«Балдарды сындырбаңыздар». Ата-энелер чогулушунун бүгүнкү күндөгү формасы

  • 15.04.2024
  • 0

Бүгүнкү күндө  жалпы  республика боюнча мектептерде жүргүзүлгөн “Ата-энелер мектеби” программасынын негизиги максаттарынын бири — ата-энелерди мектепке тартуу, аларды мектеп турмушуна аралаштырып, балдарга таалим-тарбия берүүдөгү жаңы ыкмалар менен тааныштырып, багыт берип көрсөтүү. Мына ушул багытта иш алып баруу максатында ата-энелерди сабак болбогон ишемби күнгө чакырып семинар-сабак өтүүгө туура келет.

"Балдарды сындырбаңыздар". Ата-энелер чогулушунун  бүгүнкү күндөгү формасы

Ошентип бүгүнкү күндө ар бир класстын ата-энелеринин ватсап платформасында тайпасы бар. Анда эң алгачкы мугалимдин кадамы саламдашып,  ал жай суроо менен башталат: “Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер! Жалпы жыкшы турасыздарбы?” -деп сөз баштайбыз.”Чогулуштун темасы быйыл 9-класс бүтүрүүчү класс болгондугуна байланыштуу  “Ар бир кесип ардактуу”деген темада болот”.

Андан соң чогулуштун чакыруу максатын айтуу менен уланат. Кезектеги  чогулушта кесиптер жөнүндө маалымат берилет жана окуп жаткан ар бир окуучу эмнеге жөндөмдүү жана ал окуучуну келечекте кайсы кесиптин ээси катары  көрө алам менин педагогдук көз карашымды билесиздер-деп кызыктырып анан аягында биринчи жарым жылдыкты жыйынтыктоо, класстын билим өздөштүрүүсү жана окуучулардын бүгүнкү күнгө  чейин аткарган иш-аракеттери, тарбиясы жөнүндө жана мындан аркы алып бара турган иш-аракеттер жөнүндө талкуу жүргүзүлөт деп максатын жазган соң анан өтүнүч башталат.

”Сиздер мага ишенип тапшырып берген окуучулардын ар бири мага сүйкүмдүү  жана өзгөчө.Сиздерге кандай билбейм, мени менен  кеңешип бирге ар кандай маселелерди чечебиз. Андыктан уул-кызыңыздын келечегине кайдыгер карабасаңыз ,ал ар дайым ачык, көйгөйдү өз алдынча чечкен инсан болсун десеңиз чогулушка келип, активдүү   катышып кетиңиз”-деп эле тим болбостон, кайра санарип мугалим катары видео слайд чакыруу жасап кетиребиз. Ошондон кийин класста 20 окуучу болсо 12 же 14, башкача айтканда 60% дан ашыгы келсе сүйүнүп, рахаттанып чогулуш өтөбүз.

Кийинки кезек  ата-энелер чогулушунун жүрүшү. Чогулушка келген ата-энелерге анализ жүргүзсөң, баягы балдары активист, жоопкерчиликтүү, тартиптүүлөрдүкү  болот. Ошентип   сүйүнгөн мугалим ата-энелерди көрүп, көзү тойбой, ата-энелер чогулушу башталат. Бул чогулушту өзгөчө кылуу үчүн окуучулар менен бирдикте жасоону  натыйжалуу болот деген ойдо  биргеликте уюштурууга айрым учурда туура келет.

"Балдарды сындырбаңыздар". Ата-энелер чогулушунун  бүгүнкү күндөгү формасы

Эң алгач ата-энелерге «өз балдарыңар кайсы кесиптин ээси болот деп ойлойсуңар?» — деген суроо узатылды. Ата-энелер өз ойлорун балдарынын көзүнчө айтышты. Андан соң окуучуларга кезек берилип «келечекте сен кайсы кесиптин ээси болосуң?» деген суроо узатылды. Алар өз ойлорун ортого салышты, эми баары ачык айкын көрүндү. Кайчы пикирлер жаралды. Акыры ар бир ата-эне, балдарынын өз оюн уккандан кийин, ошого жараша келечекке бирге туура  план түзүүгө негиз болду .Илим-билимдин өнүгүшүнө эң алгач ага карата жасаган мамиле, ой түздөлүшү керек. Ал үчүн мына ушундай чогулуштар байма-бай өткөрүлүп турушу бизге милдет экенин, окуучулардын өзгөрүүсүнө, кийинки күндөгү балдардын көз карашына иликтөө жүргүзсөң, өзүнүн ичиндеги кайнап жүргөн көйгөйүн ата-энесине билдирүү менен  женилдеп калганын сезүүгө болот. Мындан улам окуучунун жашоого болгон көз карашын өзгөртүү жалгыз эле мектептеги мугалимдин иши эмес экенин, ата-эненин мыкты  жол көрсөткүч, устат боло алаарын далилдеп айтсак болот.

Урматтуу ата-энелер! Сиздерден өтүнүч, эч качан баланы “колуңдан келбейт” деп сындырбаңыздар! Алар биздин келечегибиз! Ар дайым колдоп-коштоп, оюнун ишке ашышына шарт түзүп берсеңиздер, мектеп иши алга жылып, окуучуларыбыз коомдун түркүгү болот деген ишеничибиз зор. Андыктан класс жетекчи тарабынан чакырылган ар бир чогулушту калтырбай, мектепке байма-бай каттап турсаңыздар, чоң ийгиликтерди жаратаарыбызга шек жок.

Ушундан улам “Ата-энелер программасын” ишке ашыруу менен мектептеги ар кандай чечилбеген мугалим менен окуучунун, окуучу менен ата-эненин,  деги эле коомдун көйгөйү аз-аздан болсо да чечилип тураарына шек жок.

 

      Казыбаева Гүлзат, Нарын шаарындагы  А.Садыков атындагы №9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер