АВТОРДУК УКУК КОРГОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР

  • 31.05.2024
  • 0

ОшТУ “Интеллектуалдык менчиктин укуктары жана объектилери менен бүтүмдөрдү кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын өкүлчүлүгүнүн кызматташуусунун алкагында “Санариптик технологияларды өнүктүрүү контекстинде окумуштуулардын автордук укуктарын коргоо” аталышындагы эл аралык семинар-тренинг уюштурду.

АВТОРДУК УКУК КОРГОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР

Семинардагы тренер-баяндамачылар: КРдагы Фонмиксти өнүктүрүү боюнча директор Буняк Виктор (Россия, Москва), Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” Ассоциациясынын (IPChain Ассоциациясы) КРдагы Өкүлчүлүгүнүн директору Ы.Турсуналиева жана кеңешчиси Ж.Садыкова билим берүү тармагында блокчейн технологияларын колдонуу, илимпоздордун автордук укуктары, ошондой эле илимий эмгектерди сактоо үчүн санариптик платформалар, санариптештирүү шартында илимий эмгектердин авторлорунун ролу, глобалдашуу шартында илим мейкиндигиндеги интеграциялар жөнүндө бандама жасашты жана санариптик трансформациянын алкагында илимий эмгектердин авторлорунун укуктарынын көйгөйлөрүн талкуулашты.

АВТОРДУК УКУК КОРГОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер