БУРУЛЧА ЭЖЕКЕНИН ГЛОБУСУ

  • 30.06.2022
  • 0

Кечээ Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында белгилүү журналист Жеӊишбек ЭДИГЕЕВДИН «Көк дептер» эсселер жыйнагынын бет ачары болду. Окурманга бул китептен бир-эки келкини сунуштайбыз.

 

БУРУЛЧА ЭЖЕКЕНИН ГЛОБУСУ

 

Бурулча эженин эки чоң куралы бар эле: глобус жана Дүйнөнүн атлас картасы. Экөө тең көк түстө. Анткени бүт глобус, карталар ошондой болот, көк түсү көп, анткени дүйнө өзү ошондой, кургагынан суусу көп, жамгырынан буусу көп, тынчтыгынан чуусу көп… Бирок ал кез, советтик кез дүйнө али кантсе да тынч мезгил эле… Анан калса “СССР – тынчтыктын тиреги” болуп, дүйнөдө эмне окуя болуп атпасын бизге алар чыпкаланып, ааламдын башка азаптарынан алыс болуп, бактылуу өлкөдө, бактылуу өмүр сүрчүбүз. Бирок, тилекке каршы, биздин ошол бактылуу балалык менен бирге биз билбеген, биз сезбеген айыгышкан, муздак согуш жүрүп, болгондо да ошол 1984-85-жылдардан баштап “Тынчтыктын тиреги” болгон зор өлкөнүн тамырына доо кетип, кум сымал эшилип, азуулууга алдырып, улам тайып баратканы экен… “Муздак согуш!” Ал башталып бүткөнгө чейин биз андан кабардар болбой өстүк.

Бурулча эже: “Кана тапкылачы, биз кайсы жердебиз?” деп таякча менен картаны, калеми менен глобусту көргөзгөндө кудай сакта! капкаяктагы метерик, өлкөлөрдү көзүбүз жайнап кыдырып келип бирибиз Азияга жакындасак, кай бирибиз Америка, Африкадан чыкпай, ошол жакта адашып олтурчубуз. Ким билет, окуучулар ар кыл элек… ошол бойдон бирибиз Орто Азияга келдикпи же ошо бойдон “Атластын” ичинде адашып, жер шарынын глобусунан жол таппай Ала-Тоого келген жокпузбу… жакындап жеткен жокпузбу — аны айта албайм…

Дүйнөлүк картаны карап менин эсимди чыгарган бир көрүнүш бар эле… ал алиги көпкөк тарткан суулар болчу. “Биздин Жер шарынын дээрлик төрттөн үч бөлүгүн суу басып жатат. Жер бетинин 71 проценти суу. Эгерде бүт океан, деңиздерди жайып жиберген болсок жер бетин 2.5 миң метр суу басып жатмак…” дечү эжеке. Мен ошону ушунчалык жандуу элестетчүмүн, мен ошондон жүрөгүм опкоолжучу, мен океандарды эже айткандай бизди каптап келаткандай көрчүмүн. Жер бетинин төрттөн үч бөлүгүн дейт! Кап, бу кичине акыйкат эмес го ыя, жок дегенде кургак жер жарымынан болгондо биздин Кош-Дөбө балким мындан чоңураак айыл болмок беле дечүмүн. Анан терезеден Кырчындын аскаларын карап, алардын зордугун, бийиктигин карап: “Аа жок, суулар мындан өтө албайт!” — деп компоюп коёр элем.
Бурулча эжеке, бүт өмүрүн мектепте география сабагына арнады. Эже мага глобустагы бүт өлкөлөрдү көрүп келгендей, алардын бүт тилин билгендей, сабак бүтсө класстан чыгып, мектептен чыгып үйүнө эмес кайдадыр Африкадабы, Австралиябы же Альяскадабы жапайы кара элдерге жолукканы, эмки сабакка деп аларды изилдегени кеткендей сезилчү.

Сизге рахмат, эжеке! Сиз көптү билген үчүн, сабакты элестүү жакшы өткөн үчүн бизге ошондой таасир болсо керек. Бүгүн ардактуу пенсияда, небере, чөбөрө жыттап эс алуудасыз. Ылайым көп жашаңыз. Мектепте ошол Атлас карта, балким ошол глобус дале бар чыгар. Сиз көргөзгөн кичинекей кызыл чекит Кыргызстан, Дүйнө бөлүктөрү, материктер тургандыр даана чийилип. Мен корккон океандар чайпалып… Бирок заман андан бери катуу өзгөрдү. Сиз колуңузду кенен созуп, чийип көргөзгөн эбегейсиз баягы СССР өчтү картадан. Кичинекей кызыл чекит Кыргызстан элдери ошондо биздин көз адашкан ааламга тарап кетти нан тапканы. Адам эмес ааламдын өзү ооруду. Адамзат, илимпоздор жыл санап коңгуроо кагат: табият октон тайыды деп, баягы океандар ааламдын ысыгынан ашканы турат чегинен деп, коркунучтуу жомоктор чынга айланып…

Бирок баары өтүп, баары өчкөн менен, үмүттөр өчпөйт экен. Неберелер сиз өстүргөн колдон алып, чөбөрөлөр буттан алып, муундан муун алмашып келечекти көтөргөнү турушат. Сиздин эмгек акталып жаштарыбыз билимдүү, “Атластагы” ааламыбыз тынч болсун!

 

 

Ата Мекен – жүрөктө!

 

*Дин ар кимдин өз иши, а Ата-Мекен — экөөбүздүн ишибиз, дос!

*Мен сени жазып бүтө элекмин, сен мени окуп бүтө элексиң…

Эртең менен, түштө же кечинде үстүңө жеңил кийинип, чөнтөккө сотканы салып, кулакка кулакчынды тагып чоң паркка чыгасың. Чуркап эмес, каалгып эмес ыкчам басып жөнөйсүң. Паркты бир айлансаң эки чакырым чыгат. Анан айланып басып жөнөйсүң. Бир тууган, тууган, тааныш, досторго ошондо кабар алышам. Үндөрүн угам. Өзүм сүйлөйм. Кыргызстан кабарларын угам. Көрө албай, уга албай жүргөн берүүлөрдү, маектерди, жасалган талкууларды угам. Эгерде кыргызда жаңы обон, ырдар чыккан болсо сөзсүз угам. Тилекке каршы, бүгүн өнөрдөгү обонду саясаттагы “ОБОНчулук” басып кетти…

Антсе да эл ичин тыңшай билген жакшы: “Мен” деп кыйкырбаган, жутунбаган, көкүрөгү бай турса да төш какпаган кыргыздын көп таланттуу, билимдүү, акылдуу адамдары бар. Ошолордун маектерин топтоп алам да, угам. Басып баратып. Ойлонуп баратып. Анан да таза абада кыймылдап баратып. Бул менин көнүмүш ыкмам. Көп ишимди, көп оюмду, көп сөзүмдү ушинтип басып жүрүп табам. Паркта же шаар аралап же көлдү жээктеп жүрүп. Антпесең убакыт таппайсың. Антпесең убакыт деген баарына жетпейт. Кээде тирилик менен убакыттын ортосунда талтайып калган учурлар болот… “Качан эми, качан?!” дегенче ооуу айлар эмес жылдар өткөнүн чоочугансып карайсың. Кээде дүйнөнү кой, Ала-Тоодон алаарыңды аш кыла албай какайсың. Жаңылыктар агымы деген оңой эмес. Аны болгону иретке сала билиш керек. Анан жашап жаткан чөлкөмгө өтөм. Женевада эмне жаңылык, Швейцарияда эмне жаңылык. Европада, дүйнөдө…

Журналистикада, дегеле маалымат алам деген адам тирилигинде географиялык аймак же сени курчаган чөйрө кызыкчылыгы деген бар. Ал маанилүү ролду ойнойт. Адам кайсы жерде жашаса, эң биринчи кезекте ошол жердеги жаңылыктар ага кызык. Анткени адамдын тирилиги ошол жашап жаткан жеринен башталат. Ошол жашап жаткан жерден жасалат жашоосу. Айталы, көчөңдө жаңы дүкөн ачылса, бийик карагай менен жарык орнотулса сага мына эң биринчи ошол кызык. Анткени сен дал ошол көчөдө жашайсың. Анан айылыңа жаңы суу түтүк коюлса же айылың менен райборборго жаңы каттам ачылса, мына ошол кызык. Анткени булардын баары сенин жашооңо тиешелүү, эң биринчи керектүү нерселер, керек жаңылыктар. Анан райондогу, анан облустагы жаңылыктар анан барып өлкөңдөгү жаңылыктар…

Адамзат тирилиги ушинтип түзүлөт, адам кызыкчылыгы ушинтип куралат. Анан барып башка өлкөлөргө, анан барып дүйнө түрмөгүнө өтөсүң. Биздин табият ушундай. Биз ушундайча түзүлгөнбүз. Кызыгы, ошонун баарына, болуп жаткан не деген керемет, сонундарга убакыт таба алабызбы де?! Аны кантип жеткирсе болот? Аңгыча… китеп качан окуйсуң, керемет кинолорду качан көрөсүң, мээңди, дүйнөңдү кантип толтурасың, жазчулар… аны качан жазасың, чет тилди окуп өз тилди кантип байытасың, качан дос күтөсүң, качан жакыныңдын көңүлүн алып, убактыңды аябай чер жазыша сүйлөшөсүң!? Жумуш эмне болот, тирилик кандай болот, ден соолук кантет, спортту ким кылат?..

Айылга качан барасың, эртеңки тойлор, кошумчаларчы? Биз абада эркин жашаганыбыз менен тирүүлүккө ушинтип малынып, чыланып жашайбыз. Чалынабыз, тумчугабыз. Ошонун арасынан максатты сууруп чыга албай адашат адамдар. Бирок адам үчүн тирүүчүлүктүн ошондой агымы, анын болуп турганы өзү – бакыт. Бул – маселенин башка жагы. Эгер биз өзүбүзгө суроо койгубуз келсе, биз үчүн суроо көп, ал толуп атат. Биз болгону суроо койбойбуз, суроо коюп, талап коюп жашаганга көнбөйбүз. Кээде ал – оюбузга да келбейт. Анткени ага шарт жок, убакыт жок… А өмүр өтүп атыры, жумуштун баары “эртеңдерге” айланып, салаадан чууруп: жаштыгың, орто жашың, карылыгың…

Же эртең менен, түштө же кечинде ушул суроону жеңилдетем деп сыртка кетем. Жеңил кийинип, чөнтөк-телефонуң алып. Баса, телефонду унутпа. Бүгүнкү заман куралы ошол. Керек болсо мыктысын ал, пайдасын бүт көрөм десең. Көп болду. Көнүп каласың. Эки чакырым паркты беш айлансаң, он чакырым жүрөсүң. Көп жумуш бүтүп, кан айланып, көңүл сергип, үйгө келип анан башкасына билек түрөсүң.

Жыйырма биринчи кылым бизди жана ар кимибизди жөн жаткыргысы жок. Ал максаттан мурда сага тапшырма коёт. Аткарсаң мени ээрчийсиң, аткарбасаң каласың аңда деп. Анан жөнөйсүң ордуңан туруп алып, ичтеги КЫРГЫЗ деген жүрөктү камчыланып. Башкалардын ичинде башка жүрөк, а сен экөөбүздө КЫРГЫЗ жүрөк. Ага көп камчы, көп сабак жетпейт… бирок ал бир жакшы сууп, жүрүшүн таап алса бара турган марасы алыс, ашуусу менен кыялы бийик… Турпатың кайда болсо да ичиндеги жүрөгүң кыргыз эл деп, Ала-Тоо деп сого берсин!

 

Бир сүртүм ойлордон

 

*Эргүү — бул шанс. Эргүү — бул табияттын белеги. Эргүү — бул чексиздикке кошулуу. Эргүү — бул жок нерседен бар кылуу… Эргүү — бул демек жолуң болуу дегендик. Жолуңар болсун дайым!

*Мамлекет илим менен маданияттан акча аяп, кайра алардан жол үмүт этет экен…

*Тактыга умтулбай, элге умтул. Тактыны эл алып берет.

*Ата бабаларга караганда жакшы ичинип, жакшы кийинип, жакшы, жылуу үйлөрдө жашайбыз бирок ата бабалардай мекенчил боло албайбыз…

*Акындык бул ташка тамга баскандык.

*Өтө сейрек болсо да жарыялардан көрүп калып жүрөм: “Кыргыз тилин мыкты деңгэээлде билген” деп талап кылгандарды. Бул демек кыргыз үчүн жакшы жаңылык. Муну кичине болсо да, бир кадам болсо да алгалоо деп коём.

*Менде убактылуу керек болчунун баары бар, түбөлүк керек болчудан эмне бар…?

*А дүйнөгө барганда көрүшөт дешет. А балким андай эместир. Ал жакта да бардыр алыстыктар… Катташуу балким кыйындыр? Кат жазуу жок, алар да, балким жолду күтүшөөр? Кар түшүп, бел жабылып калган сымак жолугуулар жазга калаар? Анан жаз кечиккенсип түнү узун, кары оор кыштар бардыр? А балким күн бүркөлүп, бороон болоттур. Улуган иттер менен бөрүсү жок ай жылаттыр асманда? Бир жылкы күз түшүм бербей калгандай, кайсы бир жыл шарты чыкпай койгондой ал жакта да жолугуунун сааттары чыкпайт, балким.

Ким билет, бир тирилик бардыр бүтпөгөн, бир “тирүүлүк” бардыр түгөнбөгөн… Балким, анда да сагынычтар айтылаар. Эне жолду күткөндөй кайдадыр ашуу-белге күрткү түшүп, жол жабылып, уулунун улоосу жүрбөй балким, уйкусуз түндөр өтөттүр… Бу жолу ысык меште эмес, жүрөктө оттор күйөттүр жалын болуп. Ошондо да, дагы эле Эне байкуш болоттур уктабаган, сени күткөн, түбөлүк!

Бөлүшүү

Комментарийлер