12 жылдык модель: окуу китептер түп тамыры менен жаңыланат

  • 02.07.2024
  • 0

Бишкекте 12 жылдык мектепке көчүү менен байланышкан модернизациялык пландарды карап талкуулаган форум ишин улантууда. Бүгүн форумдун катышуучулары секцияларга бөлүнүп иштеп жатышат.

12 жылдык модель: окуу китептер түп тамыры менен жаңыланат

Кыргызстандын мектептери үчүн STEAM предметтери боюнча мыкты чет элдик (Оксфорд, Кэмбридж, Маршалл Кавендиш) окуу китептерин адаптациялоо иши башталды. Бул Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө көчүүнүн стратегиялык башкы багыттарынын бири болуп саналат.

«Окуу китеп» басма үйүнүн директору Ильяс Сарыбаев 12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн 8,7 миллиард сомго 17,4 миллион окуу китебин толук алмаштыруу керек. Бул бир окуучуга керек болгон 12 окуу китеп комплект түп тамыры менен жаңыланат деп белгиледи.

“Буга чейин маалым болгондой, «Окуу китеп» басма үйү Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемеси менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонбуз. Анын натыйжасында Кыргызстандын мектеп окуучуларына Сипгапурда даярдалган STEAM багытындагы Кембридж моделиндеги дүйнөлүк сапаттагы окуу китептери Кыргызстанга адаптацияланып берилет. Бул китептер 2026-2027-окуу жылына чейин которулуп, экспертизадан өткөндөн кийин жетиштүү нускада чыгарылат. Мындан сырткары, электрондук версиялары да даярдалат”, – деди И.Сарыбаев.

12 жылдык модель: окуу китептер түп тамыры менен жаңыланат

Директор Marshall Cavendish басма үйү 1-11-класстар үчүн математика, 1-9-класстар үчүн табигый илимдер, 10-11-класстар үчүн физика, химия, биология, 1-6-класстар үчүн англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерин даярдап берерин кошумчалады.

Кыргызстандын окуу китептери фундаменталдык билимдин калыптанышына басым жасалып, грамматикалык эрежелерди жаттоо, айтып берүү менен гана чектелип, тилекке каршы, күнүмдүк турмушта колдонууда жыйынтыгын бербей келет деп Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева дагы талкууда айтып өттү.

12 жылдык модель: окуу китептер түп тамыры менен жаңыланат

Ал өз ишинде эки өлкөнүн китептеринин айырмачылыктарын карап чыгып, Кембридж окуу китептери көбүнчө коммуникативдик көндүмдөрдү жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталса, Кыргызстандын окуу китептери теорияга шыкалган, жаттама, стандартташтырылган тесттерге даярданууга басым жасалып, окуучу 11 жыл окугандан кийинки жыйынтыгы начар деген. Андыктан ыкчам өзгөрүп жаткан дүйнөдө атаандаштыкка жарамдуу балдарды тарбиялоо мезгил талабы. 12 жылдыкка өтүудө билим берүү стандарты, программалар, окуу китептер баары өзгөрөт, ага жараша мугалим да өзгөрүшү зарыл деп, жалпы мугалимдерди билимин жогорулатууга, заманбап ыкмалар менен иштеп кетүүгө аракет кылууга чакырып кетти.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясын бекитти. Эми Кыргызстандын өкмөтү бул маанилүү процесстин иш-чаралар планын бекитүүгө тийиш.

«Республикабызда келерки окуу жылынан тартып мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарга кошулуу, балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу, заман талабына жараша алардын эмгек рыногундагы өз ордун табуусуна шарт түзүү болуп эсептелет», — деген эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрель айында.

Бул форум 12 жылдык мектепке көчүүнүн стратегиялык багыттарын билим берүү коомчулугу менен талкуулоо максатында өтүп жатат.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер