12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: 6+3+3 МОДЕЛЬ ТАНДАЛДЫ

  • 11.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги  мектептик билим берүүнүн 12 жылдык  структурасын этап-этабы менен киргизүү боюнча Концепциясын, системаны 12 жылдыкка ɵткɵрүү этаптарын, жаңы Базистик окуу планынын варианттарын   иштеп чыкты. 12 жылдыкка өтүү боюнча кандай иштер жүрүп жаткандыгы боюнча  министрдин кеңешчиси Надира ЖУСУПБЕПКОВА айтып берди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: 6+3+3 МОДЕЛЬ ТАНДАЛДЫ

— Биринчиден, министрликте Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлеринен, билим берүүдɵгү кеңири таанымал эксперт-практиктерден турган жумушчу топ түзүлүп, 12 жылдыкка өтүү боюнча Концепция, Иш-аракеттер планы иштелип чыкты,  Иш-аракеттер планы  коомдук талкууга коюлду. Азыр мамлекеттик органдардан, эксперттерден, практиктерден келген сунуштарды эске алып, сын-пикирлерди изилдеп, план толукталып, иштелүүдɵ. Бул иш аяктары менен Министрлер Кабинетине киргизилет. Планда  системаны башка структурага ɵткɵрүүдɵ  кайсы конкреттүү иштер жүргүзүлүшү керек экендиги аныкталды.  Мисалы, мамлекеттик стандарттар, окуу программалары, окуу китептери  жаңыланышы керек болсо, бир жагынан. Экинчи жагынан, инфраструктура да талданып, анын негизинде ɵлкɵдɵ кошумча канча окуучуга орун керектигин далилдеген так билдирме Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жиберилмекчи. Мектептик билим берүү системасын жаңы багытка ɵзгөртүү — бул эң негизгиси мазмунду модернизациялоо дегенди билдирет. Ошондой эле Иш-аракеттер планында ар бир билим берүү  деңгээлинде кайсы конкреттүү иштер аткарыла тургандыгы жазылган.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: 6+3+3 МОДЕЛЬ ТАНДАЛДЫ12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: 6+3+3 МОДЕЛЬ ТАНДАЛДЫ

— 12 жылдыкка ɵтүүнүн негизги себептерин атап бересизби?

— Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү аныктоочу негизги себептердин арасында өзгөрүп жаткан дүйнөдө бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын структуралык кайра куруунун жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун зарылдыгы турат. Ошондой эле  компетенттүүлүк  методологиясынын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу билим берүү деңгээлдеринин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу; окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу үчүн жеке билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде кесипке чейинки жана адистештирилген даярдоо, ошондой эле (алдын-ала) кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу камсыз кылуу. Мындан сырткары  билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик жана коомдук институттардын социалдык өнөктөштүк системасын түзүүнүн, билим берүү экосистемасынын калыптанышынын зарылчылыгы, ал мамлекет, коом жана билим берүүнүн ар бир катышуучусунун ортосунда билим берүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүүнүн жаңы системасын издөөнү талап кылат;  жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн мобилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоонун зарылдыгы бар. Ал эми 6 жаштагы балдарды мектепке көчүрүү аркылуу балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн да бар.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: 6+3+3 МОДЕЛЬ ТАНДАЛДЫ12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: 6+3+3 МОДЕЛЬ ТАНДАЛДЫ

— Бул реформанын негизги максаттары жана милдеттери эмнеде?

— Биринчиден,  интеграцияланган жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде таанылган улуттук билим берүү системасын түзүү. Экинчиден,  коомдун сапаттуу билимге болгон муктаждыктарын канааттандыруу, анын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна мүмкүндүк берүү. Үчүнчүдɵн, социалдык-маданий мурастын сакталышын жана улуттун социалдык-маданий базасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Ошондой эле тагыраак айтсак,  эл аралык практиканын негизинде жаңы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, окуу пландарын жана программаларын адаптациялоо жана ишке ашыруу. Коомдун социалдык маданий керектөөлөрүнө негизделген улуттук компонентти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, 12 жылдык билим берүүнү киргизүүгө жана эл аралык билим берүү стандарттарына өтүүгө ылайык педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо да максаттардын бири. Профилдештирилген  билим берүүгө өтүүнү эске алуу менен билим берүү уюмдарын инфраструктуралык өзгөртүүлөр жана материалдык-техникалык жактан жабдуу, ошону менен бирге 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана жаңы стандарттарды киргизүү боюнча мониторинг жана баалоо системасын куруу. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жаңы структураны ишке ашыруу процессинде алдыңкы тажрыйбаларды жана көйгөйлөрдү системалуу түрдө аныктоо. 12 жылдык билим берүүнү ишке ашырууда маалыматтык камсыздоо да милдеттерге кирет. Мындан тышкары окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге билим берүүнүн жаңы системасына ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам бере турган маалыматтык ресурстарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу да каралган.

— Айтыңызчы, кайсы модель тандалып алынды?

— Кыргызстан үчүн эң актуалдуу 12 жылдык мектеп модели катары (6+3+3) кароо сунушталып, ага кошумча жыл билим берүүнүн баштапкы этабына киргизилип, мектептик билим берүүгɵ  6 жаштагы балдардын  тартылышы пландалууда.  Бул тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту жана андан ары билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизи катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жакшыртуу, ошондой эле мектепке чейинки ар кандай даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылчылыгы менен аныкталды.

Бул модель мектеп жашына чейинки балдардын 80%га жакынын камтыган мектепке чейинки даярдоону трансформациялоо аркылуу (“Наристе” программасы, 480 саат) ишке ашырылат, бул 1-класста окуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө маселесин чечет.  Ошондой эле балдарды 6 жаштан мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетип, 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга шарт түзөт, бул алардын таанып-билүү, социалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жаштайынан өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасы үчүн сунушталып жаткан 12 жылдык моделде  ортоңку жана жогорку класстарда  үч жылдык (3+3) билим берүүнүн узактыгы  жогорку класстарда  профилдик билим берүү киргизилип, окуучулар конкреттүү кесипке багыт алышмакчы. Жогорку класстарда  үч жылдык  билим алуу тɵмɵндɵгүлɵргɵ мүмкүндүк берет:

— окуучуларды ашыкча жүктөбөстөн, аларга адистештирилген билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана ЖОЖдо окууга мотивация түзүү;

— мектепте окулуучу жалпы кесиптик предметтерди кайрадан жогорку окуу жайларда окутпай,  кесиптик-техникалык билим берүүнүн деңгээлинде бакалавриатта окуу мөөнөтүн бир жылга кыскартуу.

9-класстан кийин башталгыч жана орто билим берүүгө өтүүнү пландаган окуучулар 8-9-класстарда кесиптик даярдыктан өтүшөт. Билимдин базалык деңгээлинде бүтүрүү курагы 14-15 жашты түзөт, бул аларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык окуу менен иштөөнү айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

6+3+3 модели боюнча 12 жылдык мектепте билим берүү системасына өтүүдө Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында  системаны өзгөртүү пландаштырылууда.

Модель төмөнкү этаптарга бөлүүнү камтыйт:

башталгыч билим берүү 1-6-класстар (6-11 жаш),

негизги жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш)

орто жалпы билим берүү 10-12-класстар (15-17 жаш).

— Ошондо мектепке чейинки билим берүү эмне болот? Ал жердеги  “Балалык” программасы кандай өзгөрөт?

— Бул жерде биз абдан маани берүүчү жагдай, 6 жаштагы балдардын баары милдеттүү түрдө 1-класска барып, 100% билим берүү менен толук камсыздалат.  Буга чейин алардын 17-18% гана бала бакчага барып, 70%га жакын балдар мектепке даярдоо программасынан (0-класс) өтүшкөн. 20%га жакын балдар эч бир программага тартылбаган. Ошондуктан бул кадам абдан маанилүү. Ал эми балдар, эки жаштан бала бакчага барышы ыктымал болот. Мунун баарын эксперттер карап жатат. Экинчи жагынан, эгерде өзгөрсөк, алты жаштагылар акырындап мектепке бара башташса,  бул санитардык-эпидемиологиялык  нормага туура келеби, кайсы нормативдерди өзгөртөбүз, эмне үчүн өзгөртөбүз,  алар боюнча да тийиштүү топ иштеп жатат.  Топто Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери дагы бар.  Бала канчалык көбүрөөк бала бакчага барса,  ошончо мектептик система ийгиликтүү болот. Изилдөөлөргө караганда, бала бакчага барган  бала мектепте  аябай ийгиликтүү экен.  Ал барбаган балдарга салыштырмалуу он алты-он жети баскычка өйдө турат.

— Демек, формалдуу түрдɵ классты жылдыруу эмес, жалпы тармакты модернизациялоого жол тартыптырбыз да?

— Ооба, мектептик билим берүүнү 12 жылдыкка өткɵрүү бүт билим берүү системасынын жаңыланышына алып келмекчи: мектепке чейинки билим берүүдɵ камтууну жогорулатуу жана мазмунду да жаңылоо, башталгыч кесиптик билим берүү да ушул реформа боюнча жаңы милдеттерге ээ болмокчу, тактап айтканда окуучуларга кээ бир кесиптер боюнча баштапкы кɵндүмдɵрдү калыптандыруу, ал эми жогорку билим берүүнүн да мазмунун карап чыгуу, ɵзгɵчɵ педагогдорду даярдоо модернизацияланышы керек. Дагы белгилей кетчү нерсе, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу да толук жаңыланышы зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер