БАЛА БАКЧА ВАУЧЕРДИК ЖАНА КРЕДИТТИК СИСТЕМА БОЮНЧА ИШТЕЙ БАШТАЙТ

  • 10.06.2024
  • 0

КР Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитети кезектеги жыйынында КР Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулады. 

Депутаттар 2024-жылдын 11-апрелинде КР ЖК тарабынан демилгеленип кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга КР Президентинин каршы пикирин карап чыкты. Кабыл алынган мыйзамдын негизги максаты мектепке чейинки мекемелерде балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу болуп саналат, бирок бул мыйзам Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык максатка ылайыксыз деп табылып, Жогорку Кеңешке кайтарылып берилген эле.

Бул боюнча КР билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева доклад жасады. Баяндамачы КР Конституциясынын 46-беренесинин 3-бөлүгүндө билимди акысыз алуу жөнүндө айтыларын, ошол эле учурда КР Конституциясынын 27-статьясынын 4-пунктунда балдар милдеттүү түрдө ата-энесинин, алар жок болсо, мамлекеттин кароосунда болот деп жазылганын белгилеп өттү.

— Балдарды ар тараптуу өнүктүрүү кызматтары түзүлгөн жана анда бардык конституциялык нормаларда баланы өнүктүрүү гана тапшырмасы коюлган, ал эми балдарга тамак берүү маселеси буга чейин деле министрликтин милдетине кирген эмес. Болгону 800 млн ашык сом бөлүнүп келинген, ал негизинен Баткен облусу сыяктуу өзгөчө статустагы аймакка жана мүмкүнчүлүгү чектелген мектепке чейинки 4 жатак-мектепти каржылоого жумшалган.

КРнын 2026-жылга чейинки президенттик өнүгүү программасында мектепке чейинки балдарды адилеттүү өнүктүрүү кызматына 40% тартуу каралган. Быйылкы аяктап жаткан окуу жылында бул көрсөткүч 30% түздү, жылдын аягына чейин 40% жетет деген ишеним бар. Максаты – бала кайсы жерде жашабасын, ар бирин адилеттүү өнүгүү кызматы менен камсыздоо, ал эми багуу, камкордукка алуу конституция боюнча да ата-эненин милдети деп белгиленет, — деди министр айым.

Ал өз сөзүндө былтыр кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда бала бакчаларда балдарга тамак берүү беренеси боюнча Президенттин чечими колдоого алынып жатканын, анткени, бир эле мезгилде бала бакчага барып, ал жерде уктап, тамак ичип камкордукка алынган балдар 30% гана түзүп, калган 70% бала өнүгүү процессине тартылбай жатканын айтып өттү. Анын айтымында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө максаттуу түрдө жардам берүү Каржы министрлиги менен биргеликте иштелип жатат, т.а. социалдык паспортизациялоодо өзгөчө колдоого муктаж балдардын тизмеси киргизилген.

— Жаңы окуу жылынан баштап бала бакчаларда ваучердик механизм пилоттук түрдө ишке киргизилет. Министрлик бул маселени чечүүнүн альтернативдик моделдерин табуу, эл аралык инвестицияларды гранттык түрдө тартуу багытында иш жургүзүүдө, — деди министр айым.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып ал жеке менчик бала бакчаларды өнүктүрүү боюнча белгиленген мамлекеттик туруктуу саясаттын алкагында кредиттик система ишке киргизилип, жеке менчик бала бакчаларды иштетүүгө жеңилдиктер каралып жатканын белгилеп өттү.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер