ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУ — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 14.03.2024
  • 0

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары онлайн окуудан өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бала бакчалардын тарбиячыларын окутуу жөнүндө демилгеси Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУ - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн мугалимдерди окутуу боюнча координатору Гүлжан Мамытованын айтымында, аталган тренингдин биринчи этабында 820 тарбиячы окутуудан өттү.

— Жалпысынан мамлекеттик бала бакчалардын 4700 тарбиячысы үчүн пландаштырылган тренингде төрт мастер-тренер 30 тренерди окутуп даярдады. Биринчи тайпалар үчүн тренингдер Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 5-7-мартта жана 9-мартта онлайн форматта өттү. Кийинки тайпалар марттын аягына чейин окуйт. Офлайн форматтагы 5 күндүк тренинг ошол эле тайпалар үчүн июнда болот. Тренингдин катышуучулары 72 сааттык курстан өткөндөн кийин тест тапшырат, ал тесттен ийгиликтүү өткөндөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификатын алат, — дейт координатор.

Анын айтымында, катышуучулардын тизмелерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү түзүп беришкен. Жалпы жонунан тренингдерди контракттык негизде фасилитациялык компаниясы уюштурат, ал компания райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУ - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Учурда 12-марттан 13-апрелге чейин өтүүчү онлайн окутууларга Чүй, Нарын, Талас жана Бишкектеги мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышууда. Окутуунун офлайн түрүндө өтө турган экинчи этабы июнь айында болмокчу. Биринчи этабында негизинен кыска мөөнөттүү 560 бала бакчада иштей турган тарбиячылар окуудан өттү.

— Окутулган тарбиячылардын ичинен 700 тарбиячы кыска мөөнөттүү 560 бала бакчада өз ишин баштайт, ал эми 120 адис 60 балдарды өнүктүрүү борборунда иштейт. «Балалык» программасы боюнча 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүндө негизги ролду ойногон ал адистер өлкө боюнча миңдеген балдарга мектепке чейинки сапаттуу билим берип, аларга жашоонун мыкты башталышын камсыз кылат деп ишенебиз, — дейт Гүлжан Мамытова.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУ - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинен педагогика-психология жана окутуунун технологиялар кафедрасынын улук окутуучусу Сабира Осмоналиева мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарды эрте курактан окутуу башка программаларга караганда кыйла таасирдүү экендигин белгилейт.

— Окутуунун негиздерин бекемдөө боюнча онлайн окуусу төрт күн жүрдү. Катышуучулар арасында “4 К” концепциясы өзгөчө кызыгууну жаратты. Алар коммуникация, сынчыл ойлом (критика), креативдүүлүк, команда менен иштөө көндүмдөрүн балдарга окутуп-үйрөтүүдөн мурда тарбиячылар өздөрү сөзсүз түрдө окуп-үйрөнүшү керектигин белгилешти. Кээ бир тарбиячылардын өздөрүндө айрыкча сынчыл ойлом көз караштары, креативдүүлүк бир аз төмөн экендигин ачык эле айтышты. Демек, “4 К” концепциясын тарбиячы адегенде өзүндө калыптандырып, андан кийин гана тарбиялануучуларга калыптандыруу процессинин үстүндө иштөө керек.

Зор кызыгууну жараткан дагы бир жагдай катары мен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери КР Конституциясынан баштап, жарлыктар, токтомдор, буйруктар, билим берүү стандарттары ж.б. жалпы билим берүүгө тиешелүү укуктук-ченемдик документтерди окуп-үйрөнүү болгонун белгилегим келет. Мамлекеттик билим берүү стандарттары менен бардык катышуучулар жакшы тааныш экендиги, сабактар, көнүгүүлөр ошол стандарттардын негизинде уюштурулуп келаткандыгы да абдан жагымдуу болду, — дейт.

Балдарды эрте курагында өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү боюнча көптөгөн кызыктуу материалдар менен таанышканын дагы бир катышуучу Баткен облустук усулдук борбордун жетектөөчү адиси Асан кызы Гүлзат да белгиледи.

— Бала төрөлгөндөн тартып жети жашка чейинки курагында көңүл буруу, ой жүгүртүү, эс тутуу, элестетүү, сүйлөө сыяктуу баланын инсандык негизги сапаттары калыптанат. Биз балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү боюнча абдан кызыктуу маалыматтардын электрондук варианттары менен камсыз болдук. Азыр окутуулар аралыктан уюштурулуп, тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин өз жеринде өркүндөтүүгө шарт түзүлүп жатканы абдан ыңгайлуу болууда. Себеби теорияны практика менен айкалыштырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мындай окуулар байма-бай өткөрүлүп турса абдан пайдалуу болмок, — дейт облустук усулдук борбордун жетектөөчү адиси.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУ - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Катышуучулардын пикиринде бул окуулар балдардын туура, максаттуу өнүгүүсү үчүн заманбап алдыңкы технологиялар, СТЕМ, Монтессори педагогикасы, инклюзивдик билим берүүнүн артыкчылыктары, балдар адабияттары, үй-бүлөлүк окуулар, коопсуз чөйрө түзүү, баланын портфолиосун уюштуруу, баланын өсүүсүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча абдан керектүү жана так маалыматтарды камтыйт.

КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, тарбиячылар үчүн эки этап менен жүргүзүлүп жаткан мындай окууларда айрыкча жаңы кабыл алынган укуктук-ченемдик актылар, СТЕМ билим берүү багыты, “Балалык” программасы, тарбиячылардын компетенттүүлүгү боюнча жалпы комплекстүү программа камтылган.

— Окутуунун биринчи этабында негизинен жалпы республика боюнча ачыла турган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчада иштөөчү 820 тарбиячы окуудан өттү. Алар “Балалык” программасы менен иш алып барат. Жалпысынан алганда “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында республика боюнча 4500 тарбиячы, директор, методист-усулчулар жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, ошондой эле облустук билим берүү институттардын окутуучулары окуудан өтөт, — дейт Нурзида Касымова.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУ - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Расмий маалыматтар боюнча учурда республикабызда 10 миңден ашык тарбиячы бар. “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул окууларга райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жиберген өтүнмөлөрдүн негизинде каалоочулардын баары катыша алат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер