1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 7-9 КЛ

  • 21.08.2022
  • 0

7-9-класстар үчүн класстык саат

 Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк,

— «маданий көп түрдүүлүк» деген эмне экендигин түшүндүрүп беришет;

— «Кыргыз жараны» түшүнүктү аныкташат;

Өнүктүрүүчүлүк:  

— маданий көп түрдүүлүктүн маанилүүлүгүн белгилешет;

Тарбия берүүчүлүк:

— бөлөк элдердин маданиятында эмне баалуу экендигин түшүндүрүп беришет;

— Мекениӊерге болгон сезимдеринерди билдиресиӊер.

Негизги түшүнүктөр: мамлекеттик символдор, бейне (образ), маданий ар түрдүүлүк.

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору: Мамлекеттик туу, Мамлекеттик герб, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни.

http://kesip.kg/ru/6/3-40

Бейне – бул силер эстеген же элестеткен көрүнүш.

http://www.psychologies.ru/glossary/14/obraz/

Маданий көп түрдүүлүк – бул коомдоштукта, өлкөдө көптөгөн өтө ар түрдүү маданияттардын барлыгы. Бул коомдо бөлөк маданияттардын өзгөчөлүктөрүнө сый мамиле кылууну да билдирет.

https://ru.wikipedia.org/wiki/

Сабактын жүрүшү

Чакыруу

1-көнүгүү. Кайсы өлкөнүкү? Сүрөттөр менен өлкөлөрдү дал келтиргиле.

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ  7-9 КЛ

Жапония

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ  7-9 КЛ

Улуу Британия

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ  7-9 КЛ

Кыргызстан

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ  7-9 КЛ

Италия

 

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ  7-9 КЛ

Кытай

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: ЭЛ БИРИМДИГИ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ  7-9 КЛ

Россия

 

 

 

 

 

 

Булардын ичинен кайсылар силердин жашооӊорго тиешелүү?

  • Ар кайсы маданияттардын буюмдары менен көрүнүштөрү биздин турмушубузга сиңиши эмне үчүн керек?
  • Силердин оюӊарча, «маданий көп түрдүүлүк» деген эмне? Мисал келтиргиле.

Маалымат менен иштөө

2-көнүгүү. Тайпаларда иштөө.

 

Биздин өлкөнүн аймагынын 90%дан көбүн тоолор ээлейт, Кыргызстанды асман мелжиген тоолордун өлкөсү деп бекеринен айтышпайт. Алыкул Осмоновдун ырын окугула.

  Кыргыз тоолору

Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып, уламалап, улашып,
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Кара зоолор ар кай жерде каркайып,
Катмарлашып, калың тартып заңкайып.
Алмаз сындуу көккө тийген миздери,
Арстандын азуусундай арсайып.

Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап,
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.

Жаз келерде эң биринчи жаз конуп,
Кыш болордо эң биринчи кыш тоңуп.
Ай ааламга ай тие элек кезинде
Эң биринчи ай жамынып ак болуп.

Түн болордо эң кийинки түндү алып,
Түз жерлерден кийин кетип мунарык
Дүйнө жүзү көзүн ача электе
Эң биринчи күндү тосуп кызарып.

https://kmb3.kloop.asia/2016/01/05/alykul-osmonov-2/

Акын тоолордун сулуулугун кайсы бейнелер менен чагылдырган? Таблицаны толтургула.

Силердин сезимиңерди билдирген сөздөр.
Табияттын сулуулугун сүрөттөгөн сөздөр.
Автор кандай салыштырууларды келтирет?
Бул ырында акын кандай ойду айткысы келген?
Эмне үчүн бул ыр саптары Кыргызстандын эли үчүн маанилүү?

Балдар, келгиле, Кыргызстандын жараны ким экенин билели.

«Кыргыз жараны» — этностук, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны.

«Кыргыз жараны» өлкөнүн атынан – Кыргыз Республикасынан келип чыккан жана өз мекенин сүйгөн, өз өлкөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жашап жана эмгектенген бардык этностук коомчулуктарды бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүк болуп саналат. Коомдогу тынчтыкты камсыз кылып, Кыргызстанга туруктуу өнүгүүнү тартуулаган да дал ушул Кыргыз жараны.

 3-көнүгүү. «Кыргызстан/Мекен» деген сөздү укканда, кандай бейнелерди элестетесиңер? Тактага жазгыла.

4-көнүгүү. Өзүнөр образ боюнча ыр (синквейн) жазгыла.

 Синквейн түзүү эрежеси

Зат атооч____________

2 Сын атооч             ___________ , _____________ ,

3 Этиш          ___________ , ____________ , ___________ ,

Темага карата мамилени көрсөтүүчү сөздөрдөн турган сүйлөм

1 зат атооч -биринчи сөз менен байланышкан сөз теманын маңызын чагылдырат

Рефлексия

5-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.

 1) Маданий көп түрдүүлүк бул…

2) Кыргыз жараны …

3) Менин мекеним…

Класстык саатты даярдаган:

Орусбаева Д.Н., КББА,

Марченко Л.Ю.

Бөлүшүү

Комментарийлер