” тамгасы жок. Өзгөчө ушул тамга кошулуп жазылган сөздөрдү айтууда кыйынчылыктар болду, — дейт студент.

 

Ошондой эле ал кыргыз тилин дагы да тереңирээк өздөштүрүүсүнө практиканын жетишсиздиги жолтоо болуп жатканын айтат. Себеби кыргызстандыктар менен кыргызча сүйлөшкүсү келгени менен өз тилинде сүйлөгүсү келгендерди көп кездештире албайт. Кыргыз достору да орусча баарлашат. Ошондуктан азыр эки кыргыз кыз менен келишим түзүп, бири-бирине тил үйрөтүүдө. Мындан сырткары, Абдуллах Шадабдын бир тууган агасы да Кыргызстанда билим алган. 15 жылдан бери Бишкекте жашап, Медакадемияда сабак берет. Кыргызча жакшы билгендиктен, инисине да үйрөтөт. Шадаб коомдук жайларда жүргөндө, таксиге отурганда кыргызча сүйлөшкөнгө аракет кылат. Студенттин коомдук транспортко түшкөндөгү «Канча сом? Токтотуп коесузбу?» деген суроолоруна айдоочулар таңыркап, кайдан үйрөнүп алганын сурап, келечекте Кыргызстанда калуу же кетүү оюн билгенге шашылышат.

Пакистандык студентке Кыргызстандын жаратылышы, тамак-ашы да жагат. Көп жерлерди өз өлкөсүнө окшоштурат. Мисалы, кой этин көп жешет, кыргыздын куурдагына окшош улуттук тамагы бар. Каада-салттардын да окшоштугу бар. Пакистанда да тойго акчалай кошумча беришет, үйлөнүү тою үч күнгө созулат, алар да тууганчыл келишет. Бир гана тилден айырмаланып тургандай сезилет. Кыргызстандын абасында эс алганды жакшы көргөндүктөн, айына эк ирет Ысык-Ата, Каракол, Ала-Арча сыяктуу шаарга жакын жерлерге чыгып турганды адатка айлантып алган. Жайкысын сөзсүз Ысык-Көлгө барат. Мындай пейзажы менен таза абаны студенттин ата-энеси да жактырып, каникул учурунда эки-айга келип турат.

Абдуллах Шадаб өз кесибин дагы да тереңирээк өздөштүрүп, ординатуранын онкология же хирургия бөлүмүнө тапшырууну пландоодо. Улам жаңы өлкөлөрдөгү жашоону, өнүгүүнү өз көзү менен көрүп,  жаңы тажрыйба топтогондон ырахаттанган студент келечекте Дубайда иштөөнү каалайт.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН МЕДАКАДЕМИЯ

Окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Гүлсункан Жунушалиеванын айтымында,  2009-жылы окуу жайдын тилди өнүктүрүү сектору ачылган. Улуттук программанын негизинде беш багыт боюнча иш алып барат. Алар: мамлекеттик тилде окутуу, иш кагаздарынын санын мамлекеттик тилде жүргүзүү, илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилди ишке киргизүү, мамлекеттик тилдеги окуу китептерин басып чыгаруу, маданий-массалык иш-чараларды мамлекеттик тилде өткөрүү.

КММАда окутуу процесси үч: кыргыз, орус, англис тилинде жүргүзүлөт. Бүгүнкү күнү көпчүлүк жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилге  4-6 кредиттик саат бөлүнсө, академия кыргыз тилин окутуунун 240 саатын башкача айтканда, сегиз кредитти сактап калган.

—      Жыл сайын кыргыз тайпалар ачылат. Кайсыл тилде билим алуу студенттин өз каалоосуна калтырылат. Тилекке каршы, кыргыз тилиндеги окуу куралдары, маалыматтардын аздыгынан улам көпчүлүк студенттер жогорку курстарга барганда орус тилиндеги окууну тандайт. Мисалы, быйыл кыргыз тилинде билим алган жалпы сегиз тайпа бар. 1-курста 45 студенттен турган эки, 2-курста 36 студенттен турган үч, 3-курста 24 студенттен турган эки, 4-курста 12 студенттен турган бир тайпа бар. Чет элдик, аймактан келген студенттер да билим алгандыктан, 240 сааттык программанын алкагында бардык категориядагы студенттерге ылайыкталган окуу программалар менен иш алып барылат. Мисалы, чет элдиктердин сүйлөө кебин өнүктүрүү. Кыргыз жарандары үчүн татаалыраак программа берилет. Бирок кыргыз тилин буга чейин окуган да, такыр окубаган да студенттердин баарына эки жыл бою кыргыз тили сабагы биргеликте өтүлөт. Бул аралыкта чет элдик студент өзүн тааныштырып, күнүмдүк суроолорду бергенди жакшыраак өздөштүрөт. Бүгүнкү күнү кыргыз тилинде эркин баарлашып калган студенттерибиз жок эмес. Ал студенттер биз менен кыргызча сүйлөшөт. Биз да алар менен кыргызча көбүрөөк баарлашууга аракеттенебиз. Тилекке каршы, биз минтип аларды кыргызча үйрөтө албай жатсак, шаардыктар орус тилинде жооп беришет,  — дейт проректор.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН МЕДАКАДЕМИЯ

Окутуучуларды деңгээлдер боюнча окутуу үчүн жумушчу программасы да түзүлүп, былтыр кыргыз тилин окутуу боюнча бекер курстар ачылган. Учурда үч денгээлдеги тайпаларда окуп жатышат. Кыргыз тилин терең үйрөнүүнү каалаган окутуучулар абдан көп. Жөнөкөй кызматкерлерден тартып, професорлорго чейин кезекке турушкан. Курс ачылгандан бери токсондон ашык окутуучу кыргыз тилин үйрөнүп, сертификаттарга ээ болушту.

Окутуучулар үч программа: А, В, С деңгээлдери боюнча окутулат. А -баштоочу деңгээли башка улуттагы окуучуларга ылайыкталып, жөнөкөй түзүлгөн. В — улантуучу, С — жогору деңгээл болуп саналат. А деңгээлин окуп, улантып жаткан окутуучулар көп.  Тармактык лингвистика, тармактык термин түшүнүктөрдү окутуу боюнча КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректорунун жетекчилиги астында мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору иш алып барууда. Маданий иш-чаралар, иш  кагаздар толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН МЕДАКАДЕМИЯ

Мындан сырткары, ар бир кафедрага ай сайын өзүнө тиешелүү жаңы терминдерди иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Жакында окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору  жана мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан медициналык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү басылып чыгат. Ага 62 факультеттин терминология сөздүгү камтылат. Ай сайын окутуучулар чогулуп, иштелип чыккан терминдерди ортого салып талкуулашат. Учурда 1500 жакын жаңы терминдин түшүндүрмөсү окуу жайдын сайтына жайгаштырылган. Китеп толугу менен иштелип бүтсө, баарына жеткиликтүү болуусу үчүн электрондук варианты да жайгаштырылат.

 

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер