ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР — МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

  • 10.07.2024
  • 0

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөдө эң көп упай алган  мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Президент Садыр Жапаров алтын сертификаттарды  тапшырды.

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

«Кыргызстандын ар бир жараны терең билим алуусу зарыл»

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

— ЖРТнын жыйынтыгында “мыкты” деп табылган балдарыбыздын ийгилиги, албетте, мектептердин, билим берүү мекемелеринин аракетинин аркасында жаралып жатат. Мындай түмөн түйшүктүү мээнетти эч ким талаша албайт. Тестирлөөдө эң мыкты балл алган окуучулардын мектептери жалпы республика аймагындагы билим берүүнүн көрсөткүчү болбошу мүмкүн. Бирок, мыкты ийгиликтерди жараткан, орто балл алган балдар боюнча мониторинг, анализ кылганда деле дал ушул мектептер алдыга озуп чыгаарына менин эч шегим жок. Анын үстүндө коомчулуктун пикирлерин эске алганыбызда деле дал ушул №12, №24, №61, №67, №70 жана башка мектептерде билим сапаты жогору экени, балдарын ушул мектептерде окутсам деген ата-энелердин арзуу-тилеги арбын экени мага да маалым. Ал эми бул ЖРТ системасы өлкөбүзгө киргени биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90%ы “Сапат” билим берүү мекемелеринен билим алган балдар экенин ар жылкы ЖРТнын жыйынтыгы тастыктап келет. Муну акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз кажет. Алыс барбай эле быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемесин бүтүргөндөр экен. Мен бул жерде бир гана ЖРТнын жыйынтыктары боюнча айтып жатам. Болбосо, ар кайсы предметтер, айрыкча азыркы учурда өтө орчундуу болуп турган STEM багытындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда дагы дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам.

Мен булардын баарын жөн жерден айтып жаткан жерим жок. Бүгүнкү күндө өзүңүздөр билгендей, өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экени баарыбызга жакшы маалым. Бул үчүн мектептерден, билим берүү мекемелеринен билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда. Мен бүгүнкү алтын сертификат ээлерин таптаган мектептерге, алардын эмгек жамааттарына чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Түмөн түйшүккө карабай, өлкөнүн келечек муунун даярдап чыгууда көп мээнет жумшаган агай-эжейлерибиздин эмгегин баалабай да, барктабай да коюуга акыбыз жок.

Билим берүү – мамлекеттик саясаттын эң жогорку мааниге ээ болгон тармагы. Кыргызстандын ар бир жараны терең билим алуусу зарыл. Мектеп жашында терең билим алуу менен бирге, эне тилин, баба наркын жакшы билген, ата тарбиясы менен эне адебин көргөн балдарыбыз көп болушу керек. Ошондо коомубузда мекенчил жаштарыбыз арбыйт. Ал эми мекенчил жаштарыбыз өз өлкөсүн өнүктүрүүнүн түрдүү жолдорун издешет жана көздөгөн максаттарына жете билишет. Ошондо коомубуз өнүгөт, маданиятыбыз өсөт, мамлекетибиз алдыга жылат, — деди Садыр Жапаров.

2023-2024-окуу жылында өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөгө  70 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүсүнүн ичинен 50 741и катышкан. ЖРТдан эң жогорку упай топтогондордун ичинде алыскы аймактардын бүтүрүүчүлөрү да бар. Билим берүүнүн деңгээли  айылдык мектепте борбордогу билим берүү мекемелеринен кем калбасын бүтүрүүчүлөр ЖРТда тастыктап жатат. Бул – факт.  Ырас, ЖРТ сынагы мелдеш эмес, билимди баалоо, коррупцияга бөгөт коюу болуп саналат.  Тесттин жыйынтыгы ириде бүтүрүүчүнүн, мугалимдин, ата-эненин караандай эмгеги.

Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаеванын айтымында, быйыл тестирлөөгө катышкандардын 60-62% босого баллдан (115 балл) ашты. Өткөн жылы бул көрсөткүч 58,3%ды түзгөн.

— Бул шаарларда жана аймактардагы мамлекеттик же жеке менчик мектепте окуган балдардын билим деңгээлиндеги айырма анча деле чоң эмес экенин көрсөтүп турат. Кызыктуу жагдай: мурда “алтын” аттестат алган бүтүрүүчүлөрдүн арасында кыздар көп болсо, быйылкы жылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында эркек балдар көп. Баардык бүтүрүүчүлөргө бактылуу келечек каалайм, алар өз өлкөсүнүн патриоттору болушсун, — деди Д.Кендирбаева.

Ошондой эле министр бүтүрүүчүлөр интеллектуалдык адамдык капиталды өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишенет.

Аракет — берекет

Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо упайы былтыркыга салыштырмалуу жогору болуп, 128,6 баллды түздү. Коомчулукка белгилүү болгондой, ЖРТ жогорку окуу жайларга кабыл алууда коррупциянын алдын алуу үчүн өткөрүлүп келет.

Быйыл эң жогорку 234 упайга үч бүтүрүүчү ээ болсо, анын бири алыскы Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу Эльнура Эркинбекова болду.  Анын айтымында, бул ийгиликке аны мектеп мугалимдери, ата-энеси жана өзүнүн зиректиги, эмгекчилдиги жеткирди. Ар бир бүтүрүүчү өзү эмнеге жетишти, эмнеден аксап жатканы боюнча дайыма анализ жүргүзгөнгө үйрөнүшү керек дейт ал.

Мамлекет билим берүү тармагына жакшы көңүл бургандыктан, акыркы үч жылда болуп көрбөгөндөй мектептер, бала бакчалар курулуп, мугалимдердин айлык маяналары жогорулатылды. Бирок эмгек акы көбөйгөнү менен Нарын облусунда билим сапаты төмөн болуп жатканын кезегинде облус жетекчиси Алтынбек Эргешов айтып чыкты эле. Ал А.Салымбеков университетинин Билим жана инновациялык борборунда мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү, квалификациясын жогорулатуу сунушун айткан болчу. Ошондуктанбы, айтор, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттин натыйжасында быйыл 2023/2024-окуу жылында өткөн ЖРТдан нарындыктар жакшы ийгиликке жетти. Алсак, мыктылардын катарында Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү  Рамазан Айдарбеков 231 балл алса,  А.Буйлашов атындагы №8 орто мектебинен Айганыш Дөөлөтбекова 229 балл топтогон. Ал эми былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү Жанбол Жаркынбаев 225 балл алган. Ошондой эле И. Арабаев атындагы мектеп-гимназиядан Раяна Чолпонкулова 222 упай, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айжан Эсенбекова 218 упай топтой алышты. Баса, быйыл алтын сертификаттын төмөнкү чеги 225 упайды түздү.

Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы сегизинчи орто билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Айганыш Дөөлөтбекова 229 балл топтоп, өлкө башчысынын колунан алтын сертификат алды. Ал ушул мектепте 11 жыл бою окуганына сыймыктанат.

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

— Бала кезимден бери окууга болгон аракеттерим күч болчу. Менин башталгыч класстагы мугалимим Гүлнара Темирбековна болду. Мен ал мугалимимден базалык билимдин пайдубалын алдым десем болот. Ал эми бешинчи класстан баштап негизги билимди көптөгөн предметтик мугалимдерден алдым. Биринчи класстан он биринчи класска чейин бардык предметтерди жалаң беш деген бааларга окудум. Онунчу класста англис тили жана математика сабактарынан Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз  билим берүү мектебине  (Айнура Осмоновна, Элмира Жумашевна жана Клара Казаковнанын курстарына) бара баштагам. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун биринчи сынамык тестинен жакшы упай алдым (186). Бул алтын сертификатка болгон сапарымдын башталышы болду. Ар бир сынамык тесттен менин упайларым жогорулай баштады, экинчи жолу тапшырганымда — 208, үчүнчүсү – 221 баллга жеттим. Үй-бүлөмдүн, досторумдун жана мугалимдеримдин колдоосу ийгиликке жеткирди деп ойлойм. Бала кезимен баштап, жаңы нерселерди үйрөнүүгө үй-бүлөмдүн таасири чоң. Орус тили жана математика мугалимдери татыктуу билимдерин беришти.  Жогоруда айтып өткөндөй, мен үйдөн өз алдынча тынымсыз даярдандым, ал натыйжалуу болду, — дейт Айганыш.

Ал  математика сабагы боюнча билимин дагы терендетүү үчүн алтынчы класстын программасынан баштап кайрадан өздөштүрүп чыккан. Ал үчүн Якласс сайтын, окуу китептерди жана тесттерди пайдаланган. Орус тилинен дагы тесттерден өткөн. Бирок ЖРТга даярдык 11-класска чейин эле башталганын баса белгиледи. Ал китептерден, соцтармактардан же тасмадан алган маалыматтарды туура колдонгондуктан, анын билимине жана кругозоруна оң таасирин тийгизген.

Эгерде былтыркыдай тестирлөөнүн төмөнкү чеги 222 упай болгондо, анда дагы бир нече бүтүрүүчү алтын сертификатка илинип калмак. Алсак, Кочкор району боюнча ЖРТдан 222 балл алган И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Раяна Чолпонкуловага демөөрчүлөр 1000 доллар, даярдаган мугалимдерге 250 доллар, ал эми билим берген мектепке унаа тапшырышты. Мындай мотивация бир эле окуучуну эмес, мугалимдерди, мектеп жамаатын алдыга сүрөгөн жакшы ыкма эмей эмне?!.

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

“Таза Мекеним” коомдук уюмдун директору Ормон Нурбек уулунун айтымында,  жаркын келечек үчүн күчтүү кадрлар керек!

— Эмне үчүн кыргыздан атагы чыккан күчтүү физик, биолог, математик, химик дегеле окумуштуулар сейрек чыгат? Же билим деңгээлин жалгыз гана ажобуз же Билим берүү министирлиги көтөрүш керекпи? Жок! Ар бир ата-эне, ар бир мугалим, ар бир инсан, ар бир жеке ишкер колдоп, кубатташ керек. Анткени чыныгы байлык бул — акыл менен билим. Эң пайдалуу инвестиция бул — билим. Ошондуктан жылдын башында, жалпы мамлекеттик масштабда болбосо дагы, райондук масштабда конкурс өткөрүп, билим деңгээлин көтөрүш үчүн стимул катары КБ «Кочкор Биримдиги», КБ «Прогресс Кочкор», КБ «Кочкор Жаштар Борбору» жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү биргеликте жана жеке өзүмдүн фондумдун каржылоосу менен конкурс жарыялаганбыз. Эң көп балл алган окуучуга 1000 АКШ доллары жана ал окууган мектепге автоунаа, орус жана математика сабагынан берген эжейлерине 250 АКШ долларын белек кылабыз деп. ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде Кочкор району боюнча эң көп 222 балл алган И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Чолпонкулова Раяна Жаныбековна карындашыбызды куттуктап кетет элем, — деп жазды өз баракчасында демөөрчү.

Мындай жакшы саамалык бардык жерге жайылып жатканы кубандырат.  Алсак,  Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков тарабынан Ак-Талаа району боюнча 1-орунду камсыз кылган Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебине автоунаа, 11-класстын бүтүрүүчүсү Айым Рысбек кызына ноутбук, ал эми окуткан мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, резервдик фонддон акчалай сыйлык жана ыраазычылык каттарды ыйгарды. Эске салсак, төрт жылдан бери Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган мектепке автоунаа, ал эми окуучуга ноутбук тапшырылып келүүдө.

Ырас, элетте ЖРТга даярданчу шарт, мүмкүнчүлүктөр жокко эсе. Бирок, ошого карабастан, идиректүү окуучулар өз алдынча, айрымдары аралыктан курстарга жазылып даярданышат. Маселен, Араван районундагы Билим Ордо мекемесинин бүтүрүүчүсү  Нурзат Маматбаева дагы Президенттин колунан Алтын сертификат алып, кубанып турган чагы. Нурзат 2023-жылдан тартып Бишкектеги Хайлайт ЖРТга даярдоо борборунда аралыктан даярданса, анын математика мугалими Чарос Тургунова “Эдекс” окуу борборунда тестке даярдап келген.

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

ЖРТ: ЭЛЕТТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР - МАМЛЕКЕТТИН СЫЙМЫГЫ

— Орус тили предмети боюнча Дилабзо Сулайманова эжейи да даярдаганын белгилеп кетким келет. Ошондой эле Нурзат “Секом” окуу борборунда VIP группасында дагы даярданды. Окуу жылдын аягында  ай сайын төрт жолудан сынамык тест тапшырып турду. 2023-2024-окуу жылында химия предмети боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээлеген. Ал 11-классты ийгиликтүү аяктап, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына жана “Алтын сертификат” алууга жетишти, — дейт сыймыктануу менен мектеп директору Д.Камилова.

2023-2024-окуу жылында   Араван району боюнча  999 бүтүрүүчүдөн 555 окуучу ЖРТге катышты. Алардын ичинен он бүтүрүүчү 200 баллдан жогору алган.

— Окуу жылы ичинде окуучуларга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү билим берүү кызматкерлеринин негизги милдеттери болду. Ар бир айыл аймактагы таяныч мектептерде тышкы усул алмашуу күндөрү башталып, ар бир мектептерде  мектеп администрациясынын жана мугалимдер жамаатынын толук катышуусу менен усулдук күндөр өткөрүлдү. Усулдук күндөрдө мугалимдердин чеберчилигин жакшыртуу, өз предметтери боюнча билим деңгээлдерин жогорулатуу максатында алдыңкы педагогикалык ыкмаларды жайылтуу иш-аракеттери жүргүзүлүп, ачык сабактар өтүлдү. Окуу усулдук кабинетинин усулчулары жана насаатчы мугалимдердин көмөгү менен бир топ иштерди аткарууга жетиштик. Анын натыйжасында 2024-жылынын алты айлыгында (1-2-кварталында) билим берүү тармагыбызда бир топ ийгиликтер менен коштолду. Жалпы район боюнча 555 окуучу Жалпы республикалык тестирлөө тапшырып, жыйынтыгында Маматбаева Нурзат  “Алтын сертификатка” (226 балл + Алтын тамга артыкчылык аттестатына) жетишсе, З.М.Бабур атындагы орто мектебинин 11-класс окуучусу Абылкасымов Сухроббек “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алды, — дейт мектеп жетекчиси.

Ошентип, билимдин деңгээлин баалоодо өлкөнүн жети дубанынан мыктылар өз дареметтерин тастыктай алышты. ЖРТда жаттаган билим эмес, ой жүгүртө алган таланттуу балдар Президенттин колунан Алтын сертификат алуу менен жаркын келечекке үндөгөн каалоор-тилектер алардын демине дем, күчүнө күч кошту. Ак жол, сага бүтүрүүчү!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер