БИР МЛН СОМ УТКУҢУЗ КЕЛЕБИ?
- 08.02.2024
- 0
Кыргызпатенттин “40 райондон 40 демилге” долбоору старт алды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызпатенттин “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында инновациялык демилгелерди жана стартаптарды колдойт. Маалыматка ылайык, мында 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин инновациялык демилгелерди жана 500 000 сомго чейин стартаптарды каржылайт.
Кимде кимдин инновациялык демилгелери жана стартаптары болсо, долбоорго катышыңыздар! Тандоого катышуу үчүн 2024-жылдын 30-апрелине чейин өтүнмөнүн формасын толтуруп райондук мамлекеттик администрация аркылуу [email protected] электрондук дарегине Кыргызпатентке тапшырууга тийиш.
Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы http://fund.patent.kg/?page_id=1336 шилтемеде жайгашкан.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаныздар болот: 0312 680471, 0703166036, 0555795918.
Комментарийлер