ЖУМАКАДЫР АГАЙ

  • 18.09.2015
  • 0

Белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору Жумакадыр Дүйшеев агайды Улуттук университетти бүткөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү тааныйт десем аша чапкандык болбос. СССР убагында Кыргыз филологиясында портфелин каадалуу көтөрүп, баскан-турганы эӊ эле ишенимдүү, эр көкүрөк агайды биз, “кичинекей” студенттер, керек болсо ошол КПССтин өзүнөн да коркпойт болуш керек деп ойлочубуз. Бизге бул агай качан сабак берет болду экен деп күтүп жүргөнүбүздө бир күнү дарсканага кирип келип: «Дүйшеев деген мен болом», — деди. Ошондон баштап биз агайдын лекцияларына баш-отубуз менен кирип кеттик. Сөзгө чечен агайдын айткандары күнү бүгүнкүдөй эсибизде.

— Эй молдоке, турмушту, окууну оӊой деп ойлобо! – деп көп айтчу. Көрсө жетимчилик башына эрте түшүп, окуунун азабын тартканын кайдан билиптирбиз. Ошол агайым дале баягысындай тынбай иштеп, китеп жазып жатат.  Жакында агайыбыз эки китептен турган  “Орто мектептеги кыргыз тили, адабияты сабактарында окуучуларды сүйлөөгө жана көркөм окууга үйрөтүүнүн илимий-методикалык негиздери” аттуу методикалык жана программалык эки китеп жазды. Бул окуу куралында кыргыз тилин, адабиятын окутуунун педагогикалык жана дидактикалык маселелери, көркөм окуунун жана сүйлөшүүнүн методикасы, сүйлөө маданиятынын теориялык маселелери, анын ойлоого, аӊ-сезимге байланышы, мектепке үн кубултуп көркөм окуунун адабий методикалык жана дидактикалык талаптары, байланыштуу сүйлөө, текстти көркөм окуудагы эстетикалык өзгөчөлүктөр иликтөөгө алынган. Китеп филологиялык (педагогикалык) окуу жайларынын окутуучулары, аспиранттары жана орто мектептердин мугалимдери үчүн окуу куралы катары сунушталыптыр. Агайыбызды ушундан улам кепке тартканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

— ЖОЖдун мугалимдери алгач мектепке барып иштеп көрүш керек экен. Анткени мектепте окуучулардын жан дүйнөсүн түшүнүп, казанында кайнайсыӊ. Педагогдун башаты ушундан башталышы зарыл деп ойлойм. Биз, албетте, ЖОЖду бүтүп, аспирантураны аяктап, кандидаттыгыбызды жактап, окутуучу болуп калып жатабыз. Мына ушул аспирантурага кирип кетип, окуучулардын жан дүйнөсүн түшүнбөй,  баягы эле лекция окуу менен чектелип жүрөбүз. Лекция деген жалпы маалымат берет. Ал эми практикалык иш өзгөчө маанини туюнтуп, студенттин жан дүйнөсүн, талантын ачуу дегендик эмеспи. Коомдук көрүнүштүн баарын таанып билген адамдын гана өз ою болот. Ал эми көпчүлүк учурда мугалимдерибиз жаттама окутуу менен алек болушат. Мындан бала толук кандуу билим  ала албайт, — дейт агай күйүп-бышып.

Агай өзү Кеминдин Кара-Булак деген айылынан болот. Кара-Булакты музыканттардын айылы деп коюшат. Андан Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов, Кайыргүл Сартбаеванын чыкканы эле эмнени айтып турарын окурман жакшы билер.

— Абдыласка атасы бир мандалин сатып берген экен. Анысы кыштакты жаӊыртып ырдай бергенинен баары жадап турганда “Биз таланттарды издейбиз!” деген конкурс чыкканда, районго Абдыласты ат менен жеткиришиптир. Ошондо баягы ырчы тандагандар “Мына ушул талант!” дегенде тигилер ырас болду, буйруса мындан кутулдук деп ат менен айылды көздөй качышкан экен. Көрдүӊүзбү, талант кантип жаралат. Муну Кара-Булактын суусунан деп коет эл. Кара-Булактын суусу булактай болуп тээ тоонун башынан агат, — дейт агай айылын эскерип.

Жумакадыр агайдын атасы 12 жашында кайтыш болуп, жетимчиликтин азабын жакшы эле тартыптыр. Айылда 7 класстык билими менен жашы 18ге келгенде тракторист болуп жети-сегиз жыл жер айдап, кара майга малыныптыр. Ага чейин суу сугарып, мал багып, түнүндө жылкы күзөтүп, деги койчу, чарбадагы эӊ оор жумуштарды аткарыптыр. Борбордон окуумду улантам деп тилек кылып, айылдык башкармадан суранып жатып жолдомо алып, Фрунзени (азыркы Бишкекке) көздөй жөнөптүр. Шаарга келсе баш калкалар эч кимиси жок темир жол вокзалына түнөп, ал жактан кубаласа тегеректелип кесилген бактын үстүнө уктап, күндүзү вагондон көмүр түшүрүп акча таап, акырында азыркы №5 мектепке учетко олтуруп, андан соӊ ал кездеги Ленин заводунда жумушчу болуп ишке орношуп, кечкисин №6 мектептен 8-9-10-классты бүтүп, ЖОЖго тапшырып өтүп кеткен экен.

— Кара жумушту көргөн киши окууга жанталашаарын ошондо билдим. Окуу дегенде эт бетимен кетип, жакшы окудум. Мени кадимки К.Юдахин,               Б. Юнусалиевдер окутту. Жалаӊ бешке бүткөндүгүмдөн аспирантурага кал, бирок азырынча орун жок, өкмөт кайда жиберсе ошол жерге барып тур деп    Б. Юнусалиев агайым айтты. Ошентип, Ошко бөлүнүп, мени таппай калышсын, андан көрө иштеп акча табайын деген ой менен алыскы айылына кетип калсам, эки жылдан кийин агайым кат жазып, тез кел, орун бошоду дептир. Антип-минтип бир жума өттү эле, чыгайын деп жатсам гезиттен  агайымдын өтүп кеткенин окуп калдым. А киши бир чети менин илимий жетекчим эле, шаарга келгени жаӊы тема алышка туура келди. Ошентип, кыркка чыкканда кандидаттыгымды жактадым. Кийинки илимий жетекчим Токтосун Акматовго ыракмат, мени сүрөп кетти,  — дейт агай өткөндү эскерип.

— Жашоо кыйын болду, өз үйүм жок төрт балам менен квартираларда жүрдүм. Калыстыктын жоктугун кара, 1950-жылдары кытайдан келген уйгурларга Төкөлдөштөн жер берип, байкуш кыргыздарга үй тургай жер жок шаарда тентип, уйгурлардын үйүндө квартирада  жүрдүк. Кийин жөн эле уруксатсыз Төкөлдөшкө үй салып баш калкаладык.

Ал кезде айыл чарба ишине, практикага студенттер менен такай мен барып жүрдүм. Аялым деги үйдө болбойсуӊ, чарба жумуштары сенин маӊдайыӊа жазылды беле деп таӊ калар эле. Анда менин да алым-күчүм кеткен кез келет, элүү жашымда үйдө болом го дедим. Айтканымдай эле 50 жашка чыкканымда союз кулап калды. Барып жер сурасам, Ороктон берди. Ошол жерге үй салдым, беш балалуу болдум. Үстүмдө кудайга шүгүр үй бар деп кубанып калдым. Балдарым кыргыз болсун деп шаардын тиги четинен бул четине  кыргызча мектепке ташыдым. А кезде Фрунзеде үч эле мектеп кыргызча окутчу, — дейт агай.

Жаш кезинде Кенес-Анархайда күнүнө 120 кой кыркып, акча таап, апасына бир чемодан кийим алып келип, батасын алганын, кийин бир үй тургай Бишкекке балдарына деп төрт үй салышып, аларды бутуна тургузганын да кошумчалады агай.

— Баламдын үйүнүн мешин 60ка чыкканда, «атаӊдын алдап-соолап күчүн ал дейт» деп туруп өзүм салып бердим эле, ушу күнгө чейин кышында сонун жылытып келет. Чүй боорундагы Ороктогу үйүмдө 120 түп алма бак, 20 түп алмурутум, дагы башка өсүмдүктөрүм мөмө байлап, багбанчылык менен да тынбай алектенем. Жетимиш жетиге чыгып калдым деп тынып калбай, китептеримди чыгарып жатам. Эмгектерим мугалимдерге жардамын тийгизсе деген максатта атайын окуу программаларын түзүп жатам, — дейт агай.

— Азыр мектепте окуган балдар машине айдап жүрүшөт. Биз бала кезде машине тургай курсагыбыз ачка, кезерип кечке иштеп, азап менен окудук. Айтып жатканым, азыркы балдарга биздин өмүр сабак болсо дегеним. Саргара жортуп, кызара бөртүп, талбаган ак эмгек менен байлыкка, илимге жеттик. Биздин балдар да мээнеттенип, аракеттенип, аз уктап, тынбаган ишке көнүшсө байлыкка, бакубатчылыкка жетишет. Ушуларды көкүрөктөрүнө бекем түйүшсө деген максатта айттым,- деди агай сөзүн жыйынтыктап жатып.

Профессор Жумакадыр Дүйшеев агайдын өмүрү бир эле жаштарга эмес чоӊдорго да сабак, үлгү болчудай. Агайыбыз жалаӊ ак эмгеги менен деле бай жана бакубат, гумандуу жашоого болорун далилдеген чыныгы мугалим.

Майрамбек Токторов, “Кутбилим”          

Поделиться

Комментарии