“ТҮРК ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ АГАРТУУЧУЛУК ЖАНА САЛТТУУ БААЛУЛУКТАР”

  • 05.12.2022
  • 0

Карапайым калктын арасынан чыккан алгачкы агартуучу-аалым, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата КР УИАнын Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институту, КР Президентине караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду менен биргеликте Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети “Түрк дүйнөсүндөгү агартуучулук жана салттуу баалулуктар” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. 

“ТҮРК ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ АГАРТУУЧУЛУК ЖАНА САЛТТУУ БААЛУЛУКТАР”

Иш-чарага чакырылган сыйлуу коноктор илимий-практикалык конференция өз ишин баштаганга чейин “Памир кыргыздарынын салттуу баалулуктары” көргөзмөсү менен таанышып чыгышты. Ошондой эле 2022-жылы Төлөбек Абдырахманов, Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев тарабынан биргелешип жазылган “Эки доор инсаны Эшенаалы Арабаев” аттуу китептин бет ачарына күбө болушту.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаевдин кайрылуусу жана сый коноктордун куттуктоо сөздөрү менен илимий практикалык конференция өз ишин баштады. Пленардык жыйында Ишеналы Арабаевдин илимий ишмердигине, калк катмарын агартуу багытына, салттуу баалуулуктардын сакталышына жана өнүгүшүнө негизделген докладдар окулду. Түшкү тыныгуудан кийин илимий конференция секциялык иштерде улантылды.

Секциялык иштер акырына чыгып, жыйынтыкталгандан кийин конференция катышуучулары кайрадан пленардык жыйынга чогулуп, секция башчыларынын маалыматтарын угушту. Андан соң резолюция кабыл алып, илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер