“ТАБИЯТ СЫРЛАРЫ ЖАНА ТААЛИМИ”  

  • 25.04.2022
  • 0

2019-жылдын жай айларында Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында ЮНЕСКОнун “Табият этно-, эко-, агротуристтик мектебин  түзүү” долбоорун ишке ашырып, кыргыз элинин көчмөн жашоосунун  бай маданият мурасы ааламдашуу шартында жоголуп баратканын байкадык.  Жаңы мезгил, жаңы цивилизация эски, көчмөн цивилизацияны жокко чыгарууда. Заманбап ааламдашуунун өзгөчөлүгү жаратылыштын, анын сырьёсунун кеңейиши, өлкөлөрдүн жана элдердин саясий жана экономикалык экспансиясы, дүйнөлүк маданияттын убакыттагы жана мейкиндиктеги бурулушу жана анын массалык маданиятка айланышы.

Азыркы заманда кичинекей балдарды, өспүрүмдөрдү,  жомоктор, макал-лакаптар, накыл сөздөр аркылуу руханий, боорукердик, адептүүлүккө, баалуулуктарга, туура жүрүм-турумга  мурдагыдай чоң ата, чоң энелер тарбиялабайт. Улуу манасчы Саякбай Каралаев кыргыздын “Манас” эпосун биринчи жолу бала кезинде чоң энеси Дакиштен уккан. Бүгүнкү күндө билимди муундан муунга өткөрүүдө мындай улантуучулук жок.

Бүгүнкү күндө билимди, руханий дүйнөнү калыптандыруу бала бакчаларга, мектептерге, ЖОЖдорго жүктөлгөн. Билим берүү стандарттары салттуу билимди, кылымдардан бери келе жаткан элдик акылмандыкты жеткирүүгө  мүмкүнчүлүк бербейт. Бекеринен, белгилүү  советтик философ Мераб Мамардашвили терең элдик билимдерди ачкычы жоголуп кеткен китеп салынуучу шкафка салыштырган. Ал эми бул мурас өлкөнүн руханий жана маданий турмушунда эң маанилүү орунду ээлеп, улуттун руханий өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп калышы керек.

“ТАБИЯТ мектеби” кыска мөөнөттүү долбоорун ишке ашыруу негизинде,  ошондой эле бир нече жылдан бери ар кыл муундагы жана социалдык абалындагы айыл тургундары менен баарлашып, жергиликтүү эл Жер энеден канчалык алыстап кеткенин өз көзүбүз менен сездик, өз көзүбүз менен көрдүк. Жаратылыш жана ошол эле учурда алар өз тамырына кайтууну кыялданышат. Ошентип, “Табият сырлары жана таалими” аттуу илимий басылма мына ушундайча жарык көрдү.  Бул басылманы мектептер жана ЖОЖдор үчүн өлкөнүн тарыхы жана экология боюнча кошумча адабият катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белекке берүүнү пландаштырганбыз, бирок бюрократиялык тоскоолдуктарга дуушар болдук.

Биздин китебибиз жаратылыш менен тыгыз байланышта болгон кыргыздардын тарыхы, маданияты жашоосу тууралуу. Байыркы кыргыздардын түшүнүгүндө жаратылыш бардык нерсенин негизи, алардын жашоосунда эң кымбат – асман (Теңир), түбөлүктүүлүктүн символу катары тоо, жер, Умай-эне жана от. Байыркы кыргыздардын Орхон-Енисей жазуусу, боз үйү, кыргыздын декоративдик-прикладдык искусствосу,  көркөм кол өнөрчүлүгү жана элдик өнөрү жөнүндө, үч кыл комуздун укмуштуудай дүйнөсү тууралуу кызыктуу фактыларды таптык.

Бүткүл дүйнөнү таң калтырган үч кылдуу комуз жөнүндө, анын алдында казак боордошторубуз домбранын түпкү атасы катары таазим кылышат. Кыргыздардын эпикалык мурасын сактап, өнүктүргөн каада-салт, улуттук оюндар, ат оюндары, элдик оозеки чыгармачылык, ыр жана жомоктор, албетте, “Манас” эпосу, өткөн жана азыркы манасчылар тууралуу кеңири айтып берүүгө аракет кылдык.

Китепте Ысык-Көлдөгү Улуу Жибек жолуна өзүнчө бөлүм арналган. Биздин китебибизде кеңири баяндалган Чолпон-Ата шаарынын түндүк-батышындагы жаратылыш, тарыхый, маданий эстеликтер, уникалдуу петроглифтер тууралуу  жазылган. Биздин өлкөнүн кызыккан туристтерин да, меймандарды кызыктырат деп ойлойбуз.

Жыл сайын көгүлтүр көлдүн түндүк жана түштүк жээгинде экспозициялар, көркөм галереялар, фестивалдар, пленэрлер, улуттук жана эл аралык конференциялар өткөрүлүп, алар элибиздин гана эмес, ошондой эле өз ара аракеттенүүсүнө, социалдык жана маданий адаптациясына оң таасирин тийгизет. Ал эми тарыхыбыздын туруктуу сакчысы, Евразиянын соккон жүрөгү – ыйык Ысык-Көл.

Демек, китеп биздин өлкөнүн жаш муундары үчүн гана маалымат берүүчү эмес, ал туристтер үчүн да маалымдама куралы боло алат. Анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, туризм жаңы билимдерди калыптандырууга, улуттар аралык жакындашууга өбөлгө түзөт, маданияттын жана билимдин деңгээлин жогорулатат. Маданий-билим берүү туризми маданиятка жана баалуулуктарга сыйынуудан, кастыктын, экстремизмдин жана терроризмдин жайылышынан калкан болуп, цивилизациялар, өлкөлөр, маданияттар, диндер, этностор аралык диалогго өбөлгө түзөт.

Ысык-Көлдүн миссиясы – өткөн кылымдын 80-жылдарында улуу залкар жазуучубуз  Чыңгыз Айтматов баштаган «Ысык-Көл форуму» аттуу   интеллектуалдык диалогду Чыгыш жана Батыштын ортосунда жүргүзүү, анын чыгармачылыгы да чагылдырылган биздин китепте. Ал эми кыргыздардын этно-экологиялык маданияты боюнча алган билимдерибизди көчмөндөрдүн урпактары болгон кыргыздарга эле эмес, орус тилдүүлөргө гана эмес, алыскы чет өлкөдөгү окурмандарга да  жеткирүү керек. Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурасын сактоого жана аны  арттырууга, улуттук маданиятыбыздын бүтүндүгүн сактоого жана дүйнөлүк мейкиндикте жайылтууга мындан ары да салым кошууну өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз. Андыктан “Табият сырлары жана таалими”  китебин англис тилине которуп, чоң тираж менен чыгаруу пландалууда.

  Адаш Токтосунова,  антрополог, саясий илимдердин доктору.

 Нарынбек Токтосунов,  коомдук ишмер, кыргыздардын этноэкологиялык тарыхын изилдөөчү.

Бөлүшүү

Комментарийлер