12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: МУКТАЖДЫК, ЗАРЫЛДЫК

  • 29.03.2024
  • 0

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: МУКТАЖДЫК, ЗАРЫЛДЫК

Окуучуга оомат келди

Мындан жыйырма жылдай мурун “Кут Билим” гезитине  белгилүү окумуштуу, саясатчы агайыбыз Салижан Жигитов  билим тармагынын чалкеш маселелерине арналган маегинде турмушка даярдабаган мектептин эмне кереги бар деген маселени кабыргасынан койду эле. Андан ары ал: «Эгерде билимдүү болсоң, анда эмне үчүн кедейсиң?» — деп ирония иретинде, бир чети какшык менен суроо салган. Акыйкатта, билимдүү адам кедей болбош керек. Тескерисинче, билимдүү болсо бакубат жашоого тийиш эмеспи. Тилекке каршы, жашообузда андай болгон жок. Эмне үчүн? Жооп издеп көрөлү…

Токсонунчу, эки миңинчи жылдардын башы. Орто кесиптик билимдин да, мектептик билимдин да кедери кетип, итке минип турган кез. ЖОЖдон алган адистигиңдин рынокто орду жок, жумушсуз калып, андан ары чет жакка жаштарыбыз кара жумушка күргүштөп агылышты. Ал учурдагы алган билим бизди жумушсуздукка, аргасыздыкка түрттү.  Эмнеге ошол кезде билимдүү, дипломдуу адамдар турмушта ордун таба албай калды деген суроо туулат. Ага карабай ЖОЖдор көбөйүп, дипломдуу адамдарды “пачкалап” чыгарып жатты. Ушул билим беле деген суроо туулат. Эгерде ал чындап билим болсо, анда эмнеге жаштардын материалдык муктаждыгын камсыз кыла алган жок. Билим — бул эң алды кесип деген түшүнүк эмеспи. «Кесибим — ырыс кешигим» дегендей, кесиби бар адам өз жанын бакмак тургай,  үй-бүлө күтөт, тукум улайт, бала тарбиялап, материалдык талабын канааттандырган аракеттерди жасайт. Ал эми жасалма, абстракттуу, турмушка шайкеш келбеген  билим алса, өксүк тартып, жашоодон ордун таппай, ар кандай тескери жолдорду тандап баштайт эмеспи. Демек, мектептик да, жогорку кесиптик билим да баланы турмушка даярдоого тийиш. Ошон үчүн маркум маектешибиз Салижан агай тээ илгери эле бекеринен мектептер балдарды ЖОЖго өтүүгө эле эмес, эң оболу турмушка даярдашы керек экенин, бала өз алдынча оокат кылганга, өз бетинче ойлонуп, башын иштеткенге даяр болушу зарыл экенин, бул мектептин эң жогорку милдетине кирерин коңгуроо кылып какпаптыр. Мына ушундай жасалма, тажатма, натыйжасыз билимден кайсы бир учурда баш тартып, заманбап турмуштун талабына, дүйнөлөшүүнүн шар агымына туруштук бере ала турган жолду тандашыбыз керек эле. Ал жол ийкемдүү, келечектүү жол — 12 жылдык билим берүүгө өтүү болчу. 12 жылдыкка даяр эмеспиз деген пикирлерге билим берүү жана илим министри даярбыз деп жооп берди:

— Даярдык бар. Учурда 0-класска 100 миңден ашык бала тартылган жана балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800 000 000 ( сегиз жүз млн) сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 млн 400 миң сом эмгек акысына төлөнөт. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо дээрлик биринчи класска келген 157 000 окуучунун 80 пайызы даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүү калган 20 пайыз бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт, — деди  Д.Кендирбаева.

Биз бул дүйнөлүк моделге көчүүдөн коркуп-үркүп отуруп, он жылдап кечигип кирип жатабыз. Эгерде мындан чейрек кылымга жакын эрте киргенибизде  этап-этабы менен толук өтүп, окуу китебинин да, жалпы билим системасынын да азыркы тушуккан кризисинен алда канча эрте чыгып кеткен болор элек. Бирок, айла канча, кеч да болсо 12 жылдыкка өтүү чечими Президент тарабынан колдоо таап, чечим кабыл алынып, жакшылыктын, кара туннелдин ар жагындагы жарыктын жышаанын көрө баштадык десем жаңылышпайм.

ЖОЖ, мектеп ортосундагы тескери айлампа жоюлат

Жаман аял кайдан чыгат дегендей, начар мугалим кайдан пайда болот деп көп жылдап баш катырып, ага мектеп да, ЖОЖ да  күнөөлүү экендигин байма-бай айтып, жазып чарчап келдик. Ортозар окуучуну мектеп даярдаса, ошол бала начар даярдыгы менен ЖОЖго барып, ортозар мугалим болуп, кайра мектепке кайтып келип, өзүнө окшогон алешем балдарды кайра эле ЖОЖго даярдап, ушундай айлампадан канча жылдап чыга албай, бара-бара ага көнүп да калганыбыз жалганбы? Мындан ары педагогикалык адистикке тапшыра тургандарга ЖРТнын босого баллы көбөйтүлөт. Бул мектепте жакшы окугандарды гана мугалимдикке тартууга жол ачат дегендик. Ошол эле учурда ЖОЖ мектепке ментордук жардамын бере баштайт.

Он жылдап окуткан балдарыбыз математиканы, алгебраны, физика, химияны талаптагыдай өздөштүрө албай  коюшту. Он жылдап чет тилдерин окуса да жөнөкөй баарлашууга жарабайт. Мунун да негизги себеби — окуу китебинин ыңгайлуу эместигинде, усулдук тажрыйбанын ийкемсиздигинде болуп келгенин билим министри өз сөзүндө, маектеринде  айтып келет. Эми ошол өксүктөр 12 жылдык билим берүүнүн программасына ылайык жоюлганы турат. Себеби жакынкы күндөрдө эң алдыңкы делген Сингапур өлкөсүнөн Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган 46 наамдагы так илимдер боюнча окуу китептери сатылып алынып, өлкөбүздүн билим берүү стандарттарына, программаларына ылайыкташканы турат. Бул окуучу үчүн да, мугалим үчүн да табылгыс байлык, зор мүмкүнчүлүк десек болот.

— Буга дейре мындай китептер менен колунда бар, бай адамдардын балдары гана менчик мектептерде билим алуу артыкчылыгына ээ болуп келсе, эми жакын арада андай шарт бардык мектептерде пайда болорун эмне үчүн сүйүнүү менен кабыл албашыбыз керек,-өдеди министр айым окуу китептери туурасында айтып жатып.

Эмне үчүн окуучуга оомат келди деп жатабыз. Эми, буюрса, так илимдерден да, чет тилдерден да окутуудагы  мектептик өксүк жоюлат. Балдарыбыз мектеп программасынан эле  кошумча билимисиз толук кандуу көндүмдөргө ээ болмокчу. Жаңы программага ылайык, мугалимдердин кесиптик даярдыгы, ишмердиги санариптик жана жасалма интеллекттик негизде аралыктан эле текшерилип, билим сапатына көзөмөл ырааттуу жүргүзүлүп, ага карата эмгек акы да жогорулап турат. Мугалим кесиптик дараметин онлайн режиминде күн сайын жогорулатып турганга бардык шарттар түзүлөт. Мугалимдер, окуучулар санариптик билим кампасы толукталган ноутбуктар менен камсыз болот. Жаңы стандарттардын, программалардын талабына жараша  окуу жүктөмдөрү азайып, жеңилдетилет. Билим сапатын көтөрүү максатында сентябрда мугалимдердин сапаттык деңгээлин аныктоо үчүн республикалык тестирлөө өткөрүлөт.

-Тестирлөө аркылуу ЖОЖдордун рейтинги чыгат. Кесипти өнүктүрүү курстарынын кемчиликтери, мугалимдердин муктаждыктары аныкталат. Окуучулардын предмет боюнча көрсөткүчтөрү жогорулаган сайын эмгек акы да белгиленген өлчөмдө көбөйүп, кошумча акы төлөнүп баштайт. Ошондо мугалим базалык эмгек акыдан сырткары 120 миң сомго чейин айлык алышы мүмкүн, — деди министр Догдуркүл Кендирбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ооба, ушунун баары министрлик сунуш кылган “Алтын казык” мамлекеттик программасына киргизилген. Аталган программа билим берүүнү түп тамырынан өзгөртүп, модернизациялоого багытталган. Ал эми эски стереотиптерге  байланып, 11 жылдыктын тегерегинен айланчыктап чыга албай тургандык бери дегенде балдардын бактысына, келечегине балта чапкандык экендигин, 11 жылдык постсоветтик мезгилдин талкаланган системасына ылайыкташканын, ал заманбап талаптардын бирине да жооп бере албастыгын  эксперттер зар какшап айтып жатканы бекеринен эместир.

Айрым ата-энелер 11 жылды араң окуп жаткан балдарыбыз 12 жылда жетилип кетпейби деп чочууда. Ооба, бир жыл кошулса туура эмес болмок. Болгону даярдык жылы (0-классы) 1-класс деп аталары далай ирет айтылса да, буга маани бербей, түшүнгүсү келбей жаткан коомчулукка таң калбай койбойсуң. Министр айым туура айтат: айрым эмес, көпчүлүк ата-энелер  баланын келечегине караганда  эртең боло турган тойду көп ойлойт. Баласынын билимине жумшала турган акчасына кымбат баалуу машине, үч-төрт кабат үй салат, чет жерде чардап эс алат. Ошол эле учурда баласынын келечегин мамлекет, мектеп ойлошу керек, ошолордун милдети дегиси келет. Ооба, өнүктүрүүчүлүк жагын өлкөбүз мойнуна алып, 12 жылдыкка өтүп, опол тоодой иштерге бел байлады. Ата-эне аны кош колдоп, эриш-аркак болуп, баласынын багуучулук жагын да, тарбия тарабын да татыктуу алып кетүүсү, мугалимди колдоо, сыйлоо парасатын да биле жүрүүсү эп.

Мектептен эле кесипке ээ болушат

Кыргыздар илгери «окуп чилистен болмок белең, андан көрө тур, кой бак, оокат кыл» деп балдарын чапкылап, бир кесипке ээ кылбай  кара турмуштун убаракерчилигине эрте аралаштырып ийчү. Мунун бир жакшы жагы турмушту эрте үйрөнгөнү менен өмүр бою кара жумуштун азабын тартып, тиричилик десе желкемдин чуңкуру көрсүн деп, же “туулдуң калдың балаага” дегенди миң кайталап айтып, наалып жашаганга түрткөн. Ага ким күнөөлүү? Албетте, ага сенектик, келечекти көрө албагандык, караңгылык күнөөлүү.  Адам негизи кара жумуштан качып окуйт эмеспи. Бирок кесип — бул кара жумуш эмес, адам тагдырын оңдогон, наалып жашагандан сактаган таяныч. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн 30 жылдан ашык убактысында 11 жылдыктын кесепетинен канчалаган балдар жөнөкөй жумушчулук кесипти да убагында алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп, чет жерлерде оор жумуштарга тартылып, убактысын коротуп алышты. Мектептен эле бир кесиптин ээси болуп чыгуу — бүтүрүүчү үчүн эмне деген чоң мүмкүнчүлүктү ачат. Бул 12 жылдык билимдин эң жакшы касиеттеринин бири десек жаңылышпайбыз. Ошону менен бирге мектептен эле ЖОЖго тапшырууга, кесипке багыт алууга  өзгөчө даярдык болот. Министр Д.Кендирбаева бул багытта бүдөмүк  ойлорго да ачык жооп берди.

-12 жылдык билим берүүдө мектептерде кесипке багытталган класстар түзүлөт. Табигый математикалык, гуманитардык, технологиялык. Ошондой эле мектептен кошумча жумуштук кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмкүнчүлүк жаралат. Эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгышат. Ички жана эл аралык жогорку окуу жайларда айрым предметтердин кайталанбашына шарт түзүлөт. Мектептин жогорку классында билим берүүдө балдардын муктаждыгы жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыкталган, адистештирүүгө багытталган билим көндүмдөрдү калыптандыруучу окуу процесси жүрөт,- деди министр өз сөзүндө жаңы багыттарга түшүндүрмө берип жатып.

 Билим тармагынын бардык мүчүлүштүктөрүн артка силкип, түп тамырынан бери модернизациялай турган “Алтын казык” программасы бул тармакты трансформациялоого багыт алды. Демек, алдыдагы багыт туура экендигинде шек жок.

Майрамбек ТОКТОРОВ,                      “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер