АК БАТА ТИЙГЕН ОКУМУШТУУ АМАНБЕК ЖАЙНАКОВ

  • 04.10.2021
  • 0

Академик Аманбек Жайнакович менен 1989-жылдан бери таанышмын, үй-бүлөбүз менен катташып, дайыма жакшылыктарда бирге болуп, жаманчылыктарды бирге бөлүшүп, жашы улуу болсо да жан жолдоштордон болуп жүрөбүз.

АК БАТА ТИЙГЕН ОКУМУШТУУ АМАНБЕК ЖАЙНАКОВ

Академик Аманбек Жайнаковичтин басып өткөн турмуш жолу, илим-изилдөө чөйрөсүнө салган эмгеги, өзүнчө эле бир татаал турмуштун изин элестетет.

Ал Улуу Ата мекендик согуштун алдыңкы жылы 1941-1945-жылдын Талас облусунун Талас районунда колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бул 1941-жыл болгондуктан, анын балалыгы батышта кан күйгөн согуш жылдарына туура келди. Атасы Ата мекендик согушка кетип, апасы экөө бир үйдө жалгыз калышкан. Жокчулуктун, ачарчылыктын да азабын тартышып татаал турмушту баштарынан өткөрүшкөн. Апасы колхоздун эгин талаасында эртеден кечке чейин иштеп, үй тиричилик турмушу кичинекей Аманбектин мойнуна толук бойдон өткөн.

АК БАТА ТИЙГЕН ОКУМУШТУУ АМАНБЕК ЖАЙНАКОВ

Турмуштун запкысын эрте көрүп калгандыктан болсо керек, кийин мектепке барганда, мектептин шарттарына бат эле көнүп, жакшы окуп, 1958-жылы 10-классты «Артыкчылык грамотасы» менен бүтүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине ийгиликтүү тапшырып, аны 1963-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. 1970- жылы 28 жашында эле татаал илимдин —  физика-математика илиминин кандидаты болот, 1984-жылы доктордук дипломун жактайт. 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, 2000-жылы анын анык мүчөсү (академиги) болуп шайланат.

АК БАТА ТИЙГЕН ОКУМУШТУУ АМАНБЕК ЖАЙНАКОВ

1976-жылы Аманбек Жайнаковичтин жетекчилиги астында Республикалык жогорку окуу жайлар аралык эсептөө борбору түзүлгөн. Ошол учурдан тартып борбордун (кийинчерээк институт болгон) материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана бекемдөө, сапаттуу билим берүү максатында талапка жооп бергендей алгылыктуу иштерге болгон күч-аракетин, эмгегин жумшап келген.

Кийин ал институт башка Кыргыз педагогикалык илим-изилдөө институтунун жана эсептөө институтунун базасында Кыргыз билим берүү академиясы  түзүлгөн жана  анын биринчи президенти болуп дайындалган.

АК БАТА ТИЙГЕН ОКУМУШТУУ АМАНБЕК ЖАЙНАКОВ

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти болуп шайланат.

Кыргыз Республикасынын илимий-изилдөө иштерине кошкон салымы үчүн көптөгөн  мамлекеттик жогорку сыйлыктардын ээси,  Кыргыз Республикасынын Эл мугалими деген ардактуу наамга татыктуу болот.

Албетте, жакшы окумуштуу, устат катары шакирттерди даярдап ала жүрөт. Өзүнүн билимин, тажрыйбасын жаштарга үйрөтөт. Чындыгында чыныгы илимдин адамдарын даярдап чыгаргандары саяпкерге салыштырса жарашат.

380ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 11 монографиясы 14 китеби жарыяланган, илимий жетекчилиги алдында 6 докторду, 15 кандидатты даярдаган.

Мына ушул жогорудагы айтылган ардактуу наамдар, иштеген иштери, тарбиялаган шакирттери, Аманбек Жайнакович физика-математика илимине өз чыйырын салган белгилүү окумуштуу, илимге умтулган чыгаан таланттуу педагог экенин  өзү эле тастыктап айтып турат.

Аманбек Жайнаковичтин дагы бир жакшы сапаты өзүнүн бир туугандарына, жакындарына гана эмес, жардамга зарыгып турган адамдарга колунан келген жардамын көрсөткөндөн аянбайт. Адамдык сапаты, ыйманы өтө жогору, улууга улуудай, кичүүгө кичидей мамиле жасайт, сөзүнө бекем турган, жоопкерчиликтен коркпогон, анын оор жүгүн көтөрө билген, акылман  залкар инсан.

Аманбек Жайнаковичтин өзгөчөлүгү – элден  ак бата алганга чоң маани берет жана өзү да ак ниетинен  ак батасын адамдарга берип келет.   Агай ата-бабалардын батасы тийген, бактылуу адам, үлгүлүү үй-бүлөсүнүн ээси.

3 уул, 1 кыздын бактылуу атасы, 10 небере, 11 чөбөрөнүн сүйкүмдүү чоң атасы, балдардын баардыгы  жогорку билимдүү, үйлүү жайлуу, бала- бакыралуу.  Атасынын жолун жолдоп, илимге умтулган илимпоз балдары: уулу Мирлан — экономика илиминин кандидаты, доцент; небереси Бегимай —  филология илимин кандидаты, доцент.

Аманбек Жайнаковичтин 80 жылдык торколуу тоюу менен куттуктап, чын ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, илимий-педагогикалык иштерине ийгиликтерди каалайм.

Жолчубек Корчубеков,

Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө

 чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

Бөлүшүү

Комментарийлер