ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН 1000 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛАТ
- 02.07.2015
- 0
Улуу аалым Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата «Түрк дүйнөсү: Кеп көркү — тил, ой көркү — сөз» аттуу эл аралык түркологиялык илимий-практикалык конференция ушул жылдын 14-16-августунда Таластагы Кыргыз улуттук «Манас-Ордо» комплексинде өтөт.
Конференция Талас районундагы А.Эсенбекова атындагы орто мектеп жана Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер боюнча лабораториясы тарабынан өткөрүлүп, «Жусуп Баласагын: Кеп көркү — тил, ой көркү — сөз»; «Манас — тарыхый инсан»; «Манас ааламы»; «Жусуп Баласагындын коомдук-философиялык көз караштары» деген багыттарда иш алып барат.
Конференцияга кызыктар жаш илимий изилдөөчүлөр, окуучулар, чыгармачыл мугалимдер жана окумуштуу-педагогдор катыша алышат. Каалоочулар илимий макалаларынын электрондук версиясын ушул жылдын 5-августуна чейин Бишкек шаары, 720040, Эркиндик Бульвары, 25, 21-бөлмөгө же e-mail: [email protected] дарегине жөнөтсө болот.
Поделиться
Комментарии