“КИТЕПКАНАЛАР БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ БОЛУУГА ТИЙИШ”

  • 30.03.2021
  • 0

25-мартта Бишкек шаарында алгачкы жолу өткөн мектеп китепканачыларынын биринчи форумунда буга чейин көмүскөдө гана айтылып келген мектеп китепканасынын көйгөйлөрү кеңири талкууланды. Анда КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин китепканачылардын статусун педагогдордукуна теңөө жөнүндөгү сунушун катышуучулар кубануу менен кабыл алышты.

“КИТЕПКАНАЛАР БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ БОЛУУГА ТИЙИШ”

200дөн ашык мектеп китепканачылары жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышкан форумда мектеп китепканаларынын жана маалыматтык-китепканалык борборлордун тажрыйба алмашуусу жана баарлашуусу боюнча аянтча түзүү зарылдыгы күн тартибине коюлду.

«Китептер балдардын тарбиясына таасир этет. Китепканачылардын иши – ар бир бала үчүн жана жалпы эле мамлекет үчүн стратегиялык жактан маанилүү чөйрө», — деп белгиледи министр, форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.

– Бүгүнкү күндө өлкөбүздө китептерди каттоонун автоматташтырылган системасы өнүгүп жатат. Ал система аркылуу китепкана фондундагы китептердин санын, китептерге болгон керектөөлөр ж.б. маалыматтарды алууга болот. Министрлик ар бир мектеп китепканасын заманбап компьютерлер менен камсыздоого аракеттерди жасоодо. Ошону менен катар системаны санариптештирүү жана мектептерди жаңы форматтагы китептер менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары мектеп окуучуларын окуу куралдары менен камсыздоо толугу менен чечилиши абзел. Мектеп китепканалары жарык жана ыңгайлуу жерде жайгашып, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болуусу керек, -деди Алмазбек Бейшеналиев.

“КИТЕПКАНАЛАР БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга “Жаңы китеп” мекемесинин директору Т.Аматов, А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Ж.Бакашева,Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун улуу окутуучусу Г.Мукамбетова, USAID долбоорунун директорунун орун басары С.Хамзина, “Кут Билим” гезитинин башкы редактору К.Чекиров китеп, гезит-журналдар, аларды окурмандардын табитине шайкеш өнүктүрүү, заманбап китепкананын милдеттери, мүмкүнчүлүктөр ж.б. даярдалган презентацияларын тартуулашып, “Жаңы китеп” тасмасы көргөзүлдү. Форумдун делегаттары өздөрү үчүн даярдалган USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун практикалык тренингдерине катышты.

“КИТЕПКАНАЛАР БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Форумдун делегаты Нуркыз Абдыкеримова Алай райондук билим берүү бөлүмүнөн келген. Ал райондук билим берүү бөлүмүндөгү китепкана фондун жетектейт. Нуркыз айымдын айтымында, китеп менен иштөөнүн көйгөйлөрү өтө көп.

– Министр Алмазбек Бейшеналиевдин китепканачылардын статусун жогорулатуу жөнүндө айтканы бизге аябай жакты. Китепканачылардын социалдык статусу катардагы педагогдордукундай эмес экендиги анык. Китепти ары-бери ташыганда ден соолукка аябай эле күч келет, анын зыяндыгы үчүн кошумча акча төлөнбөйт. Форумда бир докладчы китепканачылар бир жылда төрт тоннага жакын жүк көтөрөөрү жөнүндө айтып өтпөдүбү, чындыгында эле ошондой. Китепканалардын абалы тез арада оңдолбосо, китепканачыларга тиешелүү шарттар түзүлүп берилбесе, абалды өзгөртүү кыйын го деп ойлойм. Эң эле жөнөкөй мисал, китепканачылардын эмгек өргүүсү аз, айлыгы аз, социалдык статусу төмөн экендиги кашкайган чындык. Китепканачылардын түйшүгү оор. Китептерди бөлүштүрүү, аларды жүктөп ташып кетүү сыяктуу жолго байланышкан кыйынчылыктар менен коштолот. Кээ бир басмаканалардан чыккан китептер ката чыгып, сапат жагынан окурмандарды бушайман кылууда. Эми биз ала баштаган “Жаңы китеп” мекемесинин китептери жакшы сапаты менен айырмаланууда, баардык китептерди текшерип, ижара акысын банк аркылуу түз төлөө жагы жакшы жолго коюлган. Бул жагынан маселе жок. Бирок акыркы мезгилде жоюлуп кеткен китепкана фонду кайра калыбына келтирилсе абдан жакшы болот эле. Анткени китепкана фонду тек гана жүктөм катары жүктөлүп, айлык акы төлөнбөйт. Форумда ушул маселени оңунан чечип беребиз дешти.

“КИТЕПКАНАЛАР БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Ал эми электрондук китепканалар боюнча айтсам, райондогу 52 мектептин ичинен 32 мектепте электрондук китепкана бар. Андан тышкары, керектүү китептерди сайттардан алгандыктан, китеп менен камсыздоо жагы мурдагыдай маселе жаратпай калды, — дейт
Нуркыз Абдыкеримова.

Өзүнүн презентациясында “Китепкана – билим берүү жана маданият тармагынын күрөө тамыры” деп белгилеген “Кут Билим” гезитинин башкы редактору К.Чекиров да китепканачылардын статусу жогору болуш керек деген пикирде. “Билим берүү менен маданияты каралбай калган өлкөдө элдин келечеги жок, анын руханий жана адеп-ахлактык күчү болбойт. Мындай өлкөдө экономикалык мыйзамдар да иштебейт. Ошондуктан биринчи кезекте китепкана жана китепканачыларга кам көрбөгөн мамлекеттин келечеги кем”, — дейт К.Чекиров.

Мектеп китепканаларын тиешелүү китептер менен камсыздоодо эл аралык уюмдар жакшы жардам берип жатканын баса белгилеп кетүүбүз кажет. Айрыкча “Бирге окуйбуз”, “Окуу керемет” ж.б. долбоорлор балдарды китеп окууга тартууда, алардын табитине жараша кызыктуу китептер менен камсыздоодо жана ошондой эле, балдарды эле эмес, алардын ата-энелерин китеп окууга демилгелөөдө жогоруда аталган программалардын аракети жемиштүү болуп жатканын форум катышуучулары да ыраазычылык менен айтышты.

 

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер