БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

  • 09.04.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТКыргыз жергесинде кайрадан зор салтанат менен спорттук күрөш майрамы башталганы турат.

2024-жылдын 11-апрелинен  16-апрелине чейин Бишкек Аренасында грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты курч мүнөздө өткөнү турат.

Кыргызстанга  ушундай Азия чемпионатын өткөрүүгө ишеним артып, колдоого алган Бүткүл дүйнөлүк бириккен күрөш уюмунун Азия Кеңешинин президенти Даулет Турлыханов  жана бул уюмдун жетекчилери да келишет.

Ошондой эле Азия чемпионатынын ачылыш аземине  КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек  баштаган өкмөт мүчөлөрү катышаары күтүлүүдө.

Бул жолку Азия чемпионаты жана  Олимпиада оюндарына талапкерлерди тандап алуу континенталдык мелдеши  быйыл жайында Париж шаарында  өтө турган жайкы олимпиада оюндарынын алды жагында өтүп жатканы менен өтө маанилүү жана баалуу болуп саналат.

Кыргызстанда өтө турган Азия чемпионаты эл достугуна, ынтымагына данакер болуп, спорттогу жеңиштер балбандардын чеберчилигин жогорулатмакчы.

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев жана башкалар Азияда  алдыңкы сапта туруп, башкаларга үлгү, өрнөк болуп келатышат.

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

Podium 77kg GR — Gold Akzhol Makhmudov (KGZ)

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

60kg GR — Zholaman SHARSHENBEKOV (KGZ)

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

62kg WW — Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Ал эми бул Азия чемпионатына  Кыргызстандан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышып, өлкөбүздүн намысын коргойт.

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

WW 76kg — Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ

61kg FS — Taiyrbek ZHUMASHBEK UULU (KGZ)

Учурда балбандарыбыздын даярдыгы жакшы, алар Ысык-Көлдө жана Россияда атайын машыгуулардан өтүп келишти.

-Белгилей кетсек, спорттук иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 млн сом бөлүндү. Бишкекте чоңдор арасында  Азия чемпионаттары 2007-жылы жана 2018-жылы өткөн. Былтыр өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпионаттарын зор салтанат менен өткөргөн элек. Ошондуктан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты спортчу достордун ушул беттешүүлөрү интеграциялык процесстерди тездетүүгө жана дүйнө элдеринин достугунун идеалдарына кызмат кылаарына ишенем артып турам. Жыл өткөн сайын кыргызстандык балбандардын дүйнөлүк рейтинги өсүп, алдыңкы орундарды ээлеп, чеберчилиги жогорулап, атаандаштык жаратып келүүдө. Бишкекте баштала турган Азия чемпионаты дагы жаңы ысымдарды, чемпиондорду жаратып, атаандаштарды урматтоо мененн чеберчиликтерди жогорулатуунун шартында калыстык менен өтүп, спорттук ийгиликтерди жаратып, достук маанайда өтөт деп терең ишенем,-дейт КР спорттук күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев.

БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШТӨН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТБул жолу дагы Азия континенти боюнча 30га жакын өлкөдөн тандалган мыкты балбандардын Бишкекке келиши өлкөбүздө спорттун өсүп-өнүгүшүнө зор түрткү болмокчу.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер