КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

  • 09.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги санариптик сабаттуулук боюнча жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана миграцияга чейинки даярдоо борборлорун түзүү жөнүндө биргелешкен буйрукту ишке ашыруу максатында, 14 жаштан баштап мигранттардын жана аялдардын арасында ишкердик жана лидерлик 18 электрондук окутуу модулдары (микрокурстар) иштелип чыккан.

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

 

Учурда онлайн форматта окутулуп жатrан микрокурстар: санариптик сабаттуулук, баштапкы компьютердик сабаттуулук, финансылык сабаттуулуктун негиздери, жашыл көндүмдөр, Pyton, санариптик материалдар менен иштөө үчүн программалар, графикалык видео контентти түзүү жана иштетүү технологиясы, коммуникация, ишкердиктин негиздери, лидерлик, базалык компьютердик көндүмдөр, электротехник, 1С бухгалтерия, инвестицияны башкаруу багыттары боюнча. Алар орус жана кыргыз тилинде даярдалган. Бул курстардын өзгөчөлүгү — онлайн форматта 24/7 жеткиликтүү. Бардык жарандар чет жерде жүрүп же үйдөн чыкпай эле ноутбук же уюлдук телефондун жардамында окуй алат. Бул үчүн https://academy.inaqa.com/ сайтына кирип, катталуу гана жетиштүү. Ар бир модуль видео түрүндө көрсөтүлгөн, колдонуучу киргенден чыкканга чейинки процесстин баары камтылган.  Колдонуучу 24саат бою гипернасаатчысынын жардамында суроолоруна жооп алып турат. Анан да окууну кайсыл жерден токтотсо, ошол жерден уланта берүүгө болот. Эгерде окуу тууралуу унутуп калса, улам эскерткен билдирүүлөр келип турат. Курсту аяктагандан кийин кадимкидей онлайн экзамен тапшырып, электрондук сертификат алат.

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырованын айтымында, онлайн форматтагы микрокурстарды иштеп чыгуу зарылчылыгы замандын жана калктын суроо-талабынан улам келип чыкты. Башында санариптик жана финансылык сабаттуулук боюнча эки-же үч курс иштеп чыгуу пландалган. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кошумча көндүмдөргө ээ болууну каалагандарга, миграцияда жүргөн мекендештер кара жумуштарда иштебей, микрокурстарды үйрөнүп алып, сабаттуулугун жогорулатсын деген максатта ишке кирди. Ошондой эле курста окуган жарандардын ар биринин пикири маанилүү экендигин, артыкчылык же кемчиликтерин айтып, сунуш-пикирлерин айтса, оңдоп-түздөгөнгө даяр экендигин билдирди.

  • Мигранттар менен суйлөнкөндө “акчаны жиберебиз, туура инвестиция кылууну билбейбиз” деп айтып калышат. Ишкерликтин негиздери, инвестицияны башкаруу, долбоор жазуу сыяктуу курстар ушундай мигранттардын суроо-талаптарынан улам келип чыкты. Жалпыбыз эле финансыны туура башкарууну билишибиз керек. Учурда жалпы 16 курс чыкты. Абройлуу тамактануучу жайларда кардарды туура тейлөө (официант) курсун да иштеп чыктык, жакында киргизебиз. Бир эле күндө 300 адам катталып, окугандан кийин мындай курстар дагы да керек экендигин түшүндүк, — дейт жетекчи.

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

Кыска мөөнөттүү офлайн курстарда былтыр 10миңден ашык 16жаштан жогорку жаран билим алса, бүгүнкү күнү 2300гө жакын жаран окууда. Кыргызстандын бардык региондорундагы 93 лицейде эки айдан алты айга чейинки кыска мөөнөттүү курстар бар. 35-55жаштагы калктын жумушсуз катмарын кыска мөөнөттө кесип менен камсыз кылуу программасын Бишкек шаарындагы № 100 кесиптик лицейи да ийгиликтүү ишке ашырууда. 80ден ашуун адистиктерди даярдаган окуу жай тогузунчу жана он биринчи классты аяктаган өспүрүмдөр үчүн бюджеттик негизде билим берет. Окуу жайдын директору Индира Куралбекованын айтымында, бүгүнкү күнү кесиптик окуу жайлардын кадыры өсүүдө. Мисалы, эмгек рыногуна көз чаптырсак, бардык жерде ашпозчу, кондитер, ширетүүчү, сахтехниктер талап кылынат деген өңдүү тейлөө тармагындагы адистиктерине суроо-талап жогору. Ошондой эле жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин көп бүтүрүүчүлөр жумушсуз калып жатканын, программага старт берилгенден бери жогорку билимдүү адистер кайра келип, эмгек рыногу талап кылган кесиптерде окуп жатканын кошумчалады.

  • Жогорку билимге ээ болуп, бирок дипломду кучактап үйдө отура бергенге караганда кыска мөөнөттөuү окууну бүтүп алып, эмгек жолун уланткан абдан жакшы көрүнүш. Мисалга өзүмдү алсам, эки жогорку билимдин ээсимин. Бул үчүн мен дээрлик он жыл убакытымды арнадым. 500 миңден ашуун контракт төлөдүм. Бүгүнкү күнү 18миң сом эмгек акы алам. Ал эми үч, он айлык кыска мөөнөттөгү окууну аяктаган студенттерибиздин алды жүз миңден айлык алат, Албетте, жогорку билим керек. Ошол эле учурда эмгек рыногуна да көз чаптырып, кайсыл кесиптин актуалдуулугу жогору болуп жатканын карап турушубуз керек. Мен студенттерге: “Бардык кесиптер эскириши мүмкүн. Жада калса, технология өнүгүп, адамды роботтор алмаштырган заман келет. А бирок, бир нерсе – энергетик деген кесип эч өзгөрбөйт. Роботторду иштетиш үчүн да энергетиктер керек” деп айтам. Себеби бул стратегиялык объектилердин бири. Бүгүн өлкөдө ири жана чакан ГЭСтердин курулушу, аларды иштетүү процессинин баарында дал ушул биздин жумушчу кадрларыбыз талап кылынат,  – дейт.

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

Программанын алкагында, эки-үч жылдан бери окуу жайда 400дөн ашуу адистерди даярдалды. Кыска мөөнөттүү окуу: электрогазосварщик жана электрик адисткитери баюнча. Баасы 12-13 миң сомду түзөт, бул суммага керектелүүчү материалдар сатып алынат. Үч ай билим алат. Ар бир группада 15, 20 дан окуучу окуйт. Басымдуу бөлүгү 40-55жашка чейинки жарандар. Окуучулар теориялык жактан билим алып, аны өндүрүштө практика жүзүндө бышыктайт. Директор үч айдан да кыска убакытта окутуу методикасы иштелип жатканын белниледи.  Окуучулардын санын арттыруу, окууга тартуу иштерин быйыл көбөйтүүнү максат кылат. Мындан сырткары, жашыл энергетика тармагында жаңы кесиптерди ачууну пландоодо.

  • Жакында мен Тогуз-Тороо районуна бардым. Үйдө отурган же кош бойлуу кыз-келиндер үч же бир айлык тигүүчү, закройщиктин курсун бүтүп алып, үйдөн эле буйрутма алып, каражат таап жатышат. Үч айлык электрогазовщик курсун окуп алып, Өкмөт колдоо катары берген 100миң сом жөлөк пулга ширетүүчү аппараттын сатып алып, ошол айылдын ширетүүчүлүк иштерин камсыздап жатат. Биз башка өлкөлөрдүн практикаларынан көрүп жүрөбүз. Жогорку билимге ээ болордон мурда кесиптик билим алышат экен, — дейт Индира Куралбекова.

 

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

Индира Куралбекованын айтымында, окуу жай бир гана билим бербестен, жумуш менен камсыз кылуу да ийгиликтүү иштеп жатат. Бул максатта өлкөдөгү курулуш компаниялары, Энергетика министрлиги, РЕЕСТ, ТЭЦ, ири жана чакан курулуш ГЭСтери ж.б менен компаниялар менен кызматташат. Жумуш берүүчүлөр канча адис керектигин айтып, билдирме беришет. Алардын талабына жараша заман талабындагы адистерди даярдалат. Бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү 100% жумуш менен камсыз болот. Эмгек акыны биринен-бири жогору айтып, бүтүрүүчүлөрдү бөлүп алып кеткен учурлар көп кездешет. Жумушсуз жарандарды көргөндө жөн өтпөй, лицейде окуу сунуштап, бир канчасынын билим алуусуна жол ачкан.

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

Окуу жай Ош базарынын жанында жайгашкандыктан, топтошуп алып, “Күнүнө 600сомго иштегенге макулмун” деп турган балдарды көп көрөм. Жумушсуз адамдарды көргөндө  жок дегенде ширетүүчүлүк кесипти окуп алсаң, 70-80миң сомдон эмгек акы аласың” деп айтам. Бир жолу айтсам, эмнеңиз кетип жатат деп мени аябай урушту. Эртеси күнү көкбеттенип дагы бардым. Ошентип отуруп көбүн окутканга жетиштик. Азыр алардын алды 70миң сом эмгек акы алып иштейт. Бир эле адамды эки образда көрдүк. Ошол менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрдүн бири болду. Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлү лицейди аяктагандан кийин чет жерге кетип калганы Кыргызстандагы жумушчу күчтүн азайышына алып келет.  Жумушчу күч бул — өндүрүш, а өндүрүш экономиканын кыймылдаткычы, эгерде жумушчу күч болбосо, экономика болбойт, — дейт.

КАЛККА КӨМӨКЧҮ КЫСКА КУРСТАР

Ушул эле окуу жайдын электромонтаждоо адистиги боюнча эки айлык курсун ийгиликтүү аяктагандардын бири Бакыт Бейшембаев. Ал  кесиби боюнча прикладдык математика жана информатика мугалими. Буга чейин кароолчу, таксист, куруучу, сатуу агенти, тиричилик техника ондоо, айтор, көп жерде иштеген. Лицейдеги билиминин пайдасы тийип, эми компьютерди оңдоо багытындагы жумушка орношту.

  • 100 лицейдин мугалимдери өтө күчтүү, өз кесибин мыкты билгендер экен. Мисалы, мен электромонтаждоону үстүртөдөн билчүмүн. Бир ай теория, бир айдан ашык практика өткөндөн кийин дагы да тереңирээк деңгээлде билип калдым. Билимди тиричиликте колдонсоң деле жаман эмес да. Бул менин биринчи окуган курсум эмес. Билим алуунун эрте-кечи жок, дайыма изденип, заман талабына ылайык көндүм, билимге ээ болуп турганды колдойм. Себеби ар бир окууну аяктаган сайын ой жүгүртүүң өзгөрүп, билим куржунуң кеңейет. Атактуу ишкерлер, байлар, психологдор “билим алгыла” деп бекер айтпаса керек, — дейт Бакыт Бейшембаев.

 

АЙГЕРИМ Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер