Нурлан КУДАЙБЕРДИЕВ: “ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АЛДЫҢКЫ ЫКМАЛАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛГЕН”

  • 17.07.2024
  • 0

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси сапаттуу билим берүү жагынан да, тарбия берүү жагынан да Кыргызстандагы алдыңкы мектептердин бири. Жакында эле Президент Садыр Жапаров ЖРТдан эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатып, биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90%ы “Сапат” билим берүү мекемелеринин  окуучулары экенин ар жылкы ЖРТнын жыйынтыгы тастыктап келгенине токтолуп, сыймыктанарын билдирди. Чындыгында эле акыркы 30 жылдан ашык убакытта аталган билим очогунун 650дөй окуучусу эл аралык олимпиадаларда жеңүүчү болушса,  71и Алтын сертификаттын ээлери, 45%ы чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алып, өлкөнүн даңкын чыгарып, желегин желбиретип келишүүдө. Билим берүү мекемесинин президенти Нурлан КУДАЙБЕРДИЕВДИ ийгилик ачкычы менен бөлүшүү үчүн кепке тарттык. Анда сөз башынан болсун!

Нурлан КУДАЙБЕРДИЕВ: “ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АЛДЫҢКЫ ЫКМАЛАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛГЕН”

— Нурлан мырза, жакында эле өлкө башчыбыз Садыр Жапаров быйылкы ЖРТнын жыйынтыгында 58 окуучунун 13ү дал ушул Сиз жетектеген “Сапат” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү экенин сыймыктануу менен баса белгиледи. Өлкө башчынын жогорку баасынан кийин кандай пландар ойго келди?

— Албетте, өлкө башчысынын берген жогорку баасы бизге чоң дем берип жатат. “Сапаттын” миссиясы – өзгөрмөлүү дүйнөдө туруктуу инсандык сапаттары менен билимдүүлүгү аркылуу өз өлкөсүнө жана бүткүл дүйнөгө пайда алып келе турган инсандарды даярдоо үчүн Борбор Азиядагы мыкты мекеме болуу. Бизге артылган чоң ишенимди актоо үчүн “Сапаттын” жаратман, чыгармачыл жана жигердүү жамааты мурункудан дагы жаңы күч жана дем менен иштөөгө багыт алмакчы.

— “Сапаттын” билим жана тарбия берүүдөгү ийгиликтеринин сыры эмнеде?

— Лицейлерибизге Жусуп Баласагын, Манас, Семетей, Айчүрөк, Курманжан Датка, Курманбек Баатыр, Жайыл баатыр, Исхак Раззаков, Чыңгыз Айтматов, Хусейин Карасаев сыяктуу кыргыздын баатырларынын, чыгаан уул-кыздарынын аттарынын ыйгарылгандыгы окуучулардын мекенчилдик, атуулдук сезимдерин өстүрүүгө дем берип келет. Дүйнөлүк стандарттагы билим берүү мекемелеринин моделин алып келген “Сапатта” окутуунун алдыңкы ыкмалары ишке киргизилген. Мекемелерибизде окуучуларга улуттук нарк-насилди,  мамлекеттүүлүктүн өзөгүн, улуттук тарыхын, жарандык жаратмандыкты өздөштүрүүлөрүнө бардык шарттар түзүлгөн.

Нурлан КУДАЙБЕРДИЕВ: “ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АЛДЫҢКЫ ЫКМАЛАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛГЕН”Нурлан КУДАЙБЕРДИЕВ: “ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АЛДЫҢКЫ ЫКМАЛАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛГЕН”

Ата-эне, мектеп, окуучу үчилтиги мыкты жолго коюлган болсо, мектептин жалпы маданияты, анын максаттуу ишинин ишенимдүүлүгү, натыйжалуулугуна умтулуусу, биримдиктин уюткусу болору айдан ачык. Буга байланыштуу лицейлерде ата-энелерге арналган семинарлар, конкурстар, акысыз ийримдер, спорттук мелдештер, тренингдер ж.б.у.с. иш-чаралар жогорку деңгээлде ишке ашырылууда.

 — “Сапат” билим берүү мекемесинин окуу жайларында окутуу Кембридж программасынын негизинде жүргүзүлөт эмеспи. Кембридж программасынын омоктуу өзгөчөлүктөрү эмнеде, сиздер эмне үчүн ушул багытты тандагансыздар?

— Дүйнө жүзү боюнча 15000ге жакын мектептер Кембридж аккредитациясынан өтүп, көптөгөн дүйнөлүк илимпоздор жасаган изилдөөлөрдү карап чыгып, биздин билим берүү саясатына, улуттук өзөгүбүзгө туура келгендигин аныктагандан кийин биз дагы Кембридж окутуу программасын колдонууну тандадык.

Кембридж системасынын өзөгүндө мугалимдерге дагы, окуучуларга дагы бирдей тиешелүү болгон компетенттүүлүктөр орун алган. Алар: биринчиден, маалымат менен ишенимдүү иштеген; экинчиден, өзүнө жана айланасындагыларга жоопкерчиликтүү; үчүнчүдөн, өзүн-өзү билим алууга шыктандырган жана терең ой жүгүртө билген; төртүнчүдөн, жаңычылдык жана жаңы милдеттерди аткарууга даярдык; бешинчиден, интеллектуалдык жана социалдык жактан жигердүү; алтынчыдан, улуу мурас ээси болуу. Өзүнө ишенген, сынчыл ойломго ээ, жамааттын ичинде өз орду бар, дүйнөлүк баалуулуктар менен кошо өз улуттук өзгөчөлүктөрүн аныктай билген окуучуларга дал ошондой баалуулуктар менен кесипкөй компетенцияларга ээ мугалимдер билим бериши керек.

Биздин 11 лицейибиз Кембридж аккредитациясынан ийгиликтүү өтүп, сертификатка ээ болушту. Жакында бардык лицейлерибиз Кембридж аттестациясынан өтөт. Кембридж окутуу жана баалоо системасына өткөндүгүбүздүн эң чоң жетишкендиги – окуучулардын өз билим деңгээлдерин аныктоочу сынактарда дүйнө жүзүндөгү Кембридж аккредитациясынан өткөн курбалдаштары менен тең тайлаша тургандыгы болуп саналат. Окуучуларыбыз өз көндүмдөрүнүн дүйнө жүзүндөгү Кембридж мектептеринин окуучуларынын арасында кандай деңгээлде экендигин билип алышса, мектептерге болсо, кандай деңгээлде билим берип жаткандыгынын көрсөткүчтөрү чыгып турат.

Лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктерин баса белгилей кетсек, алардын ичинен көпчүлүгү дүйнөлүк алдыңкы университеттерде билим алышты. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн дүйнөлүк “Чырмоок лигасына” кирген университеттеринде, Массачусетс Технологиялык институту (MIT), Нью-Йорк университети (NYU) жана башка Американын, Канаданын, Англиянын,  Европанын, Азиянын, Австралиянын алдыңкы университеттеринде билим алып жаткандыктары алардын эң жогорку академиялык жөндөмдөрүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Мындан тышкары, ЖОЖдорду аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз болсо, Google, Microsoft, Apple, Amazon жана Goldman Sachs, Evercore сыяктуу дүйнөлүк компанияларда өз кесипкөйлүгү менен жогорку стандарттарга берилгендигин көрсөтүп келишет. Бул жетишкендиктер “Сапаттан” алган билимдин бекем пайдубалы менен жогорку сапатын чагылдырып, алардын тандаган тармактарда ийгиликке жетүүлөрүнө жана глобалдык билим менен инновацияларга алгылыктуу салым кошууларына шарт түзөт.

 — Билим берүүнүн сапаты, албетте, мугалимдерге көз каранды. Мектептердин мугалимдери дээрлик кыргызстандык жарандарбы? Мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүктөрүнө кандай камылга көрүлөт? Алар билимдерин кайсы жактан жогорулатышат? Предметтик мугалимдер баары англис тилинде эркин сүйлөшөбү?

— Сиз белгилегендей, окутуунун сапаты кесипкөй, чыгармачыл жана жоопкерчиликтүү мугалимдердин колунда. Лицейлерибизде жалпы 1104 мугалим, алардын ичинен кыргызстандык мугалимдер – 899 жана башка мамлекеттерден келген мугалимдер – 205. Мугалимдерибиз үзгүлтүксүз түрдө квалификацияларын жогорулатып турушат.

Кембридж системасында ар бир предмет боюнча  мугалимдин стажына жараша жана окуткан классына жараша окутууга киришүү, тереңдетилген окутуу, билим сапатын баалоо, окуучулардын иштерин туура текшерүү багытында төрт түр тренингден өтүшөт.

Биз мугалимдердин чыгармачыл жигерин, жаратман идеяларын колдоо максатында, окуучуларга татыктуу билим берүүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө далалат кылып келебиз. Мугалимдерибиз дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде квалификацияларын жогорулатышса, директорлор атактуу Гарвард университетинин тиешелүү курстарын окуп жатат. Кененирээк айта кетсек, 2022-жылы 61 мугалимибиз “Сапаттын” колдоосу менен Варшавадагы Экономикалык-Гуманитардык университетинде (Vizja University) «Билим берүү жана кесиптик багыт берүү» адистиги боюнча магистратураны аякташты. Ал эми быйыл лицей директорлору Гарварддын “Мектепти башкаруу жана лидерлик” деген курстарын окуй башташты. Курс жаңыланууну башкаруу, окутуу процессин башкаруу, мектеп жамаатын башкаруу, мектеп стратегиясы жана инновациялык башкаруу деген бөлүмдөрдөн турат. Бир нече директорлорубуз биринчи бөлүмдү аякташты.

Учурдан пайдаланып, лицейлерибизде иштеген  ар бир мугалимдин окуучуларга билим берүү багытында аткарып жаткан ак эмгегин баса белгилей кетпесек болбойт. Биздин мугалимдер – өз кесибине берилген, жаңычыл,  ротация системасы менен ар үч жылда өлкөбүздүн ар кайсы облусунда жайгашкан лицейлерде иштөөгө даяр күжүрмөн инсандар.

— Сиздердеги окутуу моделинин кандай өзгөчөлүктөрү бар? Өлкөбүз 12 жылдык окутуу системасына өтүүнүн алдында турат. Мамлекеттик мектептердин окуу-тарбия ишмердүүлүктөрүнүн сапатын арттырууга кандай сунуш бере аласыздар?

— Биздин мектептерде башында айтып өткөндөй, так илимдер англис тилинде берилгендиктен, Кембридждин окуу китептерин колдонобуз. Башталгыч класстарда да STEM багыты боюнча окутуу жүргүзүлүп, окуучулардын ар тараптуу өсүшүнө чоң аракеттер көрүлүп, окуучулардын билим сапатынын жогорку натыйжасын көрүп жатабыз. Ушундай тажрыйбалар менен бөлүшүү үчүн “Сапаттын” мугалимдери Эстониянын “AVITA” басмаканасынын математика сабагы боюнча 1-6-класстар үчүн окуу китептери орус тилине которуп, бир жыл апробациядан өткөрүлдү. Өтө кыска убакытта кыргыз тилине ылайыкташтырууну ишке ашырышты. Бул китептер окуучулардын функционалдык сабаттуулукка жана алган билимдерин тажрыйба жүзүндө пайдаланууга шарт түзүп, окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программанын PISA тесттерине даярданууга мүмкүндүк берет.

«Сапаттын» лицейлери бир нече жылдан бери Сharacter Education (Адеп мектеби) программасынын үстүндө иштеп келишет. Бул программанын жардамы менен биз балдардын мүнөзүнүн калыптанышына оң таасир этүүчү адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүүнү максат койгонбуз. Ааламдашуу жана маалыматтар тездик менен өзгөрүп турган маалда билим жана тарбия берүү системасын да замандын агымына жараша жаңылап туруу зарылдыгы бар. Келечек муундун өкүлдөрү кандай гана кесиптин ээси болбосун, турмуштук кыйынчылыктарга туруштук бере алган, ар тараптуу өнүккөн, бардык кырдаалдарда өзүн татыктуу алып жүргөн адам болуп чыгуусу үчүн биз туура багытта тарбия беришибиз керек. Бул багытта бир канча башталгыч мектептерибиз эл аралык character.org программасынан ийгиликтүү аккредитациядан өтүп, бул иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырып келе жатат.

Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү мектептеринин 12 жылдык окутуу системасына өтүү  үчүн Кембридж окуу программаларынын ылайыктуулугу менен окуучуларга жеткиликтүүлүгү функционалдык сабаттуулуктун тез өздөштүрүлүшүнө мүмкүнчүлүк берет.

Ата мекендик билим берүү тармагынын 12 жылдыкка өтүп жаткандыгы — азыркы учурдун талабы. Өлкө башчыбыздын жарандардын жаратмандыгын, руханий баалуулуктарын өстүрүү менен бирге, дүйнө жүзү менен тең тайлаша тургандай билим берүү системасын түзүү тапшырмасынын алкагында “Алтын казык” программасы даярдалды. Биз бул программаны толугу менен колдойбуз. Программанын ийгиликтүү боло турганына көзүбүз жетет. Азыркы учурда кыргызстандык окуучулар чет өлкөлөрдөн билим алууга ынтызар. Учурда дүйнөнүн 140тай өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан ж.б.) 12 жылдык билим берүү ыкмасын колдонуп жаткандыктан, биздин окуучуларыбыз дагы бул багытта артта калбашы керек деп ойлойм.

Мектептерде улуттук баалуулуктар менен бирге предметтерди окутуунун ыкмалары шайкеш келгенде ийгилик болорун көрө алдык. Кыргызстандын креативдүү, жаратман мугалимдери окуучуларды өтө тез өзгөрүп жаткан ааламдашуу процессинде дүйнөнүн татыктуу жараны катары тарбиялай тургандыктарына ишенебиз.

— Дагы бир жолу 2024-жылы дагы мурдагы жылдардай эле ЖРТде мыкты жыйынтыкка жетишкендигиңиздер менен куттуктайбыз! Окурмандарга, бизди окуп жаткан кесиптештериңиздерге каалоо-тилектериңизди билдире кетсеңиз.

— 2023-2024-окуу жылы “Сапат” үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. 2024-жылдын 21-июнунда “Ала-Тоо” эл аралык университетинин  Eurasian Journal of Business and Economics (EJBE) журналы илимий изилдөөлөрдүн аннотациялары жана цитата келтирүү боюнча алдыңкы маалымат базасы болгон Scopusка расмий түрдө киргизилди. EJBЕ – Кыргызстандагы Scopus тарабынан бизнес, экономика жана социалдык илимдер багытында индексациядан өткөн алгачкы журнал болуп саналат.

ЖРТ “Алтын сертификат”  ээлерин куттуктагандан кийин эле Астана шаарында 7-13-июль күндөрүндө болуп өткөн биология боюнча 35-эл аралык олимпиададан (IBO 2024) дагы окуучулар ийгиликтүү кайтышты. 75 өлкөдөн 290 окуучу катышкан бул олимпиадага улуттук курама командабыз дагы катышты. Жыйынтыгында, улуттук курама мүчөлөрү болгон “Сапаттын” эки окуучусу  коло медалга жана бир окуучусу кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болушту. Жай айларына дагы бир нече эл аралык олимпиада менен конкурстар белгиленген. Окуучуларыбыздын байгелүү келе тургандыктарына ишенебиз.

Биз улутубуздун келечегин, жаштарга билим жана тарбия берген эң мыкты кесиптердин ээлерибиз. Биздин жетишкен ийгиликтерибиз – окуткан окуучуларыбыздын турмушта тапкан татыктуу орду, өзү сүйүп иштеген кесиби жана кийин бир жерден жолугушуп калганда берген түз саламы эмеспи. Андыктан, урматтуу мугалимдер, кесиптештер,  дагы бир окуу жылы, сынактар аяктады, бүтүрүүчүлөрдү уядан учурсак, кайрадан  жаш жеткинчектерди 1-класска кабыл алдык. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ары түйшүктүү, ары татаал кесибиңиздерде ийгиликтерди каалап кетмекчимин.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер