БАЛДАР МЕНЕН ӨТКӨН ӨМҮР – ГҮЛ ӨМҮР

  • 17.05.2024
  • 0

БАЛДАР МЕНЕН ӨТКӨН ӨМҮР – ГҮЛ ӨМҮР

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А.Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Шейше кызы Дилянанын окуучулары башталгыч классты аяктоо алдында турат. Быйыл анын төртүнчү жолу даярдап чыгарган балдары.
Бекем чеп кургандай окуучуларга билим пайдубалын түптөгөн башталгыч класстын мугалимине эң эле чоң милдет жүктөлгөнүн жакшы билген Диляна Шейшеевна ошол милдеттин өтөөсүнө чыгуу үчүн күндө эртең менен сабагына ашыгып келет.

 

35тен ашса дагы курагым,

Өстүм, өндүм, үй-бүлөмдү курадым.

Окутуучу адистигин аркалап,

Ийгиликке барчу жолду уладым.

 

Үч баланын энесимин мен бүгүн,

Төп келишип төрт тарабым турамын.

Тегиз алып мектеп менен үйүмдү,

Тегиз жашоо кемесинде барамын.

 

Окуучулар болду менин булагым,

Алар үчүн билимге жол саламын.

Булак сымал тынбай агып оргуштап,

Билим дүйнө саякатка барамын.

— Улуу жазуучубуз Айтматов “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” дегендей, окуучуларым адамгерчиликтүү, тартиптүү, ыймандуу болуп, өздүк тазалыкты, коомдогу тазалыкты сактап, өзүн тыкан, тың алып жүрүүсү үчүн болгон аракетимди жумшап, билгендеримди үйрөткөнгө умтулам. Ушул сапаттардын баары билимге жол салган ийгилик башаты болгондуктан, менин балдарым ушул сапаттарга эгедер болушу абзел.

Бакыт дебейм мына мындан

      башканы,

Балдар менен өткөн өмүр

      гүл өмүр.

“Саламатпы, эжей!”

      деген сөз үчүн,

Мен мектептен кетким

      келбейт бир өмүр!

— деген ыр саптарында айтылгандай, мен кесибимди жан дилим менен сүйөм! Коомго керектүү заманбап жаштарды даярдоону келечек муундардын алдында мойнумдагы милдет катары кабыл алып, дилгирлик менен изденүүнүн үстүндө сабак берип келем. Технологиянын өнүккөн учурунда замандын талабына ылайык интерактивдүү доска, экранга чагылдыруу, электрондук тесттерди өткөрүү, онлайн сабактарды уюштуруу сыяктуу жана башка усулдар менен иш алып барып, окуучуларыма кенен маалымат бергенге аракеттенем, — дейт башталгыч класстын мугалими.

Ал окуучуларынын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын физикалык, интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө өтө чоң маани берет. Анткени чыгармачылык потенциалы жакшы өнүккөн окуучулардын фантазиясы күчтөнүп, креативдүү ой жүгүртө алат жана сөз байлыгы мол болот деп эсептейт.

Диляна Шейшеевна И.Арабаев атындагы КМУну аяктаган соң, агартуу тармагына сапар алгандан бери төрт жолу окуучуларын башталгыч классты аяктатып, кийинки баскычка өткөрүп берди. Алды быйыл 11-классты аяктоо алдында турат. Ал 1-класстан тарта окуткан окуучуларынын ичинен мектептин ишине активдүү аралашып, окуудан да алдыда келаткан окуучулары бар. Алсак, быйыл 8-классты аяктап жаткан Айдана Абдукаилованын талапкерлигин мугалимдер “Алтын тамгага” көрсөтүшүүдө. Дагы бир окуучусу Бегимай Шаева башталгыч класс боюнча “Сейтек” балдар уюмунун төрайымы милдетин аткарат.

Ал эми 1-класстан баштап мыкты окуган Байел Кыйбатбеков мектептин президенти болсо, дагы бир мыкты окуучусу Бактияр кызы Сезим алгач мектеп босогосун аттагандан тарта алдыңкы катарда келатканына сыймыктанат. Мына ушунун өзү эле ал окуткан окуучулары мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келаткандыгынын айкын далили.

– Менин балдарым быйыл 4-классты аяктап жатат. Аппак барактай таза бойдон колума келген окуучу балдарымды жеке эле окууда эмес, мектепте өткөрүлгөн ар түрдүү иш-чараларга катышуусуна, коомдук иштерге жигердүү аралашуусуна өзгөчө көңүл бурам. Мугалимдин иши үйүнө келгенде да уланып, дептер текшерип, үйүндөгү балдарынын үй тапшырмаларын аткаруусун көзөмөлдөп, түндүн бир оокумуна чейин түйшүгү арылбайт эмеспи, андан тышкары, үй оокаттарын аткаруу керек дегендей. Мындайда үйдө да, сыртта да мага жолдошум жакындан жардамчы болуп, дайыма колдоо көрсөтүп келет. Ал гана тургай кошумча көргөзмө куралдарды жасашып, кандай жардам сурап кайрылбайын, колдоп турат, — дейт.

Өз эмгегинен баар таап, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган Диляна Шейшеевна, окуучуларына учур талабына ылайык заманбап ыкмаларды колдонуу менен билим берүүгө умтулат жана ал үчүн көп-көп окуу керектигин жакшы билет.

– Мугалим бизге жашоосунун бир бөлүгүн арнаган адам. Ошондуктан ал окуучуларынан эч нерсе талап кылбай, өз сүйүүсүн жана камкордугун арнап иштейт. Андыктан үстөмдүк кылууну сүйгөн өзүмчүл адам мугалим боло албайт деп ойлойм. Мугалимдик кесип – өтө оор түйшүктүү жана ошол эле учурда сыймыктуу кесип. Дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери мугалимдин колунан билим алган. Мугалим болбосо президент да, адвокат да, инженер же доктор да болмок эмес. Мен мына ушундай ыйык кесиптин ээси болгонума сыймыктанам.

“Билимдүүгө дүйнө жарык” демекчи, акылдуу окуучуларды даярдап, жашоосуна мыкты даярдык менен аттануусуна шарт түзүп, устаты катары кам көрүүнү мен өзүмдүн ыйык вазийпам деп билем.

Жогоруда сөз болгондой тартип, тазалык, билим сапаты күчтүү болсо, келечек муундарыбыз көптөгөн ийгиликтерди жаратары талашсыз чындык. Ийгилик – ар бир күндөгү аракеттерибизге жараша болот. Жакшы иштерди аткарсак жана жакшы ой-максаттардын өтөөсүнө чыга алсак, ошол менин ар бир күнкү жетишкендиктерим, жеңишим деп эсептейм, — дейт Диляна Шейше кызы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер