ЖЕТЕКЧИ, МАМЛЕКЕТТИН КАЗЫНАСЫНА КОЛУӉДУ САЛБА!

  • 15.04.2016
  • 0

Нарын областтык прокуратурасы тарабынан Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу, пара берүү, кызматтык жасалмачылык жана шалаакылык беренелери боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Нарын шаардык сотуна жөнөтүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын облустук прокуратурасы Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку жетекчисине, башкы эсепчисине жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мектеп буюмдарын сатып алуу үчүн тендер өткөрүү жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө буйрук чыгарылган. Бирок аталган бөлүмдүн кызматкерлери тендердик комиссиянын төрагасы жана бир мүчөсү жок эле тендер өткөрүшүп, жыйынтыгында 714 миӊ 435 сомго керектүү товарларды алып келип берүүнү сунуштаган жеке ишкер менен эмес, ошол эле товарды 910 миӊ сомго алып келип бере турган жеке ишкер менен келишим түзүлгөн. Аталган фактыны текшерүү учурунда райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси текшерүүнү токтотуу үчүн Экономикалык уюшкан кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башкармалыгынын кызматкерлерине 50 миӊ сом акча каражатын бир нече ирет сунуштаган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, бөлүм башчысы пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда бул ишти Нарын шаардык соту кароодо.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болсо тендерди өткөрүүгө эч кандай тиешеси жок экендигин жана бардык ишти талаптагыдай жасагандыгын айтат.

— Мен жетекчи катары тендердик комиссияны түзүп, буйрук чыгаргам. Талап боюнча мен ал комиссиянын ишине кийлигише албайм. Тендерди дагы комиссия менин катышуумсуз өткөргөн. Менин бул иште эч кандай тиешем жок, — дейт мурунку жетекчи.

Суракка алынып жаткан райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул иште канчалык күнөөсү бар экендигин сот гана аныктамакчы.

Сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында 2015-жылдын апрель айында атайын мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, билим берүүчү мекемелер бардык сатып алууларды тендер аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү. Ал үчүн мекемелер берүүчүлөргө (подрядчылар) теӊ жана адилет шарттарды түзүп берүүсү жана сатып алууларды электрондук форматта жүргүзүүсү зарыл. Бирок тендерлер жогорудагыдай мыйзам бузуулар менен өткөрүлүп, ал үчүн сот жообуна тартылып  жаткан жетекчилер дагы болууда.

Мисалы, бир жыл мурун Чаткал райондук билим берүү бөлүмүндө дагы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен тендер өткөрүүгө жол берген деген күнөө менен бөлүмдүн жетекчилиги сот жообуна тартылып, натыйжада райондук сот тарабынан он миӊ сом айып салынган.

Алгандын бергени бар

 Билим берүү мекемелеринде каржылык жактан мыйзам бузууларга жол берилип, ал тургай миллиондогон акчалар максатсыз пайдаланылып кетип жаткандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттарында көп эле айтылып жүрөт.  Биз дагы гезитибиздин өткөн санында Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө бир жарым жылда 15 миллион сомдон ашуун акча максатсыз пайдаланылып, ал үчүн тийиштүү кызматкерлер сот жообуна тартылып, башкы эсепчи менен кассирдин эркинен ажыратылганы тууралуу жазган элек.  Сааттардын санын, окуучулардын санын көбөйтүп көрсөтүү, жалган ведомость түзүү, тендерди туура эмес өткөрүү сыяктуу ар кандай амалдар менен мамлекеттик казынадан максатсыз акчалар алынып жаткандыгын тийиштүү органдардын жүргүзгөн текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы дагы көрсөтүп турат.

Бир жыл мурун Чаткал райондук билим берүү бөлүмүндө дагы бир катар каржылык мыйзам бузуулар бар экендигин Эсеп палатасынын түштүк аймактык бөлүмү аныктаган. Анда каржылык мыйзам бузуу 1124,7 миӊ сомду түзсө, кассага 961 миӊ сом жетпей калган. Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, райондук билим берүү бөлүмүнүн кассири финансылык жактан мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн сот жообуна тартылып, бирок соттун чечими чыкканга чейин кассир кассага жетпей калган акчаларды өз убагында кайрадан кириштегендигине байланыштуу, он миӊ сом айып салынган.

Ушундай эле мыйзам бузуулар Сузак районундагы бир катар мектептерде дагы болуп, иш сотко чейин жеткен. Билим берүү жана илим министрлигинин ички аудити 2015-жылы райондогу бир катар мектептерди текшерип, олуттуу мыйзам бузууларды аныктап, ишти тиешелүү органдарга өткөрүп берген. Текшерүү бир эле Т.Темирбаев атындагы мектеп гимназиясында бир жарым жылда бир миллион сомго жакын акча мыйзамсыз чыгымдалгандыгын, 2012-2013-жана 2014-окуу жылынын беш айында сааттардын көлөмү көбөйтүлүп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу бул мектепке эмгек акы үчүн мамлекеттик бюджеттен сегиз жүз миӊ сомдон ашуун каражат негизсиз бөлүнгөндүгүн, андан сырткары ушул эле окуу жылы үчүн мектеп директорунун жана анын орун басарынын, мектептин уюштуруучусунун эмгек акылары дагы белгиленген чектен жогору көрсөтүлүп, жыйынтыгында 87707 сом ашыкча төлөнгөндүгүн аныктаган.

Ушуга окшогон мыйзам бузуулар бул мектептен башка дагы үч мектепте аныкталып, жалпы төрт мектептин иши Жалал-Абад областынын Сузак райондук сотуна өткөрүлгөн. Ш.Абдыраманов атындагы №12 мектептин директору табелди майрам күндөрүн иш күндөрү деп толтуруп, 40 160 сом зыян келтирсе, Б.Шамшиев атындагы №4 орто мектебинин директору дагы табелди майрам күндөрүн иш күндөрү деп толтуруп жана 2012- жана 2013-окуу жылынын жарым жылына тарификацияны мугалимдердин окутуучулук стажына жана айыл жерине кошула турган акчаларды жаӊы жобо боюнча эмес, мурунку эски  табелдердин формасы боюнча көрсөтүп, жалпы 139613 сом мамлекеттик бюджетке зыян келтирген.  Чаӊгыр-Таш атындагы №3 мектептин директору дагы табелди майрам күндөрүн иш күндөрү деп толтуруп, натыйжада 80060 сом зыян алып келген. Бул мектеп жетекчилери мамлекетке алып келген материалдык зыянды өз убагында төлөп бергендиктен, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, ар бири күнөөсүнө жараша айып төлөө жазасын алышкан.

— Биз 2011-жылы чыккан Өкмөттүн токтому менен өз убагында таанышпай калгандыктан айрым бир катачылыктарды кетирип койгонбуз. Билим берүү министрлигине чейин барып, бул иште күнөөбүз жок экендигин далилдеп бердик. Ал эми майрам күндөрүүчүн төлөнүп калган акчаларды өз убагында мамлекетке кайра төлөп бердик,  — дейт Т.Темирбаев атындагы №6 мектеп гимназиясынын директору.

Чолпон Кийизбаева,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии