Б.ЗУЛУЕВ: “СТУДЕНТТИК КУРАК — БУЛ БИЛИМГЕ ДА, КҮЛКҮГӨ ДА, СҮЙҮҮГӨ ТОЙБОЙ ТУРГАН УБАК”

  • 18.11.2021
  • 0

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнү белгиленип, майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Жаштыктын демин алып жүргөн студенттер алгач концерттик программа тартуулап, көркөм окуу окушту. Бул менен бирге эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы да жагымдуу чыгармаларын аткарып, окуу жайдын студенттерин майрамы менен куттуктады.

Андан соң университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кече сыйлоо аземи менен уланды.

Окууда жана коомдук иш-чараларга дилгирлик көрсөтүп, ийгилик жаратып келе жаткан студенттер Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бул менен бирге спорт тармагында спартакиада, мелдештерде мыкты жетишкендиктерге жеткен студенттерге кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, түрдүү саамалыктарда окуу жайдын намысын коргогон активдүү студенттерге окуу жайдын атынан сыйлыктар берилди.

Ошондой эле ОшМПУнун тарыхчысы, философ маркум Турсун Абжаловдун урматына үй-бүлөсүнүн атынан тарых адистигинде билим алган эки студентке 5000 сомдон стипендия ыйгарылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер