АКЫРКЫ  КОҢГУРОО  ШАҢЫ

  • 28.05.2024
  • 0

АКЫРКЫ  КОҢГУРОО  ШАҢЫ

2024-жылдын  25-майында  Ат-Башы   районундагы   Жолдубай Кайыпов   атындагы   Жаңы-Күч  орто  мектебинде  «Акыркы конгуроого» арналган  салтанаттуу   жыйын болуп өттү.

Мектептин  директору   Артелбек кызы  Мээрим  2023-2024- окуу жылында  окуучулар  менен  мугалимдердин  жетишкен   ийгиликтери  жөнүндө   кеңири   маалымат  берди. Кыргыз тили, орус тили, биология боюнча   өткөрүлгөн  олимпиадалардын райондук, областтык,  Республикалык  турларында  байгелүү орундарды ээлеген  окуучулардын  жана  даярдаган  мугалимдердин  аттары  аталып, аларга  ыраазычылык  билдирилди.  Райондук  деңгээлде  «Физика, математика сабагындагы медиа  жана маалыматтык  сабаттуулук» деген темада М.Жумашев, Ө.Алиев, М.Султанбековдордун жогорку  деңгээлде   ачык сабактарды өткөрүшкөн. «Манас таануу»  интеллектуалдык кароо сынагында Жолдошбекова Алия  1-орунду ээлеген.  «Билим  берүү   процессиндеги инновациялык  технологиялар», «Натыйжалуу  билим берүүнүн  жана  педагогикалык  башкаруунун  стратегиялары», «Педагогдун  санариптик  жөндөмдөрү» программалары боюнча  квалификациясын жогорулаткан  мугалимдер  чыгармачылык  менен  иштешип, окуучулардын  билимдеринин  жана  предметтик,  турмуштук  компетенцияларынын  сапатын   өркүндөтүүгө  өздөүнүн салымын кошуп келишет. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун  алкагында  мектеп коллективи  1 313131 сом утуп алышкан. Окуучуларды  «Пиза-2025» сынагына даярдоо боюнча 17 мугалим «Окуучулардын функционалдык  сабаттуулугун  калыптындыруу  жана   баалоо»   программасы  боюнча курстан өтүшүп, азыркы учурда  натыйжалуу  иштеп  жатышат.

Мектептин окуу-тарбия   ишинин  сапатынын  жогорулашына  Жаңы-Күч айылынан чыккан  профессорлор  Э.Мамбетакунов  менен У.Э.Мамбетакуновдордун кошкон  салымдары чоң.  Анткени  профессор Э.Мамбетакунов  физика  кабинетин  методикалык  жактан  камсыздоого жардам   берген,  2013-2014- жылдан  бери  1-11-класстын алдыңкы  11 окуучусуна стипендияны  үзгүлтүксүз   берип келет.  Ошентип 2014-жылы 1-класста окуп, стипендия  алган окуучулар быйыл  11-классты бүтүрүп жатышканы да өзгөчө  окуя болуп калды.  Мындан  сырткары бул окумуштуулар айылдагы  Ысмайыл Кадыров атындагы айылдык китепкана менен мектептин китепканасына адабий, тарихый жана педагогикалык  адабияттарды  ар  дайым  тартуулап  келишет. Мисалы,  ушул  эле  күнү 47 адабий,  56 педагогикалык   мазмундагы жаңы  китептер тартууланды.  Алардын  ичинде  “Кыргыздар”  китебинин 20 томдугу, А.Оморовдун тарихый романдарынын 10 томдугу, профессорлор С.Байгазиев, С.Рысбаев, М.Чоров, А.Муратовдун  окутуунун теориясы  менен методикасына  арналган баалуу эмгектери бар. Ошондой эле таалим-тарбия ишин санариптештирүүгө  арналган техникалык каражаттар, дене тарбия ишине керектүү жабдуулар, окуучуларга арналган көрсөтмө куралдар берилген.

Салтанатта профессор Э. Мамбетакунов 11 окуучуга 2000 сомдон стипендия, башка активдүү окуучуларга жана мугалимдерге “Кыргызстан педагогдор коомунун” Ардак громаталарын тапшырды. 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн  ата-энелер, мугалимдер, салтанаттын коноктору кызуу куттукташып,  алардын  мындан  аркы  турмуш  жолдору  шыдыр  болсун  деген  ак тилек менен  асманга  ак  көгүчкөндөр  учурулду.

Ж.Мокешов,  И.Арабаев  атындагы КМУнун ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер