КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

  • 08.07.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору биринчи жолу “Көчмөндөр оюндары балдар ааламында” аттуу сынакты уюштурду. Анда балдар улуттук оюндардын түрлөрү менен  таанышып, анын баалуулугун аң-сезимине калыптандырышты. Фестиваль-сынактын Жобосуна ылайык,  Президент С.Жапаровдун “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгына ылайык, катышуучулар арасында  кол өнөрчүлүк жана сүрөт тартуу сынактары, көл жээгиндеги “Көнүлдүү старттар” спорт оюндары, улуттук оюндар ж.б. кызыктуу оюн-таймаштар катышуучулардын эсинде калды. 

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

Бул уникалдуу маданий иш-чарага республиканын ар бир облусунан жана коңшу Казакстандан улуттук оюндарды мыкты билген 250дөн ашык чебер окуучулар, ийримдин тарбиялануучулары катышты.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДАКӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Фестивалдын максаты  —  маданий мурастарды сактоо жана жайылтууну,  балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү жана маданияттар аралык диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү калыптандырууну көздөйт. Иш-чарада катышуучулар улуттук оюндун түрлөрү боюнча күчтөрүн сынашты.  Алсак,  аркан тартыш, чүкө оюндары, чака чапмай, кол күрөш жана жаа атуу боюнча сынак жогорку деңгээлде өттү. Ошондой эле  ит тартыш, бука тартыш, чатраш, беш таш, шамдагай алакан жана чий куурчак боюнча көрсөтмө оюндар боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Ош, Жалал-Абад, Таластан келген мугалимдер бул оюндарды дене тарбия сабагына киргизүү керек экенин белгилешти. Сунуштарды эске алып, январь айында республикалык денгээлде улуттук оюндар боюнча семинар өткөрөлү деп чечтик. Улуттук оюндар боюнча китепчелер чыгарылса деген ойлорун да ортого салышты.  Бул иш-чараны өткөрүү үчүн 900 миң сом каралып, ал региондон келген балдардын жатаканасына, тамак-ашына жумшалды. Эң башкысы, мындан ары балдар телефондогу оюндар эмес, өзүбүздүн нукура оюндар менен ойноп, теңтуштарына үйрөтүүнү, кенен жайылтууну максат коюшту, — деди борбордун директору Ира Балтабаева.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДАКӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

Улуттук оюндарды өткөрүүдө белгилүү профессор, п.и.д. Т.Уметов, педагог Б.Боргемиков командаларга ар бир оюндун эрежеси, элементтери тууралуу айтып берип, анан гана оюнга катыштырып турушту. Ар бир улуттук оюнга  балдар өтө кызыгуу менен катышып, улуттук баалуулуктарга өзгөчө маани бурушканын байкадык.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДАКӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

Ошентип, биринчи жолу  балдар үчүн уюштурулган улуттук оюндардын катышуучуларына унутулгус тажрыйба топтоо жана республиканын маданий көп түрдүүлүгүн түшүнүүдө жана кабыл алууда жаңы горизонттор  ачылды.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДАКӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

Фестивалдын жабылуу жана сыйлоо аземинде чоң концертик программа тартууланды. Активдүү катышуучулар диплом жана белектер менен сыйланды.

Сынактан кийинки ой-пикирлер:

Салтанат ӨМҮРКАНОВА, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен  тышкаркы кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын кыргыз элинин баалуулуктарын сактоодо, ошондой эле элдик оюндар аркылуу тарыхый, маданий мурас катары ар тараптуу алардын өнүгүүсүн  арттыруу, улуттук аң-сезимди калыптандыруу, балдардын интеллектин, ой жүгүртүүсүн, эске тутуусун өнүктүрүү, элдик маданиятка, үрп-адатына кызыгууну калыптандыруу, жаш жеткинчектерди мекенчилдикке, атуулдукка тарбиялоо жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды уюштуруунун алкагында “Көчмөндөр оюндары балдар ааламында” фестивалы биринчи жолу уюштурулду. Бул фестиваль-сынак  жылдан жылга кызыктуу тараптарын жогорулатып, балдарга улуттук баалуулуктар аркылуу ата-бабадан келаткан мурастарды өздөштүрүүгө,  ички дүйнөсүнүн, аң-сезиминин өсүшүнө улуттук оюндар аркылуу жетет. Улуттук оюндардын арасынан балдарга ылайыктуу оюндар тандалып алынды. Алар балдардын ден соолугуна зыяны тийбейт. Быйыл пилоттук режимде өткөрүлдү, кийинки жылы эл аралык деңгээлде өткөрүүнү сунуштап жатабыз.

Бакыт БОРГЕМИКОВ, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун педагогу:

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Балдарга ылайыктап, көчмөндөр оюндарын алдык. Балдардын зиректигине, аң-сезимине, кыймыл жүгүртүүсүнө, жумушка дайыма даяр болуусуна, ден соолугуна, адеп-ахлагына, маданиятына көңүл бурулуп, бул оюндарды жайылтып, биздин цивилизациябызды даңазалап, жогорку жакка жеткирмекке далаалат кылмакчыбыз. Чүкө оюну адептүүлүккө үндөйт, эс тутумду калыптандырат. Кыргыз элинде ойнолуп келген оюндарды бурмалабай, нукура, накта жеткирүүгө далалат кылдык. Чүкө ириде моторика аркылуу балдардын аң-сезимин өстүрөт. Чүкө оюндарынын тарбиялык жана ден соолукка пайдалуу жагын айтайын. Медицина илиминин көз карашы менен болобу, же педагогикалык көз караш менен караганда бул өтө адам баласына керектүү оюндардын бири. Чүкө ойногон адамда муун оорусу болбойт, өт жакшы иштейт, эңкейген сайын ийилчектикке, кылдаттыкка, шамдагайлыкка, чапчаңдыкка, көрөгөчтүккө, айлакерликке, адептүүлүккө тарбиялайт. Илимий көз карашта чүкө оюну 82 түргө бөлүнөт. 1990-жылдардан бери алсак, ушул учурларда кыргыздар болгону 3-4 түрүн гана ойноп келген. Азыркы учурда улуттук оюндар жандануу жолунда баратабыз. Чүкө оюндарынын көзүрү – ордо. Ал ичинен кайра алп ордо, кичине ордо, чурмуй ордо болуп бөлүнөт. Чурмуй ордо деген жекеме-жеке дегенди билдирет. Беш кишиден ашып кетсе, ал жамаат деп айтылат. Кичине ордого бир айыл менен бир айыл ойнойт. Чоң ордо район аралык оюн. Алп ордо деп эки мамлекеттин ортосундагы оюнду айтабыз.

Бул сынакка чүкө оюндарынын үч түрүн алдык, жалпы жети оюн бекитилген. Балдарга эң жеңилдетилген айлампа, үч таман жана канталамай оюнун өткөрдүк. Бөлөк улуттарга салыштырмалуу улуттук оюндар биздин каныбызда, ошондуктан балдар көрүү, угуу сезимдери менен бат эле эрежелерин кабылдап, жакшы жыйынтыктарды берди. Боордош казак элинен келгендер дагы кадимки биздин балдардай эле ойношту. Айлампа оюнунда гана анча-мынча айырмачылык болбосо, жүгүртүүсү ж.б. калгандары окшош эле экен. Айлампа кичинекей ордого жакын оюн. Балдардын ойноосуна оңой, эрежеси жеңил болуп эсептелет. Диаметри 3 м., радиусу 3 м.  аралыкта турук (айлана) чийилет, ортосу быдымык деп коебуз, центри 20 см. Оюнчулардын санына жараша орто жерге чүкө бөк тизилип, сака менен атылат. Оюн башталаардан мурда киргизилген чектөөлөр боюнча, 5 метр аралыктан балдар атышты. Ириде бата тиленет, андан соң ат калчанат (жеребьевка), кимдин аты күлүк болуп консо, ошол оюнчу баштайт. Сол чүкө калчанат, себеби ал коночок болот. Бөк ахывалында тизилет.

Чүкө оюну көп чыгымды талап кылбайт. Анан ал ден соолукка зыян келтирбейт.

Гүлайым САГЫНАЛИЕВА, тогуз коргоол боюнча мастер:

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Тогуз коргоол ата-бабабыздан калган улуттук оюн. Биринчи жолу Кыргызстанда расмий түрдө 1936-жылы өткөрүлгөн. Жылдан жылга өсүп, өркүндөлүп келатат. Азыркы учурда 64 мамлекет ойнойт. Катышуучуларга мастер-класс өткөрүлдү. Казакстандыктар тогуз кумалак дешет. Бул оюн дагы балдардын акыл-эсин өстүрөт.

Таалайбек УМЕТОВ, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы:

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Ит тартыш жаныбарлардан чыкты. Ит тиштегенде өзүнө тартат. Балдар дагы моюндарына жиптерди байлап алып, алды жактан арт жакка бири-бирин тартат. Бука тартышта, тескерисинче, балдар арт жакты карап, тартышат. Кол күрөштүн эки түрү бар. Бири – тизеге коюп, экинчиси — жатып ойнойт. Колдун гана күчү менен ойнолот. 14 жаштан жогору балдар бир тизеге туруп, колун ошол тизеге коюп, анан күч сынашат. Аркан тартыштын дагы бир нече варианты бар. Бул жолу бир эле вариантын ойнодук. Колдор колдорго байланып тартылат, арканы жок. Тандалып алынган ар бир оюн балдардын акыл-эсин өстүрөт. Биринчиден, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, эске тутуусу,  координациясы өнүгөт. Чатыраш деген оюнду баарыбыз ойнодук. Ал жип менен ойнолот. Ойногон сайын кандайдыр бир фигуралар чыгат. Бул оюндарды бала бакчаларда мен ойнотом. Геометриялык фигураларды таанытам. Биздин максат – оюнду биз баштасак, балдар бүтүрүшү керек. Мектепте деле сабакты оюн түрүндө бериш керек. Көчмөндөр оюндарын балдарыбыз билбей калышты. Ага күнөөлүү чоңдор. Өзүбүз билбейбиз, көп нерсени унутуп калганбыз. Экинчиден, көңүл бурбай койдук. Ар бир оюндун маанисин билгенден кийин балдарга үйрөтсөк болот.

Эл аралык деңгээлде чыгарсак болот. Оюндан сырткары ата-энелерге маалымат бериш керек. Көчмөндөр оюну болгондон кийин жалаң оюнга басым жасалыш керек эле. Таймаш кылганда балдардын ички дүйнөсү ток болбойт. Ошондуктан жөн эле ойнотуу керек.

Эл оюну — эл мурасы дегене китеп жазып чыктым. Анда кылым арткан аталардын мурасын, биз урпактар жер жүзүнө жайабыз деп баштагам. Негизи оюндун улутчулдугу жок. Оюн аркылуу баланы социалдык, улуттук сенсордук жактан, математика, укук тарабынан тарбияласа болот.                                                                                                                                                                                                                                                                                    Байрам БЕКЖАНОВ, дзюдо боюнча машыктыруучу, Казакстан:

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Спорттун төрт түрү боюнча катыштык. Жаа атуу, чүкө оюндарына, кол күрөш, чака чаппмай. Кол күрөштө тизеге коюп, болгон күч колго байланыштуу болот экен. Бизде жатып күрөшүү бар. Абдан кызыктуу оюндар болду. Көчмөндөр оюндарын чоң адамдар ойноп жүрүшөт, бирок балдар арасында оюндар бизде өткөрүлбөйт.

Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн сынак эки элдин достугун ого бетер бекемдеди. Балдар достошту.  Кыргызстандын региондорду менен таанышты, бири-бирин түшүнүп, достошуп калышты. Маданият, спорт – эки өлкөнүн данакери.

 Дилярам НУРАЛИЕВА, Ош облустук Сулайман-Тоо курама командасынын жетекчиси:

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА

— Фестивалдын Жобосу келгенде аябай сүйүндүк. Алгачкы ирет кошумча билим берүү мекемелеринин арасында биринчи жолу уюштурулуп жатат. Беш баладан турган команда менен келип, катышып, ар бир спорттун түрү боюнча беш орунду ээледик. Балдардын эс алуусуна дагы жакшы шарттар түзүлүптүр. Жаа атууда балдар катышып, 2-орунду ээлешти. Чүкө оюну боюнча 3-орун, кол күрөштөн 1-орунду ээледик. Балдар оюндарга абдан кызыгышты, бирок шартка байланыштуу командадан бирден гана бала катышып калды. Чүкө оюну өтө кыйын болду. Анткени бул оюн балдар арасында унутулуп баратыптыр. Бирок команда карап туруп, бат эле үйрөнүштү. Андан 3-орунду ээледик. Биринчи орунду алган балабыз “Маяк” лагерине путевка алган, бирок ал бала үй шартына байланыштуу баралбасын билдирди. Эми биз, буюрса, улуттук оюндар түрнирин облустук деңгээлде уюштурмак болдук. Март айында жеңүүчүлөрдү аныктап, республикага алып келебиз. Менин оюмча,  оюндардын шарттарын кайрадан карап көрүш керек экен. Кийинки жылдары кенен убакыт берилсе, балдардын баарын катыштырса. Кол өнөрчүлүктү да эл көзүнө көрсөтүшсө, көз алдыбызда өтсө, үйрөнмөкпүз. Кандай техникада балдар аткарып жатканын көрбөй калдык. Чий куурчакка кыздар абдан кызыгышты. Баардык кыздар талашып чий куурчак жасашты. Ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Оштук кыздар нарындык кыздардын чий куурчагына абдан кызыгышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер