МЕТОДИКАЛЫК КЫЗМАТ — МУГАЛИМДИН ИШЕНИМДҮҮ ЖАРДАМЧЫСЫ

  • 04.07.2024
  • 0

Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегияларына арналган үч күндүк форумда билим берүү мекемелеринде методикалык кызматты туура жана максатка ылайыктуу уюштуруунун мааниси зор  экени баса белгиленди.

МЕТОДИКАЛЫК КЫЗМАТ - МУГАЛИМДИН ИШЕНИМДҮҮ ЖАРДАМЧЫСЫ

Эми калыс сөзүбүздү айтып коёлу. Билим берүүдө кандай реформа, жаңылануу, өзгөрүү болбосун, ошонун баары мектептеги мугалимге барып такалат. Мындайча айтканда, көп нерсе мугалимдин кесиптик даярдыгына, ички мотивациясына, педагогдук интуициясына, чыгармачылык изденүүсүнө, жаңычылдыкка жакындыгына көз каранды. Мугалимсиз бир да өзгөрүүнү, реформаны элестетүүгө болбойт. Мугалим азыркы билим берүүнү трансформациялоонун өзөгүндө турган кесипкөй адис. Ал биздин көзөмөлгө, текшерүүгө эмес, жардамга муктаж. Мугалимге берилчү методикалык жардам бир күндүк эмес, системалуу болууга тийиш.  Мугалим менен иш алып барчу усулчулар да кесиптик жактан насаатчылык ишти жүргүзүүгө даяр болушу абзел. 12 жылдыкка өтүүнүн стратегиялык багыттарын талкууга алган жайында чыгып сүйлөгөн билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев «Билим берүү системалуу трансформациядан өтүп жатат. Бул көп күчтү жана аракетти талап кылат» деп баса белгиледи.  Министрдин орун басары бул сөзү менен жаңылануу жалгыздап эмес, өз ара кызматташуу аркылуу жүргүзүлөрүн айтып жатат. Демек, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө караштуу усулдук кабинеттерде иштеген усулчулар — азыркы мугалимдердин эң жакын жардамчылары болууга тийиш.
Иш жүзүндө кандай? Форумда айрым методисттер статистке айланып калганы өкүнүч менен белгиленди. Бирок мунун да бир топ объективдүү себептери бар. Учурда методисттер 17 миң сом айлыкка иштешет. Аларга мурункудай мектептен сабак алып иштөөгө уруксат берилбегени маселени андан бетер курчутуп салган. Айлыктын аздыгынан кесипкөй методисттер мектепке кетүүгө аргасыз болуп жатыптыр. Биздин оюбузча, бул өкмөттүн деңгээлинде тез арада чечилчү маселе болуп саналат.  Методисттердин айлык-маянасын жогорулатпай туруп, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдында кынтыксыз иш алып барган методикалык кызматты уюштуруу мүмкүн эмес.
Билим берүүнү трансформациялоодо методикалык кызматтын орду бөтөнчө болууга тийиш. Жыйындын катышуучулары методикалык кызматтын жобосун кайрадан иштеп чыгууну, ошондой эле анын ишинде USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунда топтолгон мугалимге методикалык жардам көрсөтүүнүн мыкты тажрыйбасын колдонуу зарылдыгын белгилешти. Мисалы, аталган долбоордун алкагында 14771 мугалим долбоор боюнча курстан өтсө, 4000 ашуун башталгыч класстын мугалимдери программа боюнча билим алышкан. Долбоордун адистери 1679 максаттуу мектептер менен түздөн-түз иш алып барышкан.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер