«Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция». 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

  • 01.07.2024
  • 0

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө көчүүнүн стратегиялык пландары бүгүн Бишкекте республикалык форумда талкууланууда.                                                  

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясын бекитти. Эми Кыргызстандын өкмөтү бул маанилүү процесстин иш-чаралар планын бекитүүгө тийиш.

«Республикабызда келерки окуу жылынан тартып мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарга кошулуу, балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу, заман талабына жараша алардын эмгек рыногундагы өз ордун табуусуна шарт түзүү болуп эсептелет», — деген эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрель айында.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Форумда долбоорду презентация кылган Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Н. Дүйшееванын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясы Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын уюштуруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана өнүктүрүү багыттарын чагылдырган негизги документ болуп саналат.

— Мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге өткөрүү этап-этабы менен болот. Бул масштабдуу жаңылоону көздөгөн, келечектин камын ойлогон туура чечим деп ойлойм. 12 жылдык модель менен 150 өлкө окутат. Бул Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет, кыргыз жаштарына ушунча өлкөнүн эмгек рыногуна жол ачылат дегендик.

Эмгек рыногу динамикалуу түрдө трансформацияланууда. Өндүрүштө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу кесиптердин 70 пайызына чейини жасалма интеллект, роботтор, автоматташтырылган логистикалык системалар ж.б. киргизилгендигине байланыштуу 2035-жылга карата алмаштырылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө түшүнүк калыптана элек билимди жана көндүмдөрдү талап кылган жаңы кесиптер пайда болот. Бул өмүр бою билим алууну түзүү зарылдыгын жаратат, анын түзүүчүсү болуп мектеп да, кошумча билим берүү түзүмдөрү да саналат, — дейт Н.Дүйшеева.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Мындан сырткары, санариптик инструменттердин өнүгүшү, маалыматка жана билим берүү ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүк жаңы муундардын социалдык-маданий, когнитивдик, психологиялык жөндөмдөрүнө таасир этет. Мектеп билим берүү монополиясын жоготуп бара жатат, кесепети катары коомдун билим берүү системасына болгон жаңы күтүүлөрү пайда болууда. Ошондой эле билим берүү жана эмгек мобилдүүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү окуучулардын маданий жана тилдик адаптациялоо, жаңы чөйрөдө жемиштүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде (мисалы, Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясынын  (БЭСК) негизинде) адамдын билиминин натыйжаларын жана квалификациясын салыштырууну камсыз кылуу зарылдыгын божомолдойт. Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, технологиялык, финансылык жана экологиялык стандарттардын кысымы менен байланышкан адамзат үчүн маанилүү факторлорду актуалдаштыруу билим берүүдө жаңы жүрүм-турум стратегияларын чагылдырууну талап кылат.

Ушундай шарттарда жалпы билим берүүчү мектепти жаңылоо жана билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн жаңы моделин түзүүнү талап кылат.

12 жылдык билим берүүнүн модели

Азыркы учурда Кыргызстанда 4+5+2 түзүмдүк модели ишке ашырылууда, анда  башталгыч мектепте окутуунун узактыгы 4 жылды түзсө, негизги жалпы билим берүү баскычында — 5 жыл жана 2 жыл жалпы орто билим берүүнү аяктоого бөлүнөт.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

— Билим берүүдө эң жакшы натыйжаларга жетишкен өлкөлөрдөгү билим берүүнүн түзүмүн талдоо 6 жылдык башталгыч мектепке негизделген модель эң кеңири таралгандыгын көрсөттү. PISA-2022 боюнча алдыңкы 30га дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы өлкөлөр кирет (Түштүк-Чыгыш Азия; Борбордук, Түндүк жана Чыгыш Европа; Түндүк Америка), анда башталгыч билим берүүнүн узактыгы 6 жыл, бул окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана негизги окуу көндүмдөрүн мыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул өлкөлөрдө окутуунун башталышы 5 жаштан 7 жашка чейин жана мектепке чейинки билим берүүнүн түзүмү жана өнүгүү деңгээли менен байланыштуу. Эл аралык практикада орто жана жогорку баскычтардын узактыгынын катышы ар кандай варианттарда ишке ашырылат – 4+2, 5+1, 3+3, ал эми кээде жалпысынан 6 эмес, андан көп жылды түзөт. Бул коомдун демографиялык мүнөздөмөлөрүнө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээлине, билим берүүнүн белгилүү бир рынокторуна багыт алуу менен, ошондой эле башталгыч, орто же жогорку кесиптик билими бар окуучулардын жана студенттердин эмгек рыногуна чыгуусунун күтүлгөн ылдамдыгы менен мектепте профилдик/(алдын ала) кесиптик билим берүү агымдарын калыптандыруу качан башталгандыгына байланыштуу, — дейт КББАнын президенти.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Кыргызстан үчүн эң актуалдуу катары 12 жылдык мектептин моделин кароо сунушталууда (6+3+3), анда кошумча жыл окутуунун баштапкы баскычына киргизилет жана мектептик билим берүү системасына 6 жаштагы балдар тартылат. Мындай тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу, ошондой эле ар кандай мектепке чейинки даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн негиз катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жогорулатуу зарылдыгы менен аныкталат.

— Мындай ыкманы ишке ашыруу мектепке чейинки курактагы балдардын 75%ке жакынын камтыган мектепке даярдоо программасын (“Наристе” программасы, 480 саат) трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, бул 1-класста окутуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле 6 жаштан баштап балдарды мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетет жана 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтууну камсыз кылат, бул алардын жаш кезинен когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Сунушталып жаткан 12 жылдык моделде Кыргыз Республикасы үчүн орто жана жогорку баскычтагы окутуунун 3 жылдык (3+3) узактыгы билим берүүдөгү профилдештирүү жогорку баскычта пландаштырылгандыгы менен шартталган. Орто мектепте 3 жылдык окутуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: окуучуларды ашыкча жүктөбөстөн, аларга профилдик даярдык алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана ЖОЖдо окууга мотивацияны калыптандыруу; жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычтарында (бакалаврларды даярдоо багыттары боюнча: педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык илимдер) мектепте окутулуп жаткан жалпы кесиптик предметтердин кайталанышын болтурбоо менен бакалавриатта окуу мезгилин 1 жылга кыскартуу, — дейт Назира Кубанычбековна.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

9-класстан кийин башталгыч жана орто билим берүү түзүмүнө өтүүнү пландаган окуучулар 8-9-класстарда алдын ала даярдыктан өтүшөт, ошондой эле (каалоо боюнча) мектептик билим берүүнүн 3-баскычында (9-11-класстар) кошумча кесиптик билим берүүнүн кыска мөөнөттүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө 6+3+3 модели боюнча Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн бардык баскычтарында колдонуудагы системаны өзгөртүү божомолдонууда.

Модель төмөнкү баскычтарга бөлүнөт:

  1. башталгыч жалпы билим берүү 1-6-класстар (6-11 жаш);
  2. негизги жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш);
  3. жалпы орто билим 10-12-класстар (15-17 жаш).

Башталгыч мектеп (1-6-класс)

— Бул моделде башталгыч мектеп эки этапка бөлүнөт: 4+2 жыл. Бул мезгилде андан ары окутуунун пайдубалы түптөлүп, баланын инсандыгын өнүктүрүүгө, функционалдык сабаттуулугун, коммуникация көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасалат. Балдарда окуу, жазуу, математиканын негиздери, социалдык жана коммуникация көндүмдөрү сыяктуу негизги жөндөмдөр жана көндүмдөр калыптанат. Бул деңгээлдин узактыгы (6 жыл) жалпы билим берүү деңгээлине өтүүнү кыйла жеңилдетет. 1-4-класстар үчүн стандарттар балдарды социалдык мамилеге көбүрөөк тартуу багытында кайра каралышы керек, “жумшак” (социалдык/негизги) көндүмдөрдү калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу (эсептөө, окуу, жазуу) өнүктүрүүнүн жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу аркылуу ишке ашырылышы керек, — дейт Н.Дүйшеева.

Алсак, 1-2-класстарда окутуу негизинен оюн аркылуу жүргүзүлсө, 3-4-класстарда билим берүүнүн мазмуну академиялык мүнөзгө ээ болот. Мында окутуунун методикасы/технологиялары окуучуларды активдүү/интерактивдүү окутууну камсыз кылууга тийиш. Ал эми 5-6-класстарда окуучулар өз алдынча болуп, өздөштүрүлүп жаткан материалдын олуттуу көлөмүн кабыл алууга даяр болуп калышат. Предметтик окутуу 1-класстан баштап окуучуларды окуткан  мугалимдин классы менен иштөөнү улантуу менен предметтик мугалимдерди тартуу менен башталат. Педагог кайсы сабактарды окутууну уланта алат – аны менен мектептин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

Окуучулар үчүн тарых жана табигый илимдер боюнча пропедевтикалык курс сыяктуу сабактар кошулат. Заманбап маалыматтык технологияларды билүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен мектептик билим берүүнүн 1-баскычы үчүн окуу планына маалыматтык сабаттуулук жана маалыматтык гигиена сабагын киргизүү максатка ылайыктуу экени айтылды.

Окуу жана математика боюнча функционалдык көндүмдөрдү, практикалык маселелерди чечүү үчүн санариптик чөйрөдө иштөө көндүмдөрүн, коммуникация жана кызматташуу, коопсуз жашоо көндүмдөрүн интеграциялоо жана иштеп чыгуу үчүн “Мен жана дүйнө” курсунун окуу программасынын бир бөлүгү катары долбоорлоо-изилдөө иши киргизилет.

Баа шкаласын колдонуу менен баалоо 3-класстан башталат.

— Окуу планы эки түрдө иштелип чыгышы мүмкүн: предметтер боюнча же билим берүү областтары боюнча бөлүнгөн, мында педагог предметтик стандарттарда жазылган предметтер боюнча билим берүү натыйжаларына жетишүү үчүн зарыл болгон сааттарды өз алдынча баскычтын чегинде бөлүштүрөт. Алсак, эстетикалык циклдин предметтери интеграцияланган предметке бириктирилиши мүмкүн, ал өзүнө эстетикалык көндүмдөрдү, музыкалык сабаттуулукту, ырдоону, көркөм көндүмдөрдү, жабыштырып жасоону, элдик чыгармачылыкты, моделдөөнү ж.б., ошондой эле чыгармачылык көндүмдөрдү, анын ичинде компьютердик технологияларды колдонуу менен өнүктүрүүнү камтыйт.

Башталгыч мектепте окутуунун натыйжасы окуучулардын негизги мектепте окууну улантуу үчүн жетиштүү деңгээлде окуу жана түшүнүү, жазуу, эсеп боюнча функционалдык сабаттуулугун/компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле окуучулардын жаш курагына жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык социалдык-эмоционалдык деңгээлде болушу керек.

Башталгыч билим берүүнү аяктагандан кийин башталгыч мектептин бүтүрүүчүлөрүнө тестирлөө жүргүзүлөт, ал окуучунун жеке жетишкендиктерин, ошондой эле жалпысынан башталгыч мектептин ишинин сапатын баалоого мүмкүндүк берет.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Негизги жалпы билим берүү (7-9-класстар)

Бул деңгээлде окутуунун узактыгы кыйла аз (3 жыл). Негизги мектептин мазмуну билим берүүнүн узактыгынын олуттуу кыскарышын жана окутуунун багытын тандоону эске алуу менен түзүлөт.

Билим берүүнүн мазмуну окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана маданий-баалуулук багыттарын калыптандырууга, окутуу жана таанып-билүү иш-аракеттеринде заманбап компетенцияларды өнүктүрүүгө жана өз алдынча окууга умтулууга багытталган. Табигый-илимий, технологиялык, инженердик жана математикалык билим берүүгө (STEM), ошондой эле Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга басым жасоо менен тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулат. Окуучулар санариптик билим берүү ресурстарын, онлайн окутуу платформаларын өздөштүрүшөт, чыгармачылык жөндөмдөр долбоорлоо-изилдөө иштери аркылуу өнүгөт.

— Билим берүүнүн бул баскычында айрым предметтер (математика, физика, тилдер) ар түрдүү класстардын окуучуларынын агымы түрүндө деңгээлдик негизде (негизги жана алдыңкы курстар) ишке ашырылышы мүмкүн. Төмөнкү деңгээлдеги жылдык программаны ийгиликтүү аяктаган учурда окуучу кийинки жылы жогорку деңгээлдеги программага өтүшү мүмкүн. 9-класста тандалма курстар алдын ала профилдик багыттын негизи катары киргизилет, алар кыска мөөнөттүү/модулдук жана кезектешүүчү мүнөзгө ээ, бул окуучуларга жогорку мектепте окутуунун багытын тандоого мүмкүндүк берет. Окуунун аягында окуучулар келечектеги билим берүү траекториясы жөнүндө чечим кабыл алууга жардам берүү үчүн кесипке багыт берүүчү тесттерди аткара алышат.

Окутуу аяктагандан кийин мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт, анын форматы жана мазмуну билим берүүнүн жаңы миссиясына жана негизги жалпы билим берүү баскычынын милдеттерине ылайык кайра каралууга тийиш.

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Жалпы орто билим берүү (10-12-класстар)

Жалпы орто билим берүүнүн деңгээлинде окутуу – мектептик билим берүүнүн жыйынтыктоочу этабы – 10-12-класстарда ишке ашырылат (1 жылга көбөйөт), бул тереңдетилген профилдик жана зарыл учурда — (алдын ала) кесиптик билим алууга мүмкүндүк берет.

— Окуучулар өздөрүнүн  кызыкчылыктарына ылайык окутуу үчүн багыттардын бирин тандашат: табигый-математикалык, социалдык-гуманитардык, технологиялык, көркөм-эстетикалык ж.б. Профилдер мектептин мүмкүнчүлүктөрүнө (профилдик предметтерди окутууга жөндөмдүү мугалимдердин болушу, мектептин жабдылышы ж.б.), регионду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына жана башка факторлорго жараша ата-энелер жана окуучулар менен макулдашуу боюнча мектеп тарабынан аныкталат. Жогорку мектептин окуу планы окуучулардын жалпы өнүгүүсүнө багытталган милдеттүү предметтердин топтомун (математика, эне тили жана экинчи тил ж.б.), ошондой эле профилдик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) предметтерди камтыйт. Тандалган профилге/профилдерге жараша мектеп белгилүү бир билим берүү чөйрөлөрүнүн предметтери артыкчылыктуу болгон окуу планын тандай алат. Профилдик окутуусу бар мектеп окуучуларга негизги эмес предметтерди базалык (стандарттык) деңгээлде окуп-үйрөнүүнү, профилдик предметтерди жана окуучулардын жалпы өнүгүүсүнө багытталган тандалма (элективдик) предметтерди тереңдетип өздөштүрүүнү камсыз кылууга милдеттүү. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алгачкы этабында мектептер окуучуларга жалпы академиялык билимди жана компетенттүүлүктү берүү менен профилдерсиз окутууну сактап кала алышат, — дейт КББАнын жетекчиси.

Бул этап үчүн жаңы максаттарга ылайык, жогорку мектепте билим берүүнүн мазмуну олуттуу түрдө өзгөртүлөт. Билим берүү процесси инновациялык технологияларды жана методикаларды, анын ичинде долбоордук ишти, кейс-методдорду, окутуунун интерактивдүү формаларын колдонуу, МТ, санариптик платформалар ж.б. менен иштөө менен түзүлөт. Критикалык ой жүгүртүү, коммуникация жана кооперация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, креативдүү мамилеге, окуучулардын өз алдынча иштерин жана изилдөө долбоорлорун уюштурууга олуттуу көңүл бурулат. Профилдик окутуу ЖОЖдор жана кесиптик уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү божомолдойт. Бул модель мектепте окутулуучу кайталанган жалпы кесиптик предметтерди алып салуу менен кесиптик билим берүү баскычында бакалавриатта окуу мезгилин (зарыл болсо) 1 жылга кыскартууга мүмкүндүк берет, — деди Назира Дүйшеева.

Айтмакчы, жогорку окуу жайларга тапшырууну пландаган окуучулар Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүшөт.

12 жылдыкка качан өтөт?

12 жылдык окууга өтүүнү даярдоо үчүн минималдуу эки окуу жылы талап кылынат (2024-2025 жана 2025-2026) экен. Бул мезгил ичинде инфраструктураны жана МТСти даярдоо — башталгыч мектептердин жаңы типтүү (2-3 минимум) пландарын иштеп чыгуу жана аларды курууга каражат бөлүү; мугалимдер үчүн ноутбук сатып алуу; МБСти, предметтик стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу/жеткире иштеп чыгуу; башталгыч мектеп үчүн ОМКны даярдоо (Кембридждин ОМКсын которуу жана адаптациялоо ж.б.); окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн ачык жеткилүктүүлүк менен санариптик китепканага ОМКны жайгаштыруу; башталгыч класстардын мугалимдерин кайра даярдоо; башталгыч мектеп үчүн баалоо системасын иштеп чыгуу; жогорку класстар үчүн профилге чейинки жана профилдик компоненттердин концептуалдык жана уюштуруучулук көз карашын иштеп чыгуу; ченемдик камсыздоо;  ата-энелер жана мугалимдер үчүн маалыматтык колдоо жана түшүндүрүү иштери; ОКБ жана ЖКБ үчүн мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы стандартты иштеп чыгуу; мектептердин педагогдорун (мугалимдерин), ОКБ жана ЖКБ педагогдорун даярдоонун кесиптик стандарттарын жана программаларын адаптациялоо (зарыл болсо).

"Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары "Балдардын өнүгүүсүнө эң чоң инвестиция". 12 жылдык билим берүүнүн стратегиялык пландары

Концепцияны ишке ашыруу этаптары

1-варианты боюнча 12 жылдык программаны башталгыч жана жогорку баскычтарда ырааттуу киргизүү каралган.

2026-2027-окуу жылынан баштап 1-, 2- жана 3-класстарда жаңы стандарттар жана программалар боюнча окутууну баштоо, жыл сайын бирден класс кошулуп турат. 6 жаштагы балдар биринчи класска барышат. 7 жаштагы балдар жаңыланган “Наристе” программасынын алкагында даярдыктан өткөндөн кийин, 2-класска киришет. 1-класстын окуучулары 11 жылдык программа боюнча 3-класска өтүшөт.

Ал эми жаңыланган стандарттар жана программалар боюнча окутууну 2028-2029-окуу жылынан баштап 11-класста баштоо. Кийинки окуу жылында 11-класстын окуучулары 12-класска өтүп, 2029-2030-окуу жылында окуусун аякташат. Жыл сайын, 6 жылдын ичинде (2033-2034-окуу жылына чейин) бул схема боюнча 11-класстын окуучулары 12 жылдык окуу программасына өтүшөт. Ушул жылдардагы профилдик мектеп 2 жылга гана созулаарын эске алуу менен бул билим берүү уюмдарына профилдик окутууга ыңгайлашууга жана профилдик окутуу циклине (3 жыл) жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми 2-вариантында билим берүүнүн бардык баскычтарында (башталгыч, орто жана жогорку) бир эле мезгилде өтүүнү баштоону берилген. Анда  3 өтүү баштапкы баскычта 3-класстан – 5-класска; орто баскычта 3 өтүү 6-класстан — 8-класска, 2 өтүү 9-класстан — 11-класска.

Форумдун ишине мамлекеттик билим берүүнүн бардык баскычтарынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан USAIDдин “Окуу керемет” долбоору жана USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы менен биргеликте уюштурулган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер