БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДАГЫ  КРИТЕРИЙДИК БААЛОО МЕТОДОЛОГИЯСЫ

  • 03.04.2024
  • 0

Кыргызстанда башталгыч класстарда критерийдик баалоо методологиясын жана инструменттерин пилоттоо максатында машыктыруучуларды окутуунун экинчи этабы өтүп жатат.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДАГЫ  КРИТЕРИЙДИК БААЛОО МЕТОДОЛОГИЯСЫ

Маалыматка таянсак, тренингден өткөн машыктыруучулар методологияны пилоттоо максатында өлкө боюнча тандалып алынган 40 мектептин башталгыч класс мугалимдерин этап-этабы менен окутууну улантат.

Критерийдик баалоо — бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДАГЫ  КРИТЕРИЙДИК БААЛОО МЕТОДОЛОГИЯСЫ

Методологияны пилоттоо 2023-2024-окуу жылынын II чейрегинен башталды.  Сыноонун жыйынтыгы боюнча аны өлкөнүн мектептерине мындан ары киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыгат.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер