№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ

  • 21.05.2024
  • 0

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ 20-майында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Токтогул  Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекс –гимназиясы  35 жылдык мааракесин зор салтанат, мугалимдер менен окуучулардын мыкты концерти менен өткөрдү.

Алгач мектептин 35 жылдык ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин чагылдырган тарыхый видеобаян көрсөтүлүп, Алина Абаева жетектеген бийчилер ансамблинин “Кыргыз бийи” сахнаны шаңга бөлөдү. Ага улай эле Белек Бапытаева жетектеген “Биздин кыздар” мугалимдер ансамблинин аткаруусундагы Ашыраалы Айталиевдин “Жылкычынын ыры”  айылын сагынган шаардыктарды жайлоого алып баргандай эле болду.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮБул мектептин таланттуу окуучуларынан куралган “МузЧырак” фольклордук ансамбли, Устат-шакирт “Актердук чеберчилик” ийрими, “Аймуун” бий ансамбли, “Мурас” бий тобу, “Шаттык” үйлөмө аспаптар ансамбли, “Айкөл” дастан ансамбли,  Хор ансамбли, Темир ооз комузчулар, комузчулар ансамбли,чечендик өнөр ийриминин окуучуларынын  аткаруусундагы керемет ыр-күүлөр жаңырып, ийиктей чимирилген бийчилердин көркөм бийлери, көркөм окуулар көрүүчүлөрдүн купулуна толду.  Айрыкча залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан түзүлгөн театралдык инсценировкаларда окуучулардын таланты дасыккан актерлордон ашса ашат, алды кем болгон жок.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ №69 окуу-тарбия комплекс –гимназиясы  35 жылдык мааракеси менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан  ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо  куттуктап, ЖКнын төрагасынын фондунан беш компьютер белек кылып, билим берүүгө зор салым кошкон бир нече мугалимдерге, балдарга көркөм дүйнөнүн эшигин ачкан ийрим жетекчилерине Парламенттин сыйлыктарын тапшырып, мындай деди:

— Билим гана адамды бийик кылып, ал көздөгөн максатка жеткирет. Талыкпаган окуунун аркасынан изделген илим ийне менен кудук казгандай татаал болсо да, мөмөсү таттуу, түшүмү мол. Ошондуктан билим берүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты катары каралып, ушундай үлгүлүү мектептерди көбөйтүү – биздин эң башкы максатыбыз.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮУрматтуу мугалимдер жана окуучулар, билим — ар тараптуу акылга бай келечегибиздин кепилдиги, ошон үчүн билимге умутулган сапардагы ар бир жеңишиңиздер өнүккөн өлкө куруудагы алгачкы кадам экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.  Мектептен кыргыздын келечегине кызмат кылган мыкты уул-кыздар тарбияланып, тоо булбулу Токтогулдай таланттар арбын чыксын.

Урматтуу мугалимдер, сиздер билим ээлерине, келечекке шамчырак жагып турган өзгөчө инсандарсыздар. Биз Жогорку Кеңешке келгенде эң биринчи мугалимдердин абройун көтөрүү боюнча мыйзам жазганбыз.

Заманыбыздын залкар даанышман жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “кыргыз тили кыргыз жашаган чөйрөдө өнүкпөсө кайсы жерде өнүгөт” деген сөзү айтылууда, бул эң улуу сөз. Бир гана “кыргыз тилибиз” дебей, келечекке ачкыч катары көөдөнгө шамчырак жагып, чет тилдерди окутуу борбору катары англис, кытай, немис жана корей тилдерин өтө чоң көрсөткүчтөр менен окутуп жатканыңыздарга терең  ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин гимназияңыздардан өлкөнүн тарыхын жаза турган, келечегин кура турган жаштар чыгышына тилектешмин,- деди Мирлан Самыйкожо.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да мектепти мааракеси менен куттуктап, эмгеги менен айырмаланган бир катар мугалимдерге, ийрим жетекчилерине мэриянын Ардак грамоталарын, энчилүү эстелик сааттарын, ыраазычылык каттарын тапшырды. Мектепке интерактивдүү доскаларды белек кылды.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ

— Ардактуу мугалимдер жана окуучулар, №69 Токтогул Сатылганов атындагы окуу- тарбия комплекс гимназиясынын 35 жылдык мааракеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. 1989-жылы  окутуу кыргыз тилинде жүргүзүүчү мектеп катары ачылган. Гимназиянын окуучулары райондук, шаардык, республикалык олимпиадаларында жана изилдөө иштеринде ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгы, жыл сайын “Алтын тамга” жана Жалпы Республикалык Тестирлөөдө “Алтын сертификаттан” ийгиликтерди жаратып келгени баарыбызга маалым. Бул мектептен бир эмес, ондогон, жүздөгөн таланттар ачылып, эл аралык аренага таанылды. Жүздөгөн балдар эмнеге жөндөмдүү экендигин көрсөтүштү жана ийгилик жолун улантышты. Бул гимназияны аяктаган бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда гана эмес, АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкери, Пенсильвания университетинин окутуучусу жана башка өлкөлөрдө ар түркүн тармактарда эмгектенип жаткандар мектептин мыктылыгын көрсөтүп турушат. Урматтуу мугалимдер, сиздер окуучулардын ар биринин келечегине жол ачып, аларды жоопкерчиликтүү жана максаттуу болууга үйрөтүп, келечек ээлерин татыктуу тарбиялап келесиздер, баарыңыздарга чың ден соолук, бекем күч-кубат, ишеним, сонун идеяларды каалап, ар дайым мектебиңиздер ийгиликтерди жаратсын деген куттуктоом жана каалоо-тилектерим бар, -деди Бишкек мэри Айбек Жунушалиев.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮБишкек шаардык кеңешинин орун басары Токтосун Султанов дагы №69 мектеп шаарда гана өлкө боюнча мыкты мектеп экенин, кыргыз баалуулуктарына басым жасап, өлкөбүздү эл аралык аренада таанытып жатканын белгилеп, иши менен таанылган бир катар мугалимдерге шаардык Кеңештин сыйлыктарын ыйгарды.

, №69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮКыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Айнура Аскарова  мектеп кыргыз маданиятын өнүктүрүүдө, бабалардын  рухий мурастарын, көркөм дүйнөсүн жаш муундарга үйрөтүүдөгү салымдарын баса белгилеп, Маданият министрлигинин Ардак грамоталары менен ийрим жетекчилерин сыйлады.

Ошондой эле президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелисбек Мураталиев дагы мугалимдердин мээнети тоодой экенин, өлкөнүн келечеги үчүн жаштарга билим берүүдөгү эң ардактуу кесип мугалим, устат болоорун белгилеп, Тил комиссиясы тарабынан жарык көргөн баалуу китептерди мектепке белек кылды.

  Эмгегинин үзүрү бааланып, сыйлык алышкан мугалимдерди да баса белгилей кетели.

Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына тарбия иштери боюнча директордун орун басары, информатика мугалими Байшериева Рахат татыктуу болду.

Парламенттин ыраазычылык каты химия мугалими Айдаралиева Калийпа, немис  тили мугалими Абдыкеримова Самара, биология мугалими Токтомамбетова Аймира, математика мугалими Осмонова Чынаркан,башталгыч класстын мугалимдери Өмөрова Жекшенбүбү менен Кубатбекова Керимбүбү, чет тилдер боюнча директордун орун басары, кыргыз тили жана адабияты мугалими Рыскелдиева Атыркүл, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, математика мугалими Токтосунова Жылдызга ыйгарылды.

Жогорку Кеңештин 85 жылдык юбилейлик медалы менен башталгыч класстын мугалими Турганбүбү Ажыгулова менен  ийрим жетекчиси Кутманаалы Султанбеков сыйланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси кыргыз тили жана адабият мугалими Кенжекул Усупбай уулу жана ийрим жетекчилери Эльдияр Жарашев менен Эдилбек Үсөнбек уулуна тапшырылды.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына кытай тили мугалими Тойгожоева Венера татыктуу болду.

Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен математика мугалими Ботойева Анийпахан менен орус тили жана адабияты мугалими Токтогонова Эльмира сыйланды.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ
Бишкек мэриясынын энчилүү сааты  окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, география мугалими Мырзаева Рысканга ыйгарылды.

Биринчи Май районунун акимчилигинин  Ардак грамотасы Бегалиева Айгүлгө, Нусубалиева Калияга жана  Акматов Кутманга берилди.

Маданият министрлигинин Ардак грамотасы  менен ийрим жетекчилери Абаева Алина, Рысбаев Дөөлөт, Максылкадыров Максат, Жанышбекова Үпөл, Рысбек уулу Бекболсун жана Бостонов Өмүрбек сыйланды.

Мектеп директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалим Сайрагүл Атаева маараке менен куттуктап келген жетекчилерге, коомдук ишмерлерге, билим берүү кызматкерлерине  35 жыл бел чечпей, келечек муундарга татыктуу билим берип келаткан мугалимдерге жана балдардын жаркын келечегин ойлогон ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕП

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮБишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле чет тилдерди окутуу борбору  катары таанылган. Учурда гимназияда 210 педагог 4000ге чукул окуучуга  таалим-тарбия берүүдө.  Окуу-тарбия комплекс –гимназиянын жамаатында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Кыргыз Республикасынын эл артисти”,”Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери”, “Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктыларыларынан” жана “Маданияттын мыкты кызматкерлеринен” турган  жогорку  чебер мугалимдер, маданият ишмерлери эмгектенишет.                                   

Немис тилин тереңдетип окутуу Германиянын “Чет өлкөдөгү мектептердеги билим берүү боюнча Борбордук Азиядагы мекемеси” (ZFA)  менен байланышта иш алып барат. Немец тилин окуган окуучулар европалык стандарттагы  DSD II В2 C1  экзамен тапшырышып, азыркы учурда бир нече бүтүрүүчүлөр Германия мамлекетиндеги Жогорку окуу жайларда  билим алып жатышат.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮКытай тилин тереңдетип окутуу Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп жана  мектепте Конфуций класстары уюшулган.  Бул багыттагы  бүтүрүүчүлөр   HSK 5-6 деңгээлине ээ болушуп,  Кытайдын   Пекин,  Шанхан,  Гуанчжоу,  Тиянжин ж.б. шаарларындагы Жогорку окуу жайларда 100дөн ашуу бүтүрүүчүлөр гранттык негизде билим алышууда. Жыйынтыгында 2019-жылы гимназия дүйнө жүзү боюнча тандалып,  “Конфуцийдин мыкты классы” наамына ээ болгон.

Кыргыз Республикасындагы  Түштүк Корея  элчилигинин  алдындагы «Корей тил»  борбору менен келишим түзүлүп,  борбор тарабынан корей тили сабактары колдоого алынып, терең окутулуп жатат.

Кызматташтык аркылуу Германия, Кытай, Корея мамлекеттери мектепке ар жыл сайын  ыктыярчыларды (волонтерлорду) жиберип турушат.Бишкек шаарында, республикада өткөрүлгөн предметтик олимпиадалар жана изилдөө иштеринде, ар  түрдүү сынактарда окуучулар байгелүү орундарга ээ болуп келишүүдө.Ошондой эле жыл сайын  мектеп сыймыгына айланган бүтүрүүчүлөр “Алтын тамга” жана жалпы республикалык тестирлөөдөн “Алтын сертификаттан” ийгиликтерди жаратууда.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮГимназия билим алуу менен руханий  эстетикалык багытта да «Устат-шакирт» долбоору менен биргеликте иш алып баруу кыргыз рухуна, баалуулуктарына, маданиятына жана көркөм дүйнөсүнө басым жасап , иш алып барууда. Учурда  окуучулардын басымдуу бөлүгү комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, кыл кыяк  сыяктуу кыргыз улуттук аспаптарында  кол ойнотуп ойноп, чертип үйрөнүп, өздөштүүрүгө шарт түзүлүп , ийгиликтүү иш алып барууда. Улуттук аспаптар,  хор, вокал ийримдеринин окуучулары  шаардык, республикалык ар кандай маданий иш-чараларда активдүү катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып жүрүшөт.

Ошондой эле мектептеги спорттук ийримдерге катышкан окуучулар дагы шаардык, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тандалма команданын катарында ойноп, машыгып, өлкө намысын татыктуу коргоп келишүүдө.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮЖакында эле эл аралык стандарт менен кайра оңдолуп, заманбап реконструкция болгон мектептин бассейинде жана спорт залында Кыргызстандын триатлон федерциясы менен бирге  окуу-машыгуулар башталды.

 Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим  Сайрагүл Атаева бул мектептин башкалардан айырмачылыктарын жана артыкчылыктарын айтып берди.

— Сайрагүл Токтосуновна, 35 жылдык мааракеңиздер жогорку деңгээлде өткөнүнө күбө болдук. Сиздердин мектепти Бишкек шаарындагы гана эмес, өлкөбүз боюнча  мыкты мектеп деп адистер айтып, баса белгилешти. Кыргызстан эгемен өлкө болоор алдында борбор калаада кыргыз тилиндеги бир нече мектеп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен түзүлгөн эле. Ошол учурда 5-мектептен башка борбордо кыргыз тилдүү мектептер жокко эсе болчу. Сиздердин мектеп башка мектептерден эмнеси менен айырмаланып турат жана кандай артыкчылыктары бар? Билим берүү тармагына кандай жаңылыктарды киргизе алдыңыздар?

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ— Биздин мектеп олимпиадаларга катышуу менен “Алтын тамга”, «Алтын сертиикат» өзгөчө нускадагы аттестаттарды алган балдардын жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын эсеби менен рейтинг боюнча Бишкек шаарында бир жылы экинчи орунда болсок, экинчи жылы үчүнчү орунда болуп калабыз. Бул жерде чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин курамы күчтүү. Мектептер  бири биринен кескин айырмаланбашы керек, анткени алдыбыздагы максат жана программа бир. Ошого карабай бир убакытта өзгөчөлөнүп, өзүнүн багытын алган мектеп катары, биз тарбия комплекс гимназия катары уюшулганбыз.  2000-жылдары курамына №36- мектеп жана 184-бала бакча кирген. Ошондон улам мүмкүнчүлүктөр  кеңейип калды.  12 жылдык билим берүүнү биздин мектеп ар тараптан колдоого алмакчы.  Гимназиялык компаненттер деп ийримдерге берилген сааттар бар. Ошол ийримге берилген сааттарды туура колдонгонубуз менен ийгиликтер болуп жатат. Себеби ага долбоорлор жардам көрсөтүүдө.  Ишмердүүлүгүбүз, өзгөчөлүгүбүз – окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп болгондуктан, эң негизги ошол багытыбыздан жазбай келе жатабыз. Бирок, кыргыздар өздөрү эрежени бузгусу келет, шаардын бардык аймактарынан бизге ата- энелер балдарын окутканы келет, “биз жакын жашайбыз, орус тилдүү класстар керек. Эки тилде окуткан мектеп болушуңар зарыл” деп талап кылганда, биз туруштук бере алдык. Башка улуттун өкүлдөрү эмес, жергиликтүү калк, кыргыздар келип, “Орус тилинде окуткан мектептер күчтүүрөөк болот, мугалимдери дагы күчтүү” деп ошол нерсеге ишенип, катуу талап коюшкан. Мен директор болуп келгенден баштап “жамаатка намысыбыз болуп, кыргыз тилинде окутулган мектеп артта калбаш керек” деген максат алдыма койгом. Биз ага акырындан келдик, бирок негизи жалаң мугалимдерге таянып иштесе болбойт экенин тажрыйбабыз көрсөтүп, чет өлкөлөр жана маданият ишмерлери менен бирдикте иштеп жатабыз.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮОшондуктан бир нече жылдан бери долбоорлор менен иштейбиз. Мисалы үчүн учур талап кылган кытай тилин тереңдетип балдарга окутабыз. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университет алдында Конфуций институту менен бирге 2011-жылы “Конфуций классы” деп эң алгач ачылганбыз. Азыркы мезгилде 100дөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз Кытайда эң мыкты университеттерде окушат, анткени мектеп бүткөндөн кийин тил дипломунун эң жогорку даражаларын алып, окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Алтын сертификатты “Кытайдан алган сертификат” деп атайм, өкмөттүн стипендиясын балдар ошону алганда Кытайдан өзү каалаган университетке, өзү каалаган кесипке өтүп, келечек тагдырын тандай алышат. Быйыл төрт окуучубуз Кытайга мамлекеттик стипендия менен кетип жатат, 2019-жылы балдардын жетишкендигинин аркасынан биз “ Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты Конфуций классы” деп аталганбыз. Андан сырткары Германиянын чет өлкөлөрдөгү немис тилин үйрөтүү  борборлору бар, Кыргызстанда дагы “ZFA” деп аталган борборлорунун колдоосу менен Кыргызстанда 6 мектеп иштейт. Ошонун бирөө биздин мектеп. Алардын колдоосу менен  волонтерлорду жиберип, балдардын деңгээлине жараша дипломдорду ыйгарып, ал дипломдор Германияда балдардын окуусуна мүмкүнчүлүк берет. Былтыркы жылы 11 балабыз кетсе, быйылкы  окуу жылында дагы 10 чакты бала Германияга окууга кеткени турат. Балдарыбыздын билим деңгээлин текшерүү үчүн Германияда элчибиз  Өмүрбек Текебаев атайын аларга жолугуп,  немис тилин мыкты билишкенине ыраазы болуп, биздин мектепке да келип кетти.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮОшондой эле корей тилин дагы терең билүүгө өзгөчө волонтерлор жардам берип жатышат. Эне тили менен кошо чет тилдерин терең үйрөтүү биздин өзгөчөлүгүбүз десем болот. Чет мамлекетке кетип жаткан балдар өңү-түсү менен өзгөчөлөнбөстөн  “мен кыргызмын” деп, кыргыздын баалуулуктарын, маданиятын, каада-салтын, наркын көрсөткөн деңгээлде болушу керек. Кыргыздын тарыхын  билүү менен өз өнөрүн да көрсөтүп турушу зарыл. Ошондон улам биз Кыргызстандагы  “Устат-шакирт” деген борбор менен тыгыз кызматташабыз. Ошол кызматташуунун аркасында биздин миңдеген балдарыбыз кыргыз улуттук аспаптарын өздөштүрүп, кыргыздын нарк-нускасын билишет. Сахнага чыгып, өнөрү менен таанылган окуучуларыбыз арбын.  Билим берүү тармагындагы 35 жылдык ийгиликтерди айтуу менен бирге мугалимдердин жана окуучулардын демилгеси менен концерттер коштоп, “Устат Шакирттин” жардамы менен ийримдин катышуучуларынын аркасынан Кыргыз Улуттук филармониясында отчеттук иш-чара өткөргөнү жатабыз.

Ошондой спорт тармагында дагы ийгиликтерибиз, жеңиштерибиз да арбын.

Баса, кайрадан жаңы заманбап реконструкция болгон бассейиндин, жертөлөдөгү спорт залдын курулушун коомчулук кандай кабыл алышты?  Кыргызстандын триатлон федерациясы менен кызматташууга баруу эрдик же тобокелдик катары эсептесек болобу?

— Директор болуп турган менен ал нерсени мен жалгыз чече албайм, бирок менин жана жамааттын пикирин сурашат.  Мен көп жыл ичинде мектеп курулгандан бери ушул мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем. Орус тилдүү мектепке он жылдай иштеп, кайра өзүм үчүн кымбат мектебиме келгем.  Мен келгенде бассейин иштебей калыптыр, тап такыр эле бекитип коюптур. Анткени суусун алмаштырууга, түтүктөрүн оңдоого, вентиляция орноштурууга көп каражат керектелет. Бир жыл иштетсек өзүнө кеткен чыгымдарды актаган жок.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮАндан кийин муниципалдык мүлк башкармалыгы ижара берген,  алар дагы төрт-беш жылдай иштеп көрүштү, анын да натыйжасы жакшы болгон жок. Бир-эки жыл жакшы иштеп, акчасын алып, пайда тапкандан кийин таштап коюшкан. Айла жок андан да баш тартканбыз, соңку беш жыл ичи да иштеген жок, астындагы жертөлөсү баары чирий баштады. Бассейинди кайра капиталдык ремонттон өткөрүүгө чоң каражат керек экен” деп ойлонуштуруп, сунуштарды күтүп турдук. Белгилүү ишкер Чыңгыз Алканов  деген жигит “мен ижара алат элем” деп келди. “Ижарага алып иштетүүнүн жол-жобосу начар экен, өзүңүз бир нерсе кылып иштеп көрүңүз, заманбап бассейин кылуу үчүн түп-тамырынан бери кайра реконструкция кылып, кайра жасап чыгуу керек го, мен макулдугумду берет элем, -дедим. Ал биздин бассейинге кызыгып калды.  “Кыргызстандагы эң мыкты бассейин катары оңдойм, балдарга жакшы болот” деди. “Сиздин акчаңыз, каражатыңыз бар го, башка жерге жаңы бассеийн эле куруп албайсызбы?” деп айтсам. Чыңгыз мырза : “балдар кирип чыгып, ден соолугун чыңдап турган  заманбап бассейин жана спорт залы болсо дейм, ошолордун арасынан мыкты спортчуларды тандап алууга мүмкүнчүлүк болот” деп, мени ынандырды.

“Анда балдарга жакшы мүмкүнчүлүк болот эле” деген ойдо мен мэрияга кат жаздым, “ Биз макулбуз, карап чыгыңыздар, шарты кандай болот?” деп кайрылдым. Алар талдоого алышып, документти бир-эки жылда даярдап, Бишкек шаарынын мэриясы макулдугун берди. Бассейинди жана жертөлөдөгү спорт залды заманбап эл аралык талаптарга ылайык кайра куруу, реконструкциялоо үчүн алты ай иштешти.  Чыңгыз Алканов жетектеген Кыргызстандын триатлон  федерациясы, демөөрчүлөр менен  бир миллион АКШ долларын сарптады.  Макулдашылган шарт боюнча биздин окуучу балдардан командалары түзүлөт, сууга сүзүүгө муктаждыгы боло тургандардан биз команда түзүп берип турабыз.

№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮБассейиндин жана спорт залдын ачылыш салтанатына  Министрлер Кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов,  Бишкек мэри Айбек Жунушалиев баштаган жетекчилер келишти.

Спортчулардан тышкары биздин мугалимдер бассеийнге акысыз түшүп турушат. Ар бир командага бир саат убакыт берилет. Ал эми  спорттук ийримге катышпаган калган балдар жеңилдетүү менен акы төлөп киришет. Андан сырткары Чыңгыз Алканов  биздин мектептин спорт залыбызды дагы заманбап талапка ылайык  “оңдоп берем” деди. Ошондой эле мектептин короосундагы чуркоо аянчасына заманбап эл аралык талаптагы резина төшөлгөн чуркоо жолун салып бермек болду.

Азыр келишим боюнча оңдоо иштерин баштады. Биринчи байлык -ден соолук дегендей, балдардын, калкыбыздын ден соолугу чың болсо, терең билим алууга өбөлгө болмокчу.

-Рахмат, жакшы саамалыктар, демилгелер менен мектебиңиздер билим уясы болуп, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан окуучуларды тарбиялай бериңиздер.

35 жылдык мааракеңиздер менен “Кут Билим” медиа борбору да куттуктайт.№69 МЕКТЕПТИН 35 ЖЫЛДЫК БИЛИМ, ӨНӨР ҮЗҮРҮ

 Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер