АКЫРКЫ КОҢГУРОО: КОРТЕЖГЕ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

  • 17.05.2024
  • 0

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн  демилгеси менен Баткен облустук А.Жайнаков атындагы драмалык театрынын чоң залында шаар аймагындагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын  “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүүдөгү мектеп   окуучуларынын  коопсуздугун талкуулаган шаардагы билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдери жана ата-энелер  катышкан чоң жыйналыш өткөрүлдү.

АКЫРКЫ КОҢГУРОО: КОРТЕЖГЕ ТЫЮУ САЛЫНДЫАКЫРКЫ КОҢГУРОО: КОРТЕЖГЕ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Жыйналыштын максаты — 25-май акыркы коңгуроого мектеп бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу, ошондой эле бүтүрүү кечесине мектеп окуучулары тарабынан мыйзамсыз акча чогултуунун алдын алуу. Мектеп окуучуларынын топтошуп кортеж менен шаар ичин айлануусуна тыюу салуу.

Бүгүнкү жыйналышка Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.А.Турдубаев, Баткен шаарынын мэри И.А.Бурканов, Баткен районунун прокурору Н.А.Курманакунов,  Баткен ШИББ начальниги Т.К.Саматов, Баткен шаарынын имам хатиби С.К.Аппазовдор келип, мектеп окуучуларынын өз алдынча уюшулуп жаткан экскурсияларга, тоолорго чыгуусунун алдын алуу, мыйзамсыз акча жыйнабоо, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө талкууланды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер