ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАДА НАМЫСТЫ КОРГОГОН УЛУТ КАЙМАКТАРЫ

  • 22.07.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасы Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad   2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Билим берүү жана илим министрлиги каржылап,  жөнөткөн таланттуу окуучулар  бир алтын, үч күмүш жана эки ардак грамотага татыктуу болушту. Аэропорттон аларды министр Догдуркүл Кендирбаева кубануу менен тосуп алды.

ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАДА НАМЫСТЫ КОРГОГОН УЛУТ КАЙМАКТАРЫ

“Балдардын өнүгүшүнө аянбай инвестиция салуу керек”

Бир алтын, үч күмүш жана эки ардактуу грамотага татыктуу болушкан таланттууулар: борбор калаабыздагы Б.Якир атындагы Автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Назар Кыргызбаев 29 балл алып, алтын медалга татыктуу болсо, “Газпром-Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24 балл менен күмүш медалга, Элдар Искендеров 23 балл алып, күмүш медалга жана “Сапат” ББМнын окуучусу Искен Кенжебаев 22 балл менен күмүш медалдын ээлери болушту. Ал эми Нурсултан Эшперов 13 балл, Султан Мусаходжаев 11 балл менен ардак грамотаны камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 1993-жылдан бери (32 жолу) дүйнөлүк математика боюнча олимпиадада катышып, жалпысынан 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 57 ардак грамотасын алып келатат. Спортчулардан кем эмес Кыргызстандын желегин желбиретип, даңкын чыгарып келаткан окуучулар быйыл улуттук олимпиаданын лагеринде даярданышкан.

Быйылкы 2024-жылкы олимпиадада Улуу Британияда  өткөн олимпиаданын  жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинин алдыңкы үчөө АКШ, Кытай, Түштүк Корея болсо, Финляндия 36, Казакстан 43, Малайзия 44, Эстония 47, Швейцария 50, Индия 51, Өзбекстан 61, Сауд Арабиясы 63-орунду ээледи.

Кыргызстандын тарыхында акыл олимпиадасынын катышуучулары триумф менен келгенин министр баса белгиледи. Акыркы 23 жылдан кийин математика предметинен биринчи жолу алтын медаль келгени Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенине, алар өлкөнүн сыймыгы экенине Д.Кендирбаева токтолду.

— Конституцияда белгиленгендей, балдар – биздин байлыгыбыз. Негизи аянбай балдардын өнүгүшүнө ишеним менен инвестиция салуу керек. Мына биздин балдар аны акташты, — деди Д.Кендирбаева.

Из калтырып, тарых жараткандар

2024-жылдын 20-январынан тартып 4-апрелге чейин математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өткөн улуттук олимпиаданын жыйынтыктоочу турунда да биздин интеллектуал окуучулар алдыңкы орундарды ээлеп, эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо алышкан болчу. Окууну чыгармачылык менен айкалыштыра алган, мектептеги предметтерди өздөштүрүүдө сабырдуулук, чыдамкайлуулук жана өжөрдүк менен туруштук берип, ийгиликтерге жеткен, улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү минтип 65-эл аралык математикалык олимпиадада ишенимди актап, интеллектуал  экенин тастыкташты.

Ошол улуттук олимпиада учурунда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мындай деди эле: “… Олимпиадалар жана мелдештер жыл сайын жакшы салтка айланып, катышуучулардын саны уламдан-улам  көбөйүүдө. Ар бир катышуучунун артында улуттун ийгилиги жатат жана ар бир өсүп келе жаткан муун из калтырып, тарых жаратат. Урматтуу балдар, силердин жетишкендигиңер  Кыргызстандын натыйжалуу өнүгүүсүн  камсыз кылууга жөндөмдүү, кубаттуу, интеллектуалдык күч бар экендигине ишеним жаратат. Ийгиликтерди, инновациялык чечимдерди жана жаңы жетишкендиктерди каалап жана ушуну менен токтоп калбастан, зор ийгиликтерди, ачылыштарды жараткан, жаңы бийиктиктерге жеткирген, жаңы жеңиштерге шыктандырган умтулууларды тартуулап, Кыргызстандын атагын, даңкын дүйнөлүк аренага  чыгарасыңар деп толук ишенем”.

Мына министрдин айткан тилеги аткарылды. Улуттун намысын коргоп, желегин бийик желбиретип, эң кыйын деген мамлекеттерди артта калтырышты.  Биринчи жолу алтын медалды камсыздаган окуучубуздун аты-жөнү дагы жөн жеринен КЫРГЫЗБАЕВ эмес го… Кыргыздын улуулугун, акылгөйлүгүн, намыска тура билгендигин далилдеген, нур жааган, Жаратканым назарын салган Назар Кыргызбаев – акыл сынагында математика предметинен биринчилерден болуп тарых жаратты.

Улуттук олимпиада — 2024

Тарыхка көз чаптырсак, быйылкы улуттук сынакта алдыңкыларды сыйлап жаткан учурда, идиректүү, зирек балдарды колдоп келген демөөрчүлөрдүн бири — Жогорку технология паркынын директору Азис Абакиров эл аралык сынакта алтын медаль утуп келген окуучуга 10 000 доллар, күмүш медалдын ээсине 5000 доллар, ал эми коло медалга 1000 доллар сыйлык берилерин айткан. Ал эми “Логос” компаниянын   директору Алтынбек Бегалиев эл аралык олимпиадага барчу окуучулардын жол киресин төлөп бермек. Ошондой эле улуттук олимпиаданын 1-орундун жеңүүчүлөрү “Келечек лидерлердин мектебине” акысыз окууга сертификат алышкан.

Улуттук сынакта 1-орунду багындырган Назар Кыргызбаев үчүнчү жолу олимпиадага катышып жатканын, биринчи жолу 3-орунду, экинчи жолу 2-орунду, быйыл 1-орунду алганын кубануу менен айткан.

— Командага кирүү үчүн улуттук олимпиадада 40 балл алыш керек болсо, мен 60 балл алгам. Бул эл аралык сынак өтө татаал экенин айтуу керек. Мен 28 баллга чейин алат болушум керек деп ойлогом. Бирок 29 баллга жетиштим. Мен үчүн көптөн бери күтүп келаткан ийгилик. Бир топ жылдан бери аракеттенип келаткам. Келечек муунга айтаарым — алдыга чоң максаттарды коюу керек. Жакшы натыйжа алуу үчүн көп эмгектенүү зарыл. Мен күнүнө 7-8 саат иштечүмүн. Келечекте, буюрса, алтынды тагынгандардын саны көп болот, — деди Н.Кыргызбаев.

Ал эми  күмүш медалдын ээси Ян Бобрус тапшырмалар өтө сапаттуу, кызыктуу болгонун, бирок өтө татаал экенин айтты. Бул олимпиада Яндын каалаган күчтүү чет элдик жогорку окуу жайларга өткөнгө жол ачканын, жакшы жогорку билим алса, эмгек акысы жогору жумуш таап алса болоорун баса белгиледи.

Таланттуу балага бирдей мүмкүнчүлүк

Кыргызстандын эң мыкты окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн объективдүү, ачык-айкын тандоодон өтүшөт. Алардын жаш курагына, классына, аймагына же жынысына чектөөлөр коюлбайт. Башкы  максат – ар бир таланттуу балага бирдей мүмкүнчүлүк берүү.

Эл аралык олимпиадага даярдануу үчүн жыл бою адистештирилген  лагерлер уюштурулат.  Аларга күзгү, кышкы, жазгы жана жайкы сессиялар  кирет. Мында катышуучулар  өздөрүнүн билимдерин тереңдетип,  негизги көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул лагерлерде кыргызстандык тренерлер, чет элдик адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, көндүмдөрдү иштеп чыгышат, чечишет. Ошондой эле катышуучулардын жетишкендиктерин баалоо үчүн рейтингдик системаны киргизишет.  Мындай интенсивдүү  жана максаттуу машыгуу өз өлкөсүн эл аралык  аренада жакшы көрсөтө алган  күчтүү команда  даярдалат.  Сессияга катышуучулар  негизги предмет боюнча билимдерин тереңдетип эле тим болбостон, активдүү баарлашып, алдыңкы тажрыйба алмашып турган  уникалдуу билим берүү чөйрөсүн түзөт.  Окуучулар маселелерди чыгаруунун  жаңы ыкмалары менен таанышат, командада иштөөгө   үйрөнүшөт, ошондой эле  критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.  Бул алардын экономикалык жактан өсүшүнө  гана өбөлгө болбостон, алардын  билим алуу жана турмуштук максаттарына жетүүгө жардам берүү менен инсандык  көнүгүүгө байланат.  Мындан тышкары  мындай жолугушуулар  көп учурда өмүр бою улана турган достук жана кесиптик  байланыштарды билдирет.

Маанилүү аспект

Мындай чөйрө катышуучуларды кадимки мектеп программасынан сырткары  өздөрүн өнүктүрүүгө жана жаңы билимге издөөгө үндөйт.  Алар өзүнө болгон ишенимди  жана татаал маселелерди  чечүүнү  өрчүтүп, бийик максаттарга жетүүнү үйрөнүшөт. Ошентип, эл аралык олимпиадага даярдоо лагерлери  окуучуларды сынактарга даярдабастан, алардын инсандык  өнүгүүсүнө, достук бекем мамилелердин калыптанышына, кесиптик жактан өзү чечим чыгарууга өбөлгө түзөт. Мыкты даярдыктын белгисин Улуу Британияда биздин мыкты окуучулар  тастыкташты.

Билим саяпкери

Албетте, окуучулардын ийгилигинин артында билим саяпкерлери  турат. Бул эл аралык сынактын бир алтын, эки күмүш медалды жаркырап тагынып келген окуучулардын мугалими — Эл аралык олимпиадалардын машыктыруучусу,  эки жолку алтын, төрт жолку күмүш медалдын ээси Мамат Ишматов. Ал  Германиядагы эң мыкты университеттердин бирин бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, Бишкек шаарындагы «Газпром -Кыргызстан» мектебинде жана  Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей комплексинин математика мугалими болуп иштейт, ошондой эле ал  эл аралык математика олимпиадасында (IMO) Кыргызстандын командасынын лидери.

Кыргызстанга келгенде бир жыл ичинде DOTA оюнчуларынын командасына кошулуп, чемпионаттарга катышып, жети жолу 1-орунду камсыздаган.

Бакалавр даражасын аяктагандан кийин ал Ульм университетинин Финансылык математика факультетине акысыз магистратурага тапшырган.

— Бакалавриатта окуп жүргөндө профессорлор дайыма математиканы гана билбестен, кесипкөй математик болушубуз керектигин эскертип турушту. Эгерде Бремен университетинде теориялык билим алсам, анда Ульм университетинде математиканы прикладдык шарттарда үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул мага келечекте каржы жана математика менен байланышкан тигил же бул тармакта иштөөгө мүмкүндүк берди. Экинчи курста DAAD стипендиясын алдым. Бакалавр даражасын алгандан бери окуумду толук эмес жумуш менен айкалыштырдым: программалоо менен алектенип, архитектордун жардамчысы да болгонго жетиштим, — дейт студенттик кездерин эскерип машыктыруучу.

Кыргызстанда балдарды олимпиадага эрте жашынан даярдаса болот деген ойду айтууга ал дайыма аракеттенип келет. Анын даярдаган 7-класстын окуучулары акыркы жылдары геометрия боюнча Ирандын эл аралык олимпиадасында 2 коло, 1 күмүш жана 1 алтын алышкан.

Окуучуларга үлгү

Мугалимдер шакирттерине татыктуу үлгү көрсөтүшү үчүн мугалимдер, машыктыруучулар арасындагы сынактарга Мамат дайыма катышып келатат.

Казакстанда өткөн олимпиадалык резервдеги мугалимдер менен машыктыруучулардын IMPACT эл аралык олимпиадасында ал 1-орунду алып, алтын медалга татыктуу болгонун учурунда жазганбыз.

Анын максаты өтө эле жөнөкөй — республикалык олимпиада аркылуу тандоо системасын өзгөртүү. Ал бир нече адамдан көз каранды болбой, аны ишке ашырууну жаш муун колго алышы керек экенин айтат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер