АК-МОЮНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 23.11.2023
  • 0

Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл аймагында кичи футбол аянтчасысынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

АК-МОЮНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын маалыматына таянсак, бул аянтчанын курулушу 2018-жылы демөөрчүлөр тарабынан 1 млн. сом берилип курулушу башталган, ал акча каражаты жетпей токтоп калган. Айыл өкмөт башчысы Б.Кошалиевдин жана жергиликтүү Кеңештин демилгеси менен Ат-Башы өнүктүрүү фондуна долбоор жазылып,  1 млн. сом бөлүнгөн.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 320 миң сом каралып, бүгүнкү күнү заманбап футбол аянтчанын курулушу толук бүтүп, ишке берилүүдө.

Бул салтанаттуу ачылышка район акими Э.Абдыкадыров, айыл өкмөт башчысы Б.Кошалиев, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышып, бул спорт аянтчасы айыл эли, жаштар үчүн пайдалуу болуусун каалап, аны курууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирилди.

Г.А.,»КБ»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер