АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ

  • 29.05.2024
  • 0

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМЖурналисттик кесип мени ар түркүн адамдарга жолуктурду.Ошол түркүн адамдардын баары дебейин,бирок айрымдары баскан турганы, сүйлөгөнү, мыкты кесипкөйлүгү, эң башкысы нарк нускасы менен жадымыңдан чыкпай эсте кала берет экен. Ошондой  адамдардын бири Улуттук Университеттин англис тили факультетинин  алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири, өлкөбүзгө эмгек сиңирген мугалим  Шааркан Кенжегулова  апа болду. Аны жакындан таанып билип калганымдын башкы себеби,  мен терең урматтап сыйлаган  акын,радио журналист, “Сүйүү көктөмү”, “Деңиз дүйнө” ыр жыйнактарынын жана акын Зайырбек Ажыматовдун жаркын элесине арналган “Жүрөктөгү бороон” поэтикалык драманын автору Сайра Батыркулова кесиптешим болгон эле. Ал  Шааркан апанын өмүр жолун баяндаган  “Каректе калган издер” –деген аталышта китеп жазган эле. Мына ошол китептин бет ачаарын өткөрүп, мени дагы чакырып калды. Барганым  жакшы болгон экен, ошондо мен күтпөгөн таң калыштуу  жагдайларга туш болбодумбу?!.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМАлыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын, Чыңгыз Айтматов бөлмөсүнүн төр жагына  Шааркан апанын кол эмгектери коюлуптур. Саймага түшүрүлгөн керемет гүлдөр, кадимки алп акыныбыз Алыкул Осмонов которгон Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган  баатыр” китебиндеги  каармандары, көз жоосун алган курактары көргөндөрдү тамшандырып жатты.  Ал эми анын жаш кезинен баштап, азыркыга чейинки өмүр жолун баяндаган сүрөттөрдүн арасында, мен бала кезде  радио, гезит-журналдардан ырларын, сатиралык аңгемелерин, интермедияларын окуп, угуп жүргөн жазуучу, маркум Асанбек Тезекбаевди, дагы бир сүрөттөн  студент кезде чогуу  футбол ойноп жүргөн, Кыргызстанда алгачкылардан болуп Таяк тартыш федерациясын түптөгөн досум, самбо  боюнча СССР спортунун чебери Эркинбек Тезекбаевди көрүп бул адамдардын сүрөттөрү кайдан жүрөт деп таңданып олтурдум. Баарынан да  Шааркан апанын Нарындагы кыздар интернатында окуп жүргөн кезинде чуркоо боюнча Москвага, Сочиге чейин барып Бүткүл союздук мелдеште 2-орунду алып келген сүрөтү, спорт тармагын иликтеп жиликтеп жүргөн  журналист катары мага өзгөчө табылга болду. Көрсө биз кыргыз эли алакандай эле эл турбайлыбы?! АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМОшентип, Сайра Батыркулова жазган китептин  каарманы белдүү педагог, балдар жазуучусу, сатирик маркум Асанбек Тезекбаевдин өмүрлүк жубайы, эсил кайран  Эркинбек досумдун апасы болуп чыкпадыбы. Иш-чара башталгыча ара чолодо убакыт бар болгондуктан Шааркан апанын жанына басып барып, учурашып, жакындан тааныштык.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМКитептин бет ачаарына КР Президентинин аппаратынан,  Өкмөттөн, Билим берүү жана маданият министрлигинен, КР ардагерлер Кеңешинен, Улуттук Жазуучулар Союузунан, англис тилин суудай билген окуучулары, “Аталар изи” коомдук фондунан, “Улуу Тоолор” басма үйүнүн өкүлдөрү келишип, Сайра Батыркулова менен анын каарманы  92 жашка чыккан акыл көрөңгөсү тунук энебиздин ар бир сөзүн кунт коюуп угуп жатышты. Ал эми окуучусу, Кыргыз эл жазуучусу Кален Сыдыкованын айткандары азыр да жадымыда жатталып турат.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ-Өткөн кылымдын  70-жылдары , Жумгал районунун Кызарт айылынын  “Жаңы Арык” орто мектебине Асанбек Тезекбаев деген жаңы директор келди. Агай физик-математик экен. Ал эми өмүрлүк жубайы Шааркан Кенжегулова англис тилинен бизге сабак берди. Менин Кален Сыдыкова болушума  Асанбек Тезекбаевдин эки ооз сөзү өмүр боюу дем күч берип келе жатат. 5-класста окуп жүргөн кезимде  Райондук “Демилге” деген гезитке куш тилиндей макалам чыгып, аны агайым окуп калып, чоң жыйында мени ортого чыгарып:-Биздин мектепте Кален деген чоң жазуучу кыз окуурун баарыңар билесиңер да туурабы?  Мисалы мен сыймыктанам. Кудай буюрса так ушул кызыбыз атагы таш жарган жазуучу болот,-деди. Эртели кеч мындай сөздү укпаган жаным, көзүм алачакмактап, бети башым нымшып тердеп,  асманга каалгып учуп чыккандай сезимде болдум. Мына ошол  күндөн ушул күнгө чейин колумдан  калем сабым менен кагазым түшө элек.  Ал эми Шааркан эжейим берген англис тилинин баа баркын Университетке келгенде даана билбедимби. Ал кезде элет мектептеринде англис тили мугалимдери саналуу эле болгондуктан, менин англис тилинде шар окуп, жазып, суроолорго жооп бергеним,  окуткан мугалимдерим менен группалаштарым үчүн таң калыштуу болгон.  Менден кийин да бул адамдар канчалаган балдар кыздарды окутуп, билим илим  сапарына узатып,  тууралап туурларына кондурду дейсиздер. Баса,  мен көптөгөн акын жазуучулардын  китептеринин  бет ачарларына  катыштым, сүйлөдүм. Бирок автор менен каармандын катышуусундагы мындай  иш чара биринчи жолу болушу,-деген эле Кален эже.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ

Мына ушундан улам Шааркан апабыздын качандыр бир кезде элет мектебиндеги балдарга чет тилин уйрөткөн түйшүгү  баа жеткис болгонун аңдасак болчудай. Негизи  кесиптешим Сайра жазган китептеги окуяларды  баяндап айтып бергеним  туура эмес болоор.  Андыктан окурман журтуна  автордун “Каректе калган издер”  китебин издеп таап окугандары алда канча таасирдүү болооруна ишенем. Ал эми төмөндө өмүрү өрнөк апабыздын өмүр баянына орун бергим келет.

Шааркан  Кенжегулова 1930-жылы Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кара-Талаа айылында туулган. 1952-жылы Нарын шаарындагы Токтогул  атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик Университетинин  чет тилдер факультетине (англис тили боюнча) өтүп, аны  1957-жылы  аяктап, өмүрлүк жолдошу,  белгилүү жазуучу, сатирик,  белдүү педагог, СССР жазуучулар  Союузунун мүчөсү, маркум   Асанбек Тезекбаев экөө  Жумгал районунун  Миң Куш шаарчасында жайгашкан  А.С.Пушкин атындагы  орто мектепке  жолдомо алып педагогдук эмгек чыйырын баштаган. Кырк жылга  чукул  Жумгал районунун А.С.Пушкин, «Чаек» кыздар интенатында  директор,  Жаңы- Арык мектептеринде иштеп,Таш-Дөбө  7 жылдык  мектебине 1959-жылы  директор болуп дайындалып,  алтымышынчы жылдардын башында  460 орундуу  мектептин  пайдубалын түптөп, башынан аягына чейин курулуш иштерин бүтүруп  ишке берилген соң Таш-Дөбө орто мектеби макамына ээ болот. Республика боюнча  биринчи жолу  элет мектебинде  англис тилин тереңдетип окутуунун  практикалык жол-жоболорун  иштеп чыгып:-түстүу альбомдорду,тематикалык карточкаларды, диофильмдерди, грамматикалык таблицаларды, райондук, областтык, Республикалык  деңгээлдеги ачык сабактарды,тажыйырба алмашуу максатында атайы семинарларды өткөрүп,биринчи жолу  лингафондук кабинет уюштурган.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМКылган кызматы    кезегинде   Кыргыз  Өкмөтү тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,Эл агартуунун отличниги, Октябрь Революциясы, «Эмгек Кызыл Туу»  жана -«Баатыр эне» ордендеринин ээси менен сыйланган. Өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн  ардактуу эс алууга чыккан ардагер педагог эле.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы оруктун балдары болуп, машак терип, майданда жүргөн жоокерлерге  байпак түйүп жөнөтүп турушкан.  Шааркан Кенжегулова 4 уул, 4 кызды өстүрүп, баарына жогорку билимдүү болушуна салым кошкон.

Мен жакшы билген уул-кыздарынан эгиздер Эркинбек менен Элмира. Маркум досубуз Эркинбек кыргыз спортуна зор салым кошуп, самбо күрөшү боюнча СССР спортунун чебери болуу менен бирге Кыргызстанда Таяк-тартыш федерациясын негиздеп, бул спортту Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизген эле.  Ал эми эгиздин түгөйү Элмира Тезекбаева көп жыл Улуттук телерадио корпорациясында жигердүү иштеп, “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамга арзыган белгилүү журналисттердин бири.

Шааркан апа  өмүр боюу  агартуу тармагында  эмгектенип келгендиктен  жеке эле өзүнүн балдар кыздарына таалим  тарбия бербестен, небере чөбөрөлөрүнө да нарктуу кеп кеңштерин  айтып, келечекте  эл жугүн аркалаган  эр азаматтардан болуусун тилеп келген эле. Таш Дөбө айылында болгон иш чаралардын баардыгына катышып,  учурда өзү салдырган мектепти бүгүнкү күндүн  талабына ылайык курдуруу  үчүн  демилге көтөрүп жүрдү. Андан тышкары  8-март, Нооруз, Энелер күнүндө, 9-май Жеңиш күнүндө, Жаңы жыл майрамдарында  нарктуу эне катары Бишкек шаарында өткөрүлгөн баардык иш чараларга  ардактуу мейман катары чакырылып турган. Шааркан апа мектеп окуучулары арасында “Мен англис тилинде Манас айта алам” долбоорунун демилгечиси жана автору болгон.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ “МАНАС” АЙТУУ ДОЛБООРУНУН АВТОРУ ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМБилим берүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими  Шааркан Кенжегулова 2023-жылы 94 жаш курагында көз жумган.

Ал жөнүндө Улуттук жазуучулар Союузунун мүчөсү, акын журналист Сайра Батыркулова “Каректе калган издер” деген китеби орус, түрк, англис тилдерине которулуп жатат.  Өмүрү  өрнөк мындай  адамдын  ар бир   баскан изи, топтогон тажйырбалары   кийинкилерге  татыктуу үлгү боло алат деп ойлойбуз.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер