Ар бир окуучуну китеп менен толук камсыздоо үчүн 8 миллиард 600 миллион сом керек

  • 10.06.2024
  • 0

Жаңы муундагы окуу китептер менен камсыз кылууда жергиликтүү авторлор тартылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин берген маалыматына караганда, учурда билим берүүнү түп тамырынан өзгөртүү үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдыктар жүрүп жатат.

“12 жылдыкка өтүүдөгү бир багыт — китептерди жаңылоо. Бул жаатта дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы деп эсептелген билимге изилдөө жүргүзүп, 14 өлкө тилине которулган Сингапурдун алдыңкы китептерин бизге ылайыкташтырууда лицензия алдык. Бул китептер мурун жеке менчик мектептерде гана болсо, эми ар бир балага жеткиликтүү болот. STEM багытындагы китептерди даярдоодо жергиликтүү авторлордун кудуретин жогорулатабыз, атайын конкурс жарыяланып, эл аралык эксперттер тартылбайт”, – деди Д.Шаршеевна.

Министр бул багытта министрликте  “Окуу китеби” басма үйү түзүлүп, иштер жүрүп жатканын белгиледи. 2024-жылы республикабыздагы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом каралган. Бул каражаттарга быйыл да мазмуну жаңыланган окуу-методикалык комплекстерди даярдалып мектептерге жеткирилет. Бул сумма Кыргызстандагы мектептерде 12 китеп комплект менен 100% камсыз кылууда жетпейт, ал үчүн 8 миллиард 600 миллион сом керектелерин кошумчалады.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер